КАРОЛИНА АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРОЛИ́НА АРАЛДАРЫ</b> – Тынч океандын ба­тыш бөлүгүндөгү архипелаг, Микронезияда. | <b type='title'>КАРОЛИ́НА АРАЛДАРЫ</b> – Тынч океандын ба­тыш бөлүгүндөгү архипелаг, Микронезияда. Каролина аралдарында Микронезия Федерация штаттары (Борбордук ж-а Чыгыш Каролина аралдары: Косрае, Понпеи, Трук, | ||
Яп) ж-а Палау | Яп) ж-а Палау Республикасы жайгашкан. 1–10° түндүк кең­диктин ж-а 131–163° чыгыш узундуктарынын аралыгында жайгашкан 936 аралдан (же арал­дар тобунан) турат. Жалпы аянты 1320 <i>км</i><sup>2</sup>. Калкы 100 миңден ашуун (2000). Жанар тоодон пайда болгон ири аралдары (бийиктиги 791 <i>м</i>ге чейин): Бабелтуап, Понапе, Кусаие, Яп, Трук. Фосфат кендери бар. Климаты экватордук ж-а субэкватордук. Дайыма жашыл тропик токою, саванна өсөт. Тропиктик дыйканчылык өнүк­көн. Балык кармалат. Каролина аралдарында европалыктар­дан алгачкы жолу 1528-жылы испан деңиз саякат­чысы А. де Сааведра болгон. Испан королу Карл IIнин урматына аталган. | ||
аралыгында жайгашкан 936 аралдан (же арал­дар тобунан) турат. Жалпы аянты 1320 <i>км</i><sup>2</sup>. Калкы 100 миңден ашуун (2000). | |||
чейин): Бабелтуап, Понапе, Кусаие, Яп, Трук. | |||
IIнин урматына аталган. | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
07:33, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРОЛИ́НА АРАЛДАРЫ – Тынч океандын батыш бөлүгүндөгү архипелаг, Микронезияда. Каролина аралдарында Микронезия Федерация штаттары (Борбордук ж-а Чыгыш Каролина аралдары: Косрае, Понпеи, Трук, Яп) ж-а Палау Республикасы жайгашкан. 1–10° түндүк кеңдиктин ж-а 131–163° чыгыш узундуктарынын аралыгында жайгашкан 936 аралдан (же аралдар тобунан) турат. Жалпы аянты 1320 км2. Калкы 100 миңден ашуун (2000). Жанар тоодон пайда болгон ири аралдары (бийиктиги 791 мге чейин): Бабелтуап, Понапе, Кусаие, Яп, Трук. Фосфат кендери бар. Климаты экватордук ж-а субэкватордук. Дайыма жашыл тропик токою, саванна өсөт. Тропиктик дыйканчылык өнүккөн. Балык кармалат. Каролина аралдарында европалыктардан алгачкы жолу 1528-жылы испан деңиз саякатчысы А. де Сааведра болгон. Испан королу Карл IIнин урматына аталган.