КАЙСЕРИ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЙСЕРИ</b> – Түркиянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Кайсери илинин административдик борбору. Эржияс жанар­тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1050 <i>м</i> бийикте жайгашкан. Калкы | <b type='title'>КАЙСЕРИ</b> – Түркиянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Кайсери илинин административдик борбору. Эржияс жанар­тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1050 <i>м</i> бийикте жайгашкан. Калкы 1,4 млн (2024). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Ал­гачкы тургун жайлар б. з. ч. 3-миң жылдыкта пайда боло баштаган. 1064-жылы селжук султаны Алп-Арслан тарабынан басып алынып, Коний (Рум) султандыгынын маанилүү борборуна ай­ланган. 1243-жылы моңголдор ээлеген, 1515-жылы Ос­мон империясынын курамына кирген. Шаардын байыркы бөлүгү византия дубалдары (6-кылым) м-н курчалган. Борбордук бөлүгүндө бедестан (1497), көптөгөн мечиттер, медреселер, Гевхер-Несибе медицина борбору, Хунат-хатун комплекси, мавзо­лейлер, музейлер, университет (1978), жогорку мектеп (1893) ж. б. бар. Машина куруу (самолёт ж-а автомобилдерге тетиктер, тиричилик техника­лары), металлургия, электр-техника, тамак-аш, тек­стиль, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүк (килем токуу, алтын зер буюмдарды жасоо) өнүккөн. Туризмдин (тоо лыжа спорту, альпинизм, жөө жүрүш, рафтинг) борбору. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
03:40, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЙСЕРИ – Түркиянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Кайсери илинин административдик борбору. Эржияс жанартоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1050 м бийикте жайгашкан. Калкы 1,4 млн (2024). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Алгачкы тургун жайлар б. з. ч. 3-миң жылдыкта пайда боло баштаган. 1064-жылы селжук султаны Алп-Арслан тарабынан басып алынып, Коний (Рум) султандыгынын маанилүү борборуна айланган. 1243-жылы моңголдор ээлеген, 1515-жылы Осмон империясынын курамына кирген. Шаардын байыркы бөлүгү византия дубалдары (6-кылым) м-н курчалган. Борбордук бөлүгүндө бедестан (1497), көптөгөн мечиттер, медреселер, Гевхер-Несибе медицина борбору, Хунат-хатун комплекси, мавзолейлер, музейлер, университет (1978), жогорку мектеп (1893) ж. б. бар. Машина куруу (самолёт ж-а автомобилдерге тетиктер, тиричилик техникалары), металлургия, электр-техника, тамак-аш, текстиль, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүк (килем токуу, алтын зер буюмдарды жасоо) өнүккөн. Туризмдин (тоо лыжа спорту, альпинизм, жөө жүрүш, рафтинг) борбору.