КАСЫМБЕКОВ Төлөгөн: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page КАСЫМБЕКОВ to КАСЫМБЕКОВ Төлөгөн) |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАСЫМБЕКОВ</b> Төлөгөн (15. 1. 1931, азыркы Жа­лал-Абад | <b type='title'>КАСЫМБЕКОВ</b> '''Төлөгөн''' (15. 1. 1931, азыркы Жа­лал-Абад облусу, Аксы району, Ак-Жол айылы –16. 6. 2011, Бишкек, сөөгү Кой-Таш айылына коюлган) – | ||
[[File:КАСЫМБЕКОВ51.png | thumb | none]] | [[File:КАСЫМБЕКОВ51.png | thumb | none]] | ||
жазуучу, коомдук ишмер, Кыргыз | жазуучу, коомдук ишмер, Кыргыз эл жазуучусу (1986), КРдин Баатыры (2007). 1957-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1957–60-жылы «Кыр­гызокуупедмамбаста» редак­тор, 1960–73-жылы «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, жооптуу секретарь, башкы редактор, 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана ки­теп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор, 1974–81-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий кеңешчи, 1987-жылдан автордук укуктар боюнча бүткүл союздук агенттиктин Кыргызстандагы бөлүмү­нүн директору, 1990–94-жылы Кыргызстандын эркин жазуу­чулар союзунун төрагасы болуп иштеген. Алгач­кы аңгемеси «Кичинекей жылкычы» 1952-жылы жарыкка чыккан. 1956-жылы «Жылкычынын уулу» аттуу алгачкы жыйнагы жарык көргөн. Жазуучунун алгачкы аңгемелери балдарга ар­налган. Автобиографиялык негизде жазылган «Туулган жер» (1958) жыйнагында элеттик калктын кулк-­мүнөзү көрсөтүлөт. «Жетим» (1958), «Адам бол­гум келет» (1961) повесттеринде жаш муун өкүлдөрүнүн калыптануусу, турмуштан өз жо­лун табуу аракети сүрөттөлөт. Касымбековдун чыгармачылыгы­нын өзөгүн түзгөн тарыхый темадагы алгачкы тажрыйбасы «Алымкан» (1966) драмасы болуп эсептелет. Анда демократ акын Т. Сатылганов­дун тагдырына байланыштуу эл ичинде леген­дага айланган окуя мүмкүн болушунча акын­дын биографиясына жакын, реалдуу маалымат­тардын негизинде чагылдырылган. Жазуучунун чыгармачылык жолунда окурмандардын кеңири чөйрөсүнүн көңүлүн бурган чоң ийгилиги – «Сын­ган кылыч» тарыхый романы (1-китеп 1966; толугу менен – 1971). Романда 19-кылымдын 2-жары­мындагы Фергана, Алай, Анжиян, Аксы аймак­тарындагы кыргыздардын турмуш-тиричилиги жана саясий-социалдык абалы сүрөттөлөт. Чы­гарманын көркөм курулушунда эки катмарды бөлүп көрсөтүүгө болот: биринчиси – Му­сулманкул, Исхак өңдөнгөн бектер, уруу баш­чылары уюштурган жортуулдар, кагылыштар,кандуу салгылаштар; экинчиси – Сарыбай, Теңир­берди, Мадыл, Кулкиши сыяктуу карапайым калк өкүлдөрүнүн турмуш-тиричилиги. Бул эки сюжеттик чынжыр бирде өз алдынча өнүгүп, бир­де кесилишип турат. Феодалдык төбөлдөр уюш­турган кагылыштар жөнөкөй элдин кызыкчы­лыктарына караманча жат болгон жана алардын тагдырына залакасын тийгизип, трагедия алып келген. Романда Кокон хандыгынын ордосун­дагы мамиле, улут тагдыры, коомдук процесс­тин өсүп-өнүгүшүн шарттаган тарыхый окуялар чагылдырылган. Чыгарма коммунисттик идео­логия тушунда кысымга учурап, эгемен заман­да оңдолуп, алымча-кошумчаланган варианты окуялардын, каармандардын көркөм-тарыхый жүзүн ачуучу маанилүү бөлүктөр менен толук­талып, 1998-жылы жарыкка чыккан. Касымбеков «Сынган кылыч» романына улай «Келкел» (1986), «Бас­кын» (2000) тарыхый үчилтиктин бөлүмдөрүн, улуттук каада-салт, таалим-тарбия, өкүмзор бийлик тушунда канаты кайрылгандардын тур­мушун баяндаган «Жетилген курак» (1976) ро­манын, Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга көмөк көрсөткөн ички иштер кызматкерлери­нин ишмердигин чагылдырган «Ак кызмат» (1980) тарыхый очеркин жарыялады. Аталган чыгармалардын арасынан «Келкел» тарыхый романы Кыргызстанда 20-кылымдын 20–30-жылдарында Совет бийлигин куруу учурундагы окуяларды чагылдырууга арналган. «Алай ханышасы» Курманжан датка, тоо булбулу Токтогул, Кы­зыл аскерлердин Түркстандагы кол башчысы М. Фрунзенин көркөм образдары аркылуу ав­тор Кыргызстанга жаңы бийликтин орношунун та­таал, карама-каршылыктуу учурун баяндайт. «Баскын» кыргыздардын көөнө тарыхына ар­налган. Анын «Алымкан», «Курманжан датка» драмалары театр сахнасында коюлган. «Сын­ган кылыч» тарыхый романы үчүн КРдин Ток­тогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган (2000). Чы­гармалары дүйнөнүн 65 тилине которулган. | ||
бүтүргөн. 1957–60- | |||
журналында бөлүм башчы, жооптуу секретарь, башкы редактор, 1973- | |||
кеңешчи, 1987-жылдан | |||
өкүлдөрүнүн калыптануусу, турмуштан өз жо­лун табуу аракети сүрөттөлөт. | |||
чөйрөсүнүн көңүлүн бурган чоң ийгилиги – «Сын­ган кылыч» тарыхый романы (1-китеп 1966; толугу | |||
КР Жогорку Кеңешинин депутаты (1990–95). «Даңк» медалы, I даражадагы Манас ордени менен сыйланган. | |||
КР Жогорку Кеңешинин депутаты (1990–95). | |||
«Даңк» медалы, I даражадагы Манас ордени | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
03:31, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАСЫМБЕКОВ Төлөгөн (15. 1. 1931, азыркы Жалал-Абад облусу, Аксы району, Ак-Жол айылы –16. 6. 2011, Бишкек, сөөгү Кой-Таш айылына коюлган) –

жазуучу, коомдук ишмер, Кыргыз эл жазуучусу (1986), КРдин Баатыры (2007). 1957-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1957–60-жылы «Кыргызокуупедмамбаста» редактор, 1960–73-жылы «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, жооптуу секретарь, башкы редактор, 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор, 1974–81-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий кеңешчи, 1987-жылдан автордук укуктар боюнча бүткүл союздук агенттиктин Кыргызстандагы бөлүмүнүн директору, 1990–94-жылы Кыргызстандын эркин жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген. Алгачкы аңгемеси «Кичинекей жылкычы» 1952-жылы жарыкка чыккан. 1956-жылы «Жылкычынын уулу» аттуу алгачкы жыйнагы жарык көргөн. Жазуучунун алгачкы аңгемелери балдарга арналган. Автобиографиялык негизде жазылган «Туулган жер» (1958) жыйнагында элеттик калктын кулк-мүнөзү көрсөтүлөт. «Жетим» (1958), «Адам болгум келет» (1961) повесттеринде жаш муун өкүлдөрүнүн калыптануусу, турмуштан өз жолун табуу аракети сүрөттөлөт. Касымбековдун чыгармачылыгынын өзөгүн түзгөн тарыхый темадагы алгачкы тажрыйбасы «Алымкан» (1966) драмасы болуп эсептелет. Анда демократ акын Т. Сатылгановдун тагдырына байланыштуу эл ичинде легендага айланган окуя мүмкүн болушунча акындын биографиясына жакын, реалдуу маалыматтардын негизинде чагылдырылган. Жазуучунун чыгармачылык жолунда окурмандардын кеңири чөйрөсүнүн көңүлүн бурган чоң ийгилиги – «Сынган кылыч» тарыхый романы (1-китеп 1966; толугу менен – 1971). Романда 19-кылымдын 2-жарымындагы Фергана, Алай, Анжиян, Аксы аймактарындагы кыргыздардын турмуш-тиричилиги жана саясий-социалдык абалы сүрөттөлөт. Чыгарманын көркөм курулушунда эки катмарды бөлүп көрсөтүүгө болот: биринчиси – Мусулманкул, Исхак өңдөнгөн бектер, уруу башчылары уюштурган жортуулдар, кагылыштар,кандуу салгылаштар; экинчиси – Сарыбай, Теңирберди, Мадыл, Кулкиши сыяктуу карапайым калк өкүлдөрүнүн турмуш-тиричилиги. Бул эки сюжеттик чынжыр бирде өз алдынча өнүгүп, бирде кесилишип турат. Феодалдык төбөлдөр уюштурган кагылыштар жөнөкөй элдин кызыкчылыктарына караманча жат болгон жана алардын тагдырына залакасын тийгизип, трагедия алып келген. Романда Кокон хандыгынын ордосундагы мамиле, улут тагдыры, коомдук процесстин өсүп-өнүгүшүн шарттаган тарыхый окуялар чагылдырылган. Чыгарма коммунисттик идеология тушунда кысымга учурап, эгемен заманда оңдолуп, алымча-кошумчаланган варианты окуялардын, каармандардын көркөм-тарыхый жүзүн ачуучу маанилүү бөлүктөр менен толукталып, 1998-жылы жарыкка чыккан. Касымбеков «Сынган кылыч» романына улай «Келкел» (1986), «Баскын» (2000) тарыхый үчилтиктин бөлүмдөрүн, улуттук каада-салт, таалим-тарбия, өкүмзор бийлик тушунда канаты кайрылгандардын турмушун баяндаган «Жетилген курак» (1976) романын, Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга көмөк көрсөткөн ички иштер кызматкерлеринин ишмердигин чагылдырган «Ак кызмат» (1980) тарыхый очеркин жарыялады. Аталган чыгармалардын арасынан «Келкел» тарыхый романы Кыргызстанда 20-кылымдын 20–30-жылдарында Совет бийлигин куруу учурундагы окуяларды чагылдырууга арналган. «Алай ханышасы» Курманжан датка, тоо булбулу Токтогул, Кызыл аскерлердин Түркстандагы кол башчысы М. Фрунзенин көркөм образдары аркылуу автор Кыргызстанга жаңы бийликтин орношунун татаал, карама-каршылыктуу учурун баяндайт. «Баскын» кыргыздардын көөнө тарыхына арналган. Анын «Алымкан», «Курманжан датка» драмалары театр сахнасында коюлган. «Сынган кылыч» тарыхый романы үчүн КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган (2000). Чыгармалары дүйнөнүн 65 тилине которулган.
КР Жогорку Кеңешинин депутаты (1990–95). «Даңк» медалы, I даражадагы Манас ордени менен сыйланган.