КАРИБ КРИЗИСИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРИ́Б КРИЗИСИ</b> (1962) – эл аралык кризис, | <b type='title'>КАРИ́Б КРИЗИСИ</b> (1962) – эл аралык кризис, СССР м-н АКШ ортосундагы мамиленин өтө курчушунан улам ядролук согуш коркунучунун келип чыгышы. Куба революциясынын жеңиши (1959) өкмөттүн АКШга көз каранды болбогон саяса­ты, ошондой эле Куба СССР м-н тыгыз мамиле түзүшү АКШ м-н Кубанын ортосундагы мамилени кур­чуткан. АКШ 1959-жылдын башынан эле Куба­га саясий ж-а экономикалык кысым жасап, диверсант­тарды жиберип, Кубанын шаарларын бомбалап, Түркия м-н Италияга ракеталарын жайгаштыр­ган. 1961-жылы апрелде америкалык аскерлер Плая-Хи­ронго кол салып, Кубанын куралдуу күчтөрүнөн талкаланган. Бирок АКШнын башкаруучулары Кубага кастыгын токтотпогон соң, Куба өкмөтү СССРден жардам сураган. 1962-жылы 24-майда КПСС БКнын Президиумунун чечими м-н СССР Куба революциясын коргоо үчүн АКШга жооп катары Куба аймагына ракеталарын жайгаштыра баш­таган. Эки мамлекеттин тирешүүсү согуш кор­кунучун туудуруп, Куба кризисине алып келген. Куба кризисин саясий ж-а дипломатиялык жолдор м-н жөнгө салууну БУУнун Коопсуздук комитетинин мүчөлөрү сунуш­таган. 1962-жылы октябрь–ноябрь айларында Куба өкүлдөрү ж-а БУУнун Генералдык секретары ка­тышкан АКШ ж-а СССРдин ортосунда сүй­лөшүүлөрдө кризисти жөнгө салуу маселеси ка­ралып, АКШ өкмөтү Кубага каршы экономикалык кы­сымдарды токтотуп, кол салбоого убада берген. Натыйжада, СССР Кубадан, АКШ Түркиядан өз ракеталарын ж-а аскер техникаларын чыгарган. 1963-жылы 7-январда эки тараптык сүйлөшүүлөр­дөн кийин СССРдин тышкы иштер министри­нин 1-орун басары В. В. Кузнецов ж-а АКШнын өкүлү Э. Стивенсон Куба кризиси толугу м-н жөнгө салынгандыгы жөнүндө БУУнун секретары У. Тан­га билдиришкен. | ||
СССР м-н АКШ ортосундагы мамиленин өтө | |||
курчушунан улам ядролук согуш коркунучунун келип чыгышы. Куба | |||
өкмөттүн АКШга көз каранды болбогон саяса­ты, | |||
өкүлдөрү ж-а БУУнун Генералдык секретары ка­тышкан АКШ ж-а СССРдин ортосунда сүй­лөшүүлөрдө кризисти жөнгө салуу маселеси ка­ралып, АКШ өкмөтү Кубага каршы | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
03:48, 2 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРИ́Б КРИЗИСИ (1962) – эл аралык кризис, СССР м-н АКШ ортосундагы мамиленин өтө курчушунан улам ядролук согуш коркунучунун келип чыгышы. Куба революциясынын жеңиши (1959) өкмөттүн АКШга көз каранды болбогон саясаты, ошондой эле Куба СССР м-н тыгыз мамиле түзүшү АКШ м-н Кубанын ортосундагы мамилени курчуткан. АКШ 1959-жылдын башынан эле Кубага саясий ж-а экономикалык кысым жасап, диверсанттарды жиберип, Кубанын шаарларын бомбалап, Түркия м-н Италияга ракеталарын жайгаштырган. 1961-жылы апрелде америкалык аскерлер Плая-Хиронго кол салып, Кубанын куралдуу күчтөрүнөн талкаланган. Бирок АКШнын башкаруучулары Кубага кастыгын токтотпогон соң, Куба өкмөтү СССРден жардам сураган. 1962-жылы 24-майда КПСС БКнын Президиумунун чечими м-н СССР Куба революциясын коргоо үчүн АКШга жооп катары Куба аймагына ракеталарын жайгаштыра баштаган. Эки мамлекеттин тирешүүсү согуш коркунучун туудуруп, Куба кризисине алып келген. Куба кризисин саясий ж-а дипломатиялык жолдор м-н жөнгө салууну БУУнун Коопсуздук комитетинин мүчөлөрү сунуштаган. 1962-жылы октябрь–ноябрь айларында Куба өкүлдөрү ж-а БУУнун Генералдык секретары катышкан АКШ ж-а СССРдин ортосунда сүйлөшүүлөрдө кризисти жөнгө салуу маселеси каралып, АКШ өкмөтү Кубага каршы экономикалык кысымдарды токтотуп, кол салбоого убада берген. Натыйжада, СССР Кубадан, АКШ Түркиядан өз ракеталарын ж-а аскер техникаларын чыгарган. 1963-жылы 7-январда эки тараптык сүйлөшүүлөрдөн кийин СССРдин тышкы иштер министринин 1-орун басары В. В. Кузнецов ж-а АКШнын өкүлү Э. Стивенсон Куба кризиси толугу м-н жөнгө салынгандыгы жөнүндө БУУнун секретары У. Танга билдиришкен.