КАТМАНДУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАТМАНДУ&#769; – </b>Непал Королдугунун борбору
<b type='title'>КАТМАНДУ&#769; – </b>Непал Королдугунун борбору (1769-жылдан), шаар. Катманду анчолунун (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Гималайдын тоо аралык өрөөнүндө, Жомолунгма (Эверест, 8848 <i>м</i>) чокусуна жакын жайгашкан. Калкы 911,1 миң (2009; агломерациясында 1,6 млн).
(1769-жылдан), шаар. Катманду анчолунун (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Гималайдын тоо аралык өрөөнүндө, Жомолунгма (Эверест, 8848 <i>м</i>) чокусуна жакын жайгашкан. Калкы 911,1 миң (2009; агломерациясында 1,6 млн).


[[File:КАТМАНДУ64.png | thumb | Катмандуга жакын жердеги дүйнөдөгү эң ири будда пагодасы.]]
[[File:КАТМАНДУ64.png | thumb | Катмандуга жакын жердеги дүйнөдөгү эң ири будда пагодасы.]]
Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. К-ну 723-ж. Непал монархы Гунакамадев негиздеп, Лалитпурдан борборду көчүрүп келген. Алгач Кантипур деп аталган. Шаардын негизги бөлү&shy;гүндө 17–18-к-дын мүнөздөрү сакталган. Борб.
Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Катмандуну 723-жылы Непал монархы Гунакамадев негиздеп, Лалитпурдан борборду көчүрүп келген. Алгач Кантипур деп аталган. Шаардын негизги бөлү&shy;гүндө XVII–XVIII кылымдардын мүнөздөрү сакталган. Борбордук бөлүгүндө классицизм стилиндеги Нараянхити-Дарбар король ак сарайы (XX кылымдын башы), Катх-Мандир жыгач пагодасы (1596), Бхимсен муна&shy;расы (1825) жана башка ак сарайлар жана «Хануман Дхока» (XV–XVIII кылымдар), Пашупатинатх (XIII кылым) храм&shy;дар комплекси, неоклассика стилиндеги ак са&shy;райлар (XX кылымдын башы) жаана башкалар бар. Катманду өрөөнүнүн архитектуралык эстеликтери (800дөн ашык) <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тизмесине кирги&shy;зилген. Шаарда көптөгөн кустардык көркөм өнөрканалар (зер жана жасалга-колдонмо өнөр буюмдары, карапа; килем токуу), жеңил [булгаары–бут-кийим, текстиль (кебез кездеме), жут жана кийим тигүү], тамак-аш (кант), фармацев&shy;тика (дары чөптөрдүн негизинде), курулуш ма&shy;териалдар (цемент, кыш, черепица) өнөр жай ишка&shy;налары иштейт.
бөлүгүндө классицизм стилиндеги Нараянхити- Дарбар король ак сарайы (20-к-дын башы), Катх- Мандир жыгач пагодасы (1596), Бхимсен муна&shy;расы (1825) ж. б. ак сарайлар ж-а «Хануман
Дхока» (15–18-к.), Пашупатинатх (13-к.) храм&shy;дар комплекси, неоклассика стилиндеги ак са&shy;райлар (20-к-дын башы) ж. б. бар. Катманду
өрөөнүнүн арх-ралык эстеликтери (800дөн ашык) <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тизмесине кирги&shy;зилген. Шаарда көптөгөн кустардык көркөм
өнөрканалар (зер ж-а жасалга-колдонмо өнөр буюмдары, карапа; килем токуу), жеңил [бул-


 
Катманду – өлкөнүн ири маданий жана илимий борбору. Король академиясы, университеттер, кол&shy;леждер, китепканалар (анын ичинде ири «Бир лайбре&shy;ри», XIV кылым; байыркы миниатюралуу кол жазма&shy;лар топтому, китеп сакталуучу жайында непал, невари, санскрит жана башка тилдердеги 15 миңден ашык кол жазмалар сакталып турат (пальма жалбырагына жазылган эң байыркы кол жаз&shy;мага 1600 жыл), музейлер (анын ичинде улуттук, нумизматика), театр бар. Буддисттердин диний борбору. Катмандуда орто кылымдын курулуштары сак&shy;талып, кыш менен жыгачтан салынган 2–3 ка&shy;баттуу үйлөр менен кууш көчөлөр басымдуу. Шаар&shy;дын борбордук бөлүгүндө Тундикхел аянты, андан алыс эмес Непал королдорунун Нараянхити-Дарбар ак сарайы жайгашкан. Шаар жер ти&shy;тирөөдөн (өтө катуу 1833, 1934) жабыркаган.<br>Катманду  – туризмдин дүйнөлүк борборлорунун бири.<br>Театр фестивалдары, Түштүк Азия оюндары (1984, 1999) өткөрүлүп турат. Катмандунун чет жакасынан мармар казылып алынат.
гаары–бут-кийим, текстиль (кебез кездеме), жут
ж-а кийим тигүү], тамак-аш (кант), фармацев&shy;тика (дары чөптөрдүн негизинде), курулуш ма&shy;териалдар (цемент, кыш, черепица) ө. ж. ишка&shy;налары иштейт. К. – өлкөнүн ири маданий ж-а
ил. борбору. Король академиясы, ун-ттер, кол&shy;леждер, китепканалар (а. и. ири «Бир лайбре&shy;ри», 14-к.; байыркы миниатюралуу кол жазма&shy;лар топтому, китеп сакталуучу жайында непал, невари, санскрит ж. б. тилдердеги 15 миңден ашык кол жазмалар сакталып турат (пальма жалбырагына жазылган эң байыркы кол жаз&shy;мага 1600 жыл), музейлер (а. и. улуттук, ну&shy;мизматика), театр бар. Буддисттердин диний борбору. К-да о. кылымдын курулуштары сак&shy;талып, кыш м-н жыгачтан салынган 2–3 ка&shy;баттуу үйлөр м-н кууш көчөлөр басымдуу. Шаар&shy;дын борб. бөлүгүндө Тундикхел аянты, андан алыс эмес Непал королдорунун Нараянхити- Дарбар ак сарайы жайгашкан. Шаар жер ти&shy;тирөөдөн (өтө катуу 1833, 1934) жабыркаган.<br>
К. – туризмдин дүйнөлүк борборлорунун бири.<br>
Театр фестивалдары, Түш. Азия оюндары (1984, 1999) өткөрүлүп турат. К-нун чет жакасынан мрамор казылып алынат.
[[Категория:4-том, 154-203 бб]]
[[Категория:4-том, 154-203 бб]]

04:48, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАТМАНДУ́ – Непал Королдугунун борбору (1769-жылдан), шаар. Катманду анчолунун (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Гималайдын тоо аралык өрөөнүндө, Жомолунгма (Эверест, 8848 м) чокусуна жакын жайгашкан. Калкы 911,1 миң (2009; агломерациясында 1,6 млн).

Катмандуга жакын жердеги дүйнөдөгү эң ири будда пагодасы.

Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Катмандуну 723-жылы Непал монархы Гунакамадев негиздеп, Лалитпурдан борборду көчүрүп келген. Алгач Кантипур деп аталган. Шаардын негизги бөлү­гүндө XVII–XVIII кылымдардын мүнөздөрү сакталган. Борбордук бөлүгүндө классицизм стилиндеги Нараянхити-Дарбар король ак сарайы (XX кылымдын башы), Катх-Мандир жыгач пагодасы (1596), Бхимсен муна­расы (1825) жана башка ак сарайлар жана «Хануман Дхока» (XV–XVIII кылымдар), Пашупатинатх (XIII кылым) храм­дар комплекси, неоклассика стилиндеги ак са­райлар (XX кылымдын башы) жаана башкалар бар. Катманду өрөөнүнүн архитектуралык эстеликтери (800дөн ашык) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирги­зилген. Шаарда көптөгөн кустардык көркөм өнөрканалар (зер жана жасалга-колдонмо өнөр буюмдары, карапа; килем токуу), жеңил [булгаары–бут-кийим, текстиль (кебез кездеме), жут жана кийим тигүү], тамак-аш (кант), фармацев­тика (дары чөптөрдүн негизинде), курулуш ма­териалдар (цемент, кыш, черепица) өнөр жай ишка­налары иштейт.

Катманду – өлкөнүн ири маданий жана илимий борбору. Король академиясы, университеттер, кол­леждер, китепканалар (анын ичинде ири «Бир лайбре­ри», XIV кылым; байыркы миниатюралуу кол жазма­лар топтому, китеп сакталуучу жайында непал, невари, санскрит жана башка тилдердеги 15 миңден ашык кол жазмалар сакталып турат (пальма жалбырагына жазылган эң байыркы кол жаз­мага 1600 жыл), музейлер (анын ичинде улуттук, нумизматика), театр бар. Буддисттердин диний борбору. Катмандуда орто кылымдын курулуштары сак­талып, кыш менен жыгачтан салынган 2–3 ка­баттуу үйлөр менен кууш көчөлөр басымдуу. Шаар­дын борбордук бөлүгүндө Тундикхел аянты, андан алыс эмес Непал королдорунун Нараянхити-Дарбар ак сарайы жайгашкан. Шаар жер ти­тирөөдөн (өтө катуу 1833, 1934) жабыркаган.
Катманду – туризмдин дүйнөлүк борборлорунун бири.
Театр фестивалдары, Түштүк Азия оюндары (1984, 1999) өткөрүлүп турат. Катмандунун чет жакасынан мармар казылып алынат.