КАРЕЛИЯ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
КАРЕ́ЛИЯ , К а р е л Р е с п у б л и к а с ы Россиянын Европа жак бөлүгүнүн | КАРЕ́ЛИЯ , К а р е л Р е с п у б л и к а с ы Россиянын Европа жак бөлүгүнүн түндүк-баты­шында жайгашкан. Түндүк-чыгышын Ак деңиз, түштүгүн Ладога ж-а Онега көлдөрү чулгайт. Батышынан Финляндия м-н чектешет. Аянты 180,5 миң км2. Калкы 693,2 миң (2008). Административдик-аймактык жактан 15 административдик районго, 13 шаарга, 11 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Петрозаводск шаары. Түндүк-Батыш федерация округуна кирет. Мамлекеттик башкаруу бийлигинин органдар система­сы 1978-жылы кабыл алынган конституция тара­бынан аныкталат.
Карелиянын аймагынын басымдуу бөлүгү Феннос­кандиянын чыгышында, Балтика калканынын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Табияты көп же­ринде калктын жашоосу үчүн орточо, түштүгүндө жагымдуу. Экологиялык абалы калк аз отурукташкан түндүк-чыгыш бөлүгүндө салыштырмалуу канаат­тандырарлык, өнөр жайлуу борборунда курч | ||
чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Табияты көп же­ринде калктын жашоосу үчүн орточо, түштүгүндө жагымдуу. | |||
[[File:КАРЕЛИЯ5.png | thumb | Валаам архипелагы.]] | [[File:КАРЕЛИЯ5.png | thumb | Валаам архипелагы.]] | ||
мүнөздө. Жери дөңсөө-мореналуу келип, байыр­кы муз каптоонун издери даана байкалат. Бал­тика ж-а Ак деңиздердин таасиринен абасы нымдуу келип, саздар көп кездешет. Батышын ж-а | мүнөздө. Жери дөңсөө-мореналуу келип, байыр­кы муз каптоонун издери даана байкалат. Бал­тика ж-а Ак деңиздердин таасиринен абасы нымдуу келип, саздар көп кездешет. Батышын ж-а түндүк-батышын Маанселькя кырка тоосу (бийиктиги 578 мге чейин) ээлейт. Дарыялары (27 миңден ашык; ирилери: Кемь, Выг ж. б.) Балтика ж-а Ак деңиздердин алаптарына ки­рет. Республикада 60 миңден ашык көл (аймагынын 18%и) бар. Ирилери: Ладога, Онега. Климаты деңизден континенттикке өтмө. Кышы узак, би­рок салыштырмалуу жумшак. Январдын орточо температурасы –9–14°С, жайы кыска ж-а салкын, температурасы тез төмөндөп, нөшөрлөгөн жамгыр­лар жаайт. Июлдуку 14–16°С. Жылдык жаан­-чачыны 450 ммден 700 ммге чейин. Ийне жал­бырактуу ж-а аралаш токой аймагынын 1/2 бөлүгүндө, көптөгөн дарыя, көлдөрү ж-а суу сак­тагычтары республиканын аймагынын 23 %ин ээлейт. Кандалакша, Кивач ж-а Костомукша корукта­ры уюштурулган. Кен байлыктарынан темир, титан, ванадий, молибден, слюда, алмаз, куру­луш материалдары казылып алынат. Ошондой эле шунгит кенинин запасы табылган.
Калкынын негизин орустар (71,3%) түзөт, ошондой эле карелдер (11%), беларустар, финндер ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 4,4 киши. Динге ишенгендердин көпчүлүгү православныйлар, протестанттар да бар. Шаар калкы 75%. Ири шаарлары: Кондопога, Сеге­жа, Костомукша.
Карелиянын аймагы 9–12-кылымдардын башында Киев Ру­суна, 12-кылымдан Новгород республикасына карап, 1478-жылы Орус мамлекетине кошулган. 1721-жылы аймагы­нын бир бөлүгүн (Карел мойногу, Түндүк Ладога бою) шведдер басып алган. Кийинчерээк Россия­га кайтарылган. 1920-жылы РСФСРдин курамын­да Карел эмгек коммунасы, 1923-жылы июлда Ка­рел АССРи (1940-жылдын 31-мартынан 1956- жылдын 16-июлуна чейин СССРдин курамында Карел-Финн ССРи). 1991-жылдын ноябрынан Карел Республикасы.
Карелия Россияда өнүккөн токой өнөр жай комплекси (кагаздын 20%; кагаз каптардын 60%, 1-орунда; иштетилүүчү жыгачтын 6% ж-а целлюлоза­нын 7,3%, 5-орунда; тактай материалдардын 3,9%, 7-орунда; картондун 2,6%, 9-орунда), те­мир кенин казып алуу (10%) ж-а трактор өндүрүшү м-н (30%ке жакын, токой даярдоочу) айырмаланат. Аймактын дүң продукциясынын көлөмү 34041,4 млн рубль. Андагы өнөр жайдын үлү­шү 41,4%, айыл чарбасыныкы 2,6%. Өнөр жайдын башкы тармактары: токой (өнөр жай түзүмүндөгү үлүшү 45,2%), кара металлургия (12,8%), тамак-аш (12,3%), электр энергетика (14,1%), машина ку­руу (5,4%), түстүү металлургия (5%; алюминий өндүрүшү). Айыл чарбага жарактуу жери 124,3 миң га (жер фондусунун 1%тен азы), анын 50%и ай­доо. Тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, жашылча айдалат. Сүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Үй куштары багылат. Териси баалуу айбанаттар асыралат. Балык кармалат. Авто­мобиль жолунун узундугу 7873,8 км (анын 6673,8 кми асфальтталган), суу жолунуку 3500 км. Онега, Ладога көлдөрүндө, Беломор-Балтика каналын­да ж-а Ак деңизде кеме жүрөт. Ири порттору: Петрозаводск, Медвежьегорск, Кондопога, Сеге­жа, Беломорск. Карелияда Марс суусу (алгачкы орус курорту; 1719-жылдан) ж-а Сортавала курорт­тору бар. Жалпы билим берүүчү 290, кесиптик башталгыч (20) ж-а орто (17) билим берүүчү окуу жайлары, 14 мамлекеттик ЖОЖ (филиалдары м-н), илимий борбор иштейт. Беш театр (анын ичинде музыкалык, куурчак), филармония, 20дай музей (анын ичинде мамлекеттик көркөм искусство, край таануу ж. б.), 4 китепкана бар. «Кижи» мамлекеттик тарыхый-архитектуралык ж-а эт­нографиялык музей-коругу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. | ||
бөлүгүндө, көптөгөн дарыя, көлдөрү ж-а суу сак­тагычтары | |||
Калкынын негизин орустар (71,3%) түзөт, | |||
Ад.: Карелия//Большая Российская Энциклопедия, спец. том. Россия. М., 2004; Карелия//Большая Российская энциклопедия, Т. 12. М., 2009. | |||
Ад.: Карелия//Большая Российская Энциклопедия, | |||
спец. том. Россия. М., 2004; Карелия//Большая Российская энциклопедия, Т. 12. М., 2009. | |||

Т. М. Чодураев.

Т. М. Чодураев.

[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
10:16, 1 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРЕ́ЛИЯ , К а р е л Р е с п у б л и к а с ы Россиянын Европа жак бөлүгүнүн түндүк-батышында жайгашкан. Түндүк-чыгышын Ак деңиз, түштүгүн Ладога ж-а Онега көлдөрү чулгайт. Батышынан Финляндия м-н чектешет. Аянты 180,5 миң км2. Калкы 693,2 миң (2008). Административдик-аймактык жактан 15 административдик районго, 13 шаарга, 11 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Петрозаводск шаары. Түндүк-Батыш федерация округуна кирет. Мамлекеттик башкаруу бийлигинин органдар системасы 1978-жылы кабыл алынган конституция тарабынан аныкталат.
Карелиянын аймагынын басымдуу бөлүгү Фенноскандиянын чыгышында, Балтика калканынын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Табияты көп жеринде калктын жашоосу үчүн орточо, түштүгүндө жагымдуу. Экологиялык абалы калк аз отурукташкан түндүк-чыгыш бөлүгүндө салыштырмалуу канааттандырарлык, өнөр жайлуу борборунда курч

мүнөздө. Жери дөңсөө-мореналуу келип, байыркы муз каптоонун издери даана байкалат. Балтика ж-а Ак деңиздердин таасиринен абасы нымдуу келип, саздар көп кездешет. Батышын ж-а түндүк-батышын Маанселькя кырка тоосу (бийиктиги 578 мге чейин) ээлейт. Дарыялары (27 миңден ашык; ирилери: Кемь, Выг ж. б.) Балтика ж-а Ак деңиздердин алаптарына кирет. Республикада 60 миңден ашык көл (аймагынын 18%и) бар. Ирилери: Ладога, Онега. Климаты деңизден континенттикке өтмө. Кышы узак, бирок салыштырмалуу жумшак. Январдын орточо температурасы –9–14°С, жайы кыска ж-а салкын, температурасы тез төмөндөп, нөшөрлөгөн жамгырлар жаайт. Июлдуку 14–16°С. Жылдык жаан-чачыны 450 ммден 700 ммге чейин. Ийне жалбырактуу ж-а аралаш токой аймагынын 1/2 бөлүгүндө, көптөгөн дарыя, көлдөрү ж-а суу сактагычтары республиканын аймагынын 23 %ин ээлейт. Кандалакша, Кивач ж-а Костомукша коруктары уюштурулган. Кен байлыктарынан темир, титан, ванадий, молибден, слюда, алмаз, курулуш материалдары казылып алынат. Ошондой эле шунгит кенинин запасы табылган.
Калкынын негизин орустар (71,3%) түзөт, ошондой эле карелдер (11%), беларустар, финндер ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 4,4 киши. Динге ишенгендердин көпчүлүгү православныйлар, протестанттар да бар. Шаар калкы 75%. Ири шаарлары: Кондопога, Сегежа, Костомукша.
Карелиянын аймагы 9–12-кылымдардын башында Киев Русуна, 12-кылымдан Новгород республикасына карап, 1478-жылы Орус мамлекетине кошулган. 1721-жылы аймагынын бир бөлүгүн (Карел мойногу, Түндүк Ладога бою) шведдер басып алган. Кийинчерээк Россияга кайтарылган. 1920-жылы РСФСРдин курамында Карел эмгек коммунасы, 1923-жылы июлда Карел АССРи (1940-жылдын 31-мартынан 1956- жылдын 16-июлуна чейин СССРдин курамында Карел-Финн ССРи). 1991-жылдын ноябрынан Карел Республикасы.
Карелия Россияда өнүккөн токой өнөр жай комплекси (кагаздын 20%; кагаз каптардын 60%, 1-орунда; иштетилүүчү жыгачтын 6% ж-а целлюлозанын 7,3%, 5-орунда; тактай материалдардын 3,9%, 7-орунда; картондун 2,6%, 9-орунда), темир кенин казып алуу (10%) ж-а трактор өндүрүшү м-н (30%ке жакын, токой даярдоочу) айырмаланат. Аймактын дүң продукциясынын көлөмү 34041,4 млн рубль. Андагы өнөр жайдын үлүшү 41,4%, айыл чарбасыныкы 2,6%. Өнөр жайдын башкы тармактары: токой (өнөр жай түзүмүндөгү үлүшү 45,2%), кара металлургия (12,8%), тамак-аш (12,3%), электр энергетика (14,1%), машина куруу (5,4%), түстүү металлургия (5%; алюминий өндүрүшү). Айыл чарбага жарактуу жери 124,3 миң га (жер фондусунун 1%тен азы), анын 50%и айдоо. Тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, жашылча айдалат. Сүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Үй куштары багылат. Териси баалуу айбанаттар асыралат. Балык кармалат. Автомобиль жолунун узундугу 7873,8 км (анын 6673,8 кми асфальтталган), суу жолунуку 3500 км. Онега, Ладога көлдөрүндө, Беломор-Балтика каналында ж-а Ак деңизде кеме жүрөт. Ири порттору: Петрозаводск, Медвежьегорск, Кондопога, Сегежа, Беломорск. Карелияда Марс суусу (алгачкы орус курорту; 1719-жылдан) ж-а Сортавала курорттору бар. Жалпы билим берүүчү 290, кесиптик башталгыч (20) ж-а орто (17) билим берүүчү окуу жайлары, 14 мамлекеттик ЖОЖ (филиалдары м-н), илимий борбор иштейт. Беш театр (анын ичинде музыкалык, куурчак), филармония, 20дай музей (анын ичинде мамлекеттик көркөм искусство, край таануу ж. б.), 4 китепкана бар. «Кижи» мамлекеттик тарыхый-архитектуралык ж-а этнографиялык музей-коругу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.
Ад.: Карелия//Большая Российская Энциклопедия, спец. том. Россия. М., 2004; Карелия//Большая Российская энциклопедия, Т. 12. М., 2009.
Т. М. Чодураев.