КАТАПУЛЬТА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАТАПУ́ЛЬТА</b> ( | <b type='title'>КАТАПУ́ЛЬТА</b> (латынча catapulta, грекче kata – ыл­дый жана раllein – ыргытуу дегенден) – 1) кый­раткыч нерселерди (жумуру таш, учталган ус­тун, өрттөнмө челек жана башкалар) чыйратылган серпил­гич аркандын жардамы менен ыргытуучу байыр­кы аскер куралы. Анын ыргытуу алыстыгы 250–850 <i>м</i>ге жеткен. Байыркы гректер жана рим­диктер катапультаны сепилдер менен чептерди алууда пай­даланган; 2) кемелердин палубасынан кыска ара­лыкта самолёт, планер жана башка учуучу аппарат­тарга баштапкы (старттык) ылдамдык берүүчү түзүлүш; 3) зарыл учурда учуп жүргөн учкучту же космонавтты отурган орундугу менен кошо автоматтык түрдө серпип (катапульталап) чы­гаруучу курулма. Катапульталанган учкуч же космонавт жерге парашют менен түшөт; 4) механизмдерди сыноодо, катапульталоо ыкмаларын иштеп чыгууда, уч­кучтар менен космонавттардын ашыкча күч келүүлөргө машыктырууда колдонулуучу жер үстүндөгү курулма. | ||
250–850 <i>м</i>ге жеткен. Байыркы гректер | |||
үстүндөгү курулма. | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
09:06, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАТАПУ́ЛЬТА (латынча catapulta, грекче kata – ылдый жана раllein – ыргытуу дегенден) – 1) кыйраткыч нерселерди (жумуру таш, учталган устун, өрттөнмө челек жана башкалар) чыйратылган серпилгич аркандын жардамы менен ыргытуучу байыркы аскер куралы. Анын ыргытуу алыстыгы 250–850 мге жеткен. Байыркы гректер жана римдиктер катапультаны сепилдер менен чептерди алууда пайдаланган; 2) кемелердин палубасынан кыска аралыкта самолёт, планер жана башка учуучу аппараттарга баштапкы (старттык) ылдамдык берүүчү түзүлүш; 3) зарыл учурда учуп жүргөн учкучту же космонавтты отурган орундугу менен кошо автоматтык түрдө серпип (катапульталап) чыгаруучу курулма. Катапульталанган учкуч же космонавт жерге парашют менен түшөт; 4) механизмдерди сыноодо, катапульталоо ыкмаларын иштеп чыгууда, учкучтар менен космонавттардын ашыкча күч келүүлөргө машыктырууда колдонулуучу жер үстүндөгү курулма.