2-бөлүк 154-бет: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

2-бөлүк 154-бет мындай көрүнүш арбын. Кийинчерээк эки же андан көп сап ыр формасында айтыла башта­ган (мис., Муздаган таштай бол, мүлжүлгөн баш­тай бол! Ичкениң ирим болсун, жегениң желим болсун! Эчкинин сүтүн жутпай кал, энеңдин үнүн укпай кал! ж. б.). Айтылган каргыш багыттал­ган адамдын тагдырына терс таасири тийген учурлар болгон. Каргышты илгертен «касиеттүү» деп эсептелген адамдар айткан. Элдик эпика­лык чыгармалардын (эпостордун, легенда, миф, уламыштардын) тексттеринде (мис., «Манас» үчилтигинде, «Эр Төштүк», «Кожожаш», «Кур­манбек» эпосторунда) каргыш белгилүү бир окуянын андан ары өнүгүшүнө шарт түзөт. Ал түрк тилдүү элдердин фольклорунда да кез­дешет.