КАРТЕЛЬ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРТЕ́ЛЬ</b> (фр. саrtel, ит. саrtello, carta – кагаз, документ) – | <b type='title'>КАРТЕ́ЛЬ</b> (фр. саrtel, ит. саrtello, carta – кагаз, документ) – экономикалык ж-а юридикалык жактан бири-би­рине көз каранды эмес ишканалардын көбүрөөк пайда көрүү үчүн экономикалык биригүү формасы. Картелге бириккендер өндүрүш көлөмүн жөнгө салуу, бирдей базар бааларын орнотуу, өндүрүлгөн про­дукцияны өткөзүү, жумушчу күчүн жалдоо ж. б. боюнча макулдашышып, келишим түзүшөт. Картелге кирген бардык ишканалар өзүнүн өндүрүштүк ж-а коммерциялык өз алдынчалыгын сактап калат. Картелге бирдей продукция өндүргөн ишка­налар биригет. Картель базар экономикасында моно­полиялык көзөмөлгө ээ болгондуктан, көбүнчө көмүскө түрдө түзүлөт. Алар көбүнчө кыска уба­кытка түзүлүп, туруксуз болот. | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
03:29, 5 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРТЕ́ЛЬ (фр. саrtel, ит. саrtello, carta – кагаз, документ) – экономикалык ж-а юридикалык жактан бири-бирине көз каранды эмес ишканалардын көбүрөөк пайда көрүү үчүн экономикалык биригүү формасы. Картелге бириккендер өндүрүш көлөмүн жөнгө салуу, бирдей базар бааларын орнотуу, өндүрүлгөн продукцияны өткөзүү, жумушчу күчүн жалдоо ж. б. боюнча макулдашышып, келишим түзүшөт. Картелге кирген бардык ишканалар өзүнүн өндүрүштүк ж-а коммерциялык өз алдынчалыгын сактап калат. Картелге бирдей продукция өндүргөн ишканалар биригет. Картель базар экономикасында монополиялык көзөмөлгө ээ болгондуктан, көбүнчө көмүскө түрдө түзүлөт. Алар көбүнчө кыска убакытка түзүлүп, туруксуз болот.