БУБЕНОВ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУ́БЕНОВ ''' '''Андрей Леонтьевич''' (Леонидович) – 19-кылымдын биринчи жарымында орус аскер бийлигинин кызматкери. Туулган-өлгөн жылдары тууралуу маалыматтар жок, 1813-жылдан [[Сибирь]] аскер линиясында губерниялык тилмеч жана катчы, 1827-жылдан Сибирь генерал-губернаторунун алдында титулярдык кеңешчи. 1812-жылы күзүндө Сибирь линиясынын башчысы (1807–1815; 1815–1819-жылдары Сибирь генерал-губернатору) генерал-лейтенант (1800) Г. И. Глазенап (1750–1819) Семей чебин текшерүү учурунда (1812) алынган маалыматтарга ылайык [[кыргыздар]]дын мекени аркылуу [[Чыгыш Түркстан]]дагы Аксу шаарына чейин кербен жиберүүнү чечкен. Ошол эле жылы 60 казак-орус отрядын жетектеген сотник И. Старковдун коштоосу менен соода кербени «мурда белгисиз» жол аркылуу алгач [[Ысык-Көл]]дөгү [[бугу уруусу]]нун бийлери Шераалы (Ширали, Шерали) менен Шапактын айылына келишкен. Андан ары сотник И. Старков [[Бедел]] ашуусу жана [[Какшаал]] тоолору менен кербенди Ой-Тал (Уй-Тал) деген кытайлык бекетке чейин узатып кайткан. Алар кайтып келгенден кийинки көрсөтмө-билдирүүнүн негизинде көпөс Миркурбан Ниязов башындагы соода кербени | '''БУ́БЕНОВ ''' ('''Бубеннов''') '''Андрей Леонтьевич''' (Леонидович) – 19-кылымдын биринчи жарымында орус аскер бийлигинин кызматкери. Туулган-өлгөн жылдары тууралуу маалыматтар жок, 1813-жылдан [[Сибирь]] аскер линиясында губерниялык тилмеч жана катчы, 1827-жылдан Сибирь генерал-губернаторунун алдында титулярдык кеңешчи. 1812-жылы күзүндө Сибирь линиясынын башчысы (1807–1815; 1815–1819-жылдары Сибирь генерал-губернатору) генерал-лейтенант (1800) Г. И. Глазенап (1750–1819) Семей чебин текшерүү учурунда (1812) алынган маалыматтарга ылайык [[кыргыздар]]дын мекени аркылуу [[Чыгыш Түркстан]]дагы Аксу шаарына чейин кербен жиберүүнү чечкен. Ошол эле жылы 60 казак-орус отрядын жетектеген сотник И. Старковдун коштоосу менен кербен башы М. Рафаиловдун (кабулдук еврей Махти Рафулла) соода кербени «мурда белгисиз» жол аркылуу алгач [[Ысык-Көл]]дөгү [[бугу уруусу]]нун бийлери Шераалы (Ширали, Шерали) менен Шапактын айылына келишкен. Андан ары сотник И. Старков [[Бедел]] ашуусу жана [[Какшаал]] тоолору менен кербенди Ой-Тал (Уй-Тал) деген кытайлык бекетке чейин узатып кайткан. Алар кайтып келгенден кийинки көрсөтмө-билдирүүнүн негизинде көпөс Миркурбан Ниязов башындагы соода кербени дайындалган жана алар 321 миң рублга бааланган товар менен 1813-жылы август айында кайрадан жолго чыккан. Ушул кербендин ичинде А. Бубенов болуп, ага Сибирь генерал-губернаторунун атынан кыргыз бийлерине кат тапшыруу милдети тагылган. Кербенди октябрь айында [[Шапак]], Шералы, Эшим ж. б. сыяктуу бугу уруусунун бийлери Түп суусунун боюндагы конушунда жылуу маанайда кабыл алган жана ошол жерден аларга кат тапшырылган. Бийлер жооп иретинде көпөстөрдү каалаган жерлерине чейин узатып бара тургандыктарын билдиришкен. Шералы бийдин уулу Ажыбай кербенди Чыгыш Түркстандагы Ак-Сууга бараткан жолдогу Үч-Турпан шаарына чейин узатып барган. Бубенов көпөстөр менен Чыгыш Түркстандан кыргыз конуштарына кайтып келгенден кийин Шералы жана Ниязбек бийлер Сибирь линиясынын башчысы Г. И. Глазенапка кат жазып, өз өкүлдөрүн жөнөтүшкөн. 21-ноябрда Бубенов кыргыз өкүлдөрү [[Качыбек Шераалы уулу]] жана Жакыпбек менен бирге Ысык-Көлдөн чыгып, 1814-жылы 5-январда [[млн]] рубль пайда көрүп, Семей чебине келишкен. Сибирь бийликтери тарабынан кабыл алынган кыргыз өкүлдөрү өзүлөрүнүн конуштары аркылуу Кытайдын Ак-Суу, Кашкар, Тибет, Жаркент шаарларына жана Кашмирге каттаган кербендерге колдоо көрсөтөрүн айтышкан жана өз элинин атынан императордун бийлигине өтүүнү каалагандыктарын билдирүү үчүн Санкт-Петербургга императорго жөнөтүүнү өтүнүшкөн. Борбордун алыстыгына байланыштуу элчилерди Тоболдогу генерал-губернатор кабыл алган. 1815-жылы жайында кыргыз элчилери мекенине кайтышкан. Бубеновдун кыргыз конуштарына келиши 19-кылымдын акырынан бери үзүлүп калган кыргыз-орус байланышын калыбына келтирген. 1824-жылы 31-декабрда бугу уруусунун бийлери [[Акымбек Олжобай уулу]], [[Алгазы Шераалы уулу]], [[Алымбек Жапалак уулу]] баштаган өкүлдөр Семейге келген, андан 1825-жылы январь айында Омскиге барышкан. 1827-жылы 30-мартта Бубенов кыргыз конуштарына кайрадан келген жана аталган элчилерге Батыш Сибирь бийликтеринин белектерин тапшырган. Бубенов бир айдан ашык бугу уруусунун конушунда болуп, алардын турмушу жана ысык-көлдүк кыргыздардын өз ара мамилелери, саясий абалы менен таанышкан. | ||
Ад.: Валиханов Ч. Ч. Соб. соч. в пяти томах. Т. 4. А.-А., 1985; Татары в истории Киргизии. Прошлое и современность: Материалы Междунродной научно-практической конференции. г. Бишкек, 6 июня 2009 г. Б., 2010. | |||
''Т. Асанов.'' | ''Т. Асанов.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:41, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
БУ́БЕНОВ (Бубеннов) Андрей Леонтьевич (Леонидович) – 19-кылымдын биринчи жарымында орус аскер бийлигинин кызматкери. Туулган-өлгөн жылдары тууралуу маалыматтар жок, 1813-жылдан Сибирь аскер линиясында губерниялык тилмеч жана катчы, 1827-жылдан Сибирь генерал-губернаторунун алдында титулярдык кеңешчи. 1812-жылы күзүндө Сибирь линиясынын башчысы (1807–1815; 1815–1819-жылдары Сибирь генерал-губернатору) генерал-лейтенант (1800) Г. И. Глазенап (1750–1819) Семей чебин текшерүү учурунда (1812) алынган маалыматтарга ылайык кыргыздардын мекени аркылуу Чыгыш Түркстандагы Аксу шаарына чейин кербен жиберүүнү чечкен. Ошол эле жылы 60 казак-орус отрядын жетектеген сотник И. Старковдун коштоосу менен кербен башы М. Рафаиловдун (кабулдук еврей Махти Рафулла) соода кербени «мурда белгисиз» жол аркылуу алгач Ысык-Көлдөгү бугу уруусунун бийлери Шераалы (Ширали, Шерали) менен Шапактын айылына келишкен. Андан ары сотник И. Старков Бедел ашуусу жана Какшаал тоолору менен кербенди Ой-Тал (Уй-Тал) деген кытайлык бекетке чейин узатып кайткан. Алар кайтып келгенден кийинки көрсөтмө-билдирүүнүн негизинде көпөс Миркурбан Ниязов башындагы соода кербени дайындалган жана алар 321 миң рублга бааланган товар менен 1813-жылы август айында кайрадан жолго чыккан. Ушул кербендин ичинде А. Бубенов болуп, ага Сибирь генерал-губернаторунун атынан кыргыз бийлерине кат тапшыруу милдети тагылган. Кербенди октябрь айында Шапак, Шералы, Эшим ж. б. сыяктуу бугу уруусунун бийлери Түп суусунун боюндагы конушунда жылуу маанайда кабыл алган жана ошол жерден аларга кат тапшырылган. Бийлер жооп иретинде көпөстөрдү каалаган жерлерине чейин узатып бара тургандыктарын билдиришкен. Шералы бийдин уулу Ажыбай кербенди Чыгыш Түркстандагы Ак-Сууга бараткан жолдогу Үч-Турпан шаарына чейин узатып барган. Бубенов көпөстөр менен Чыгыш Түркстандан кыргыз конуштарына кайтып келгенден кийин Шералы жана Ниязбек бийлер Сибирь линиясынын башчысы Г. И. Глазенапка кат жазып, өз өкүлдөрүн жөнөтүшкөн. 21-ноябрда Бубенов кыргыз өкүлдөрү Качыбек Шераалы уулу жана Жакыпбек менен бирге Ысык-Көлдөн чыгып, 1814-жылы 5-январда млн рубль пайда көрүп, Семей чебине келишкен. Сибирь бийликтери тарабынан кабыл алынган кыргыз өкүлдөрү өзүлөрүнүн конуштары аркылуу Кытайдын Ак-Суу, Кашкар, Тибет, Жаркент шаарларына жана Кашмирге каттаган кербендерге колдоо көрсөтөрүн айтышкан жана өз элинин атынан императордун бийлигине өтүүнү каалагандыктарын билдирүү үчүн Санкт-Петербургга императорго жөнөтүүнү өтүнүшкөн. Борбордун алыстыгына байланыштуу элчилерди Тоболдогу генерал-губернатор кабыл алган. 1815-жылы жайында кыргыз элчилери мекенине кайтышкан. Бубеновдун кыргыз конуштарына келиши 19-кылымдын акырынан бери үзүлүп калган кыргыз-орус байланышын калыбына келтирген. 1824-жылы 31-декабрда бугу уруусунун бийлери Акымбек Олжобай уулу, Алгазы Шераалы уулу, Алымбек Жапалак уулу баштаган өкүлдөр Семейге келген, андан 1825-жылы январь айында Омскиге барышкан. 1827-жылы 30-мартта Бубенов кыргыз конуштарына кайрадан келген жана аталган элчилерге Батыш Сибирь бийликтеринин белектерин тапшырган. Бубенов бир айдан ашык бугу уруусунун конушунда болуп, алардын турмушу жана ысык-көлдүк кыргыздардын өз ара мамилелери, саясий абалы менен таанышкан.
Ад.: Валиханов Ч. Ч. Соб. соч. в пяти томах. Т. 4. А.-А., 1985; Татары в истории Киргизии. Прошлое и современность: Материалы Междунродной научно-практической конференции. г. Бишкек, 6 июня 2009 г. Б., 2010.
Т. Асанов.