КАРЫН ЗИЛИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРЫН ЗИЛИ</b> – | <b type='title'>КАРЫН ЗИЛИ</b> – карындын былжыр челинин без­дери бөлүп чыгаруучу түссүз, кычкыл суюктук. Анын курамында ферменттер, туз кислотасы, был­жыр, минерал туздар болот. Ферменттер та­мак сиңирүүгө катышат. Туз кислотасы тамак-ашты жумшартып, ферменттерди активдештирет, мик­роорганизмдерди өлтүрүп, уйку безинин фер­мент иштеп чыгаруусуна, тамак сиңирүүчү гор­мондордун пайда болуусуна түрткү берет. Карын зилинде туз кислотасынын аз же көп болушу анын кыч­кылдуулугун аныктайт. Карын зили тамак ичпей тур­ганда бөлүнөт. Тамак оозго же карынга түш­көндө же адам тамакты көргөндө, жытын сез­генде, тамак жөнүндө сөз болгондо да бөлүнө баш­тайт. Тамактын жагымсыз жыты же түрү анын бөлүнүшүн токтотот же азайтат. Карын зилинин кура­мын изилдөө ооруну аныктоого жардам берет. | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
08:32, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРЫН ЗИЛИ – карындын былжыр челинин бездери бөлүп чыгаруучу түссүз, кычкыл суюктук. Анын курамында ферменттер, туз кислотасы, былжыр, минерал туздар болот. Ферменттер тамак сиңирүүгө катышат. Туз кислотасы тамак-ашты жумшартып, ферменттерди активдештирет, микроорганизмдерди өлтүрүп, уйку безинин фермент иштеп чыгаруусуна, тамак сиңирүүчү гормондордун пайда болуусуна түрткү берет. Карын зилинде туз кислотасынын аз же көп болушу анын кычкылдуулугун аныктайт. Карын зили тамак ичпей турганда бөлүнөт. Тамак оозго же карынга түшкөндө же адам тамакты көргөндө, жытын сезгенде, тамак жөнүндө сөз болгондо да бөлүнө баштайт. Тамактын жагымсыз жыты же түрү анын бөлүнүшүн токтотот же азайтат. Карын зилинин курамын изилдөө ооруну аныктоого жардам берет.