БОЗ КҮРӨӉ ТОПУРАК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Dilde moved page БОЗКҮРӨӉ ТОПУРАК to БОЗ КҮРӨӉ ТОПУРАК) |
(Айырма жок)
| |
07:54, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
БОЗ КҮРӨӉ ТОПУРАК – кургакчыл субтропик алкагынын бадалдуу тоолорундагы топурак тиби. Ал 1,5–3,5% чиринди, 0,1–0,3% азот, 8— 14% карбонаттан турат. Жогорку катмары жумшагыраак, ал эми ортоӊку катмары өтө чополуу болгондуктан нык келет. Ал кадимки шалбаа, жетилбеген ж-а гипстопуракка бөлүнөт. Закавказьеде, Орто Азияда тоо этектеринде болот. Кыргызстанда ал каралжын боз же күрөӊ карбонаттуу келет. Механикалык курамында оор ж-а чопо минералдар көп болгондуктан сугарганда топурак тез катат. Бирок, беде эгилгенде структурасы кайрадан калыбына келет. Боз көрүң топурактуу жерге пахта, дан өсүмдүктөрү эгилип, жүзүм, өрүк, шабдалы, анар, мисте өстүрүлөт.