КАЙЕННА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЙЕ́ННА</b> – Гвиананын (франциялык) административдик борбору, шаар. Кайенна дарыясы Атлантика океанына куйган жерде жайгашкан. Калкы | <b type='title'>КАЙЕ́ННА</b> – Гвиананын (франциялык) административдик борбору, шаар. Кайенна дарыясы Атлантика океанына куйган жерде жайгашкан. Калкы 63,9 миң (2022; агло­мерациясында 100 миңден ашык). Деңиз порту [жылына 650 миң т (сыртка негизинен консер­валанган креветка, ром, жыгач чыгарат; 2006) контейнер терминалы]. Эл аралык аэропорту бар. Кайеннаны 1643-жылы француздар Ла-Равардье деген ат м-н негиздеген. 1777-жылдан азыркыдай аталып, шаар статусуна ээ. 1817-жылы толугу м-н Франциянын карамагына өткөн. 18-кылымдын аягы 20-кылымдын 1-жарымынан саясий сүргүнгө айдал­чу жер катары пайдаланып келди. Колониялык доордун курулуштары (креолдордун үйлөрү) сак­талып калган. Институттар (анын ичинде Пастердин, Гвиа­на илим-изилдөө), Гвиана Антил университетинин филиалы, китепканалар, музейлер бар. Шаардагы эмгек­ке жарамдуу калктын 85% тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Ром өндүрүлөт. Тамак-аш (деңиз продуктуларын консервалоо), жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Жыл сайын январдан ап­релге чейин дүйнөдөгү эң ири карнавалдардын бири өткөрүлөт. Кайеннадан 50 <i>км</i> алыстыкта Куру космос борбору ж-а космодрому (1968; Франция юрисдикциясында турат) жайгашкан. | ||
05:44, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЙЕ́ННА – Гвиананын (франциялык) административдик борбору, шаар. Кайенна дарыясы Атлантика океанына куйган жерде жайгашкан. Калкы 63,9 миң (2022; агломерациясында 100 миңден ашык). Деңиз порту [жылына 650 миң т (сыртка негизинен консерваланган креветка, ром, жыгач чыгарат; 2006) контейнер терминалы]. Эл аралык аэропорту бар. Кайеннаны 1643-жылы француздар Ла-Равардье деген ат м-н негиздеген. 1777-жылдан азыркыдай аталып, шаар статусуна ээ. 1817-жылы толугу м-н Франциянын карамагына өткөн. 18-кылымдын аягы 20-кылымдын 1-жарымынан саясий сүргүнгө айдалчу жер катары пайдаланып келди. Колониялык доордун курулуштары (креолдордун үйлөрү) сакталып калган. Институттар (анын ичинде Пастердин, Гвиана илим-изилдөө), Гвиана Антил университетинин филиалы, китепканалар, музейлер бар. Шаардагы эмгекке жарамдуу калктын 85% тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Ром өндүрүлөт. Тамак-аш (деңиз продуктуларын консервалоо), жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Жыл сайын январдан апрелге чейин дүйнөдөгү эң ири карнавалдардын бири өткөрүлөт. Кайеннадан 50 км алыстыкта Куру космос борбору ж-а космодрому (1968; Франция юрисдикциясында турат) жайгашкан.