КАРА ТЕШИК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА ТЕШИК</b> (black hole) – космостук зор нер­селердин чексиз гравитациялык кысылуусунан (гравитациялык коллапс) пайда болгон космос объектиси. Зор жылдыздар эволюциясынын акыркы стадиясында, анын массасы ж-а бара­бара тартылуу күчү жогорулап, <i>гравитациялык коллапска</i> дуушар болот, | <b type='title'>КАРА ТЕШИК</b> (black hole) – космостук зор нер­селердин чексиз гравитациялык кысылуусунан (гравитациялык коллапс) пайда болгон космос объектиси. Зор жылдыздар эволюциясынын акыркы стадиясында, анын массасы ж-а бара­бара тартылуу күчү жогорулап, <i>гравитациялык коллапска</i> дуушар болот, башкача айтканда анын кысылуу­суна эч бир турукташтыруучу күчтөр каршы тура албайт. Ал учурда нерсенин тыгыздыгы чексизге, ал эми объектинин радиусу нөлгө ум­тулат. Эйнштейндин салыштырмалуулук тео­риясына ылайык кара тешиктин борборунда мейкин­дик м-н убакыттын сингулярдуулугу (чексизди­ги, өзгөчөлүгү) орун алат. Кысылуудан жылдыз­дын бетиндеги гравитациялык талаа чоңоёт, бөлүкчөлөрдүн бөлүнүп чыгышы ж-а нурлануу кыйындайт. Бара-бара андай жылдыздар бир жактуу мембранага, башкача айтканда нурланууну ж-а бөлүк­чөнү ичин көздөй гана тартып, сыртка эч нерсе чыгарбоочу кара тешикке айланат. Аны мейкиндик м-н убакыттын касиеттеринин чукул өзгөрү­шүнөн байкоого болот ж-а ал Шварцшильд ра­диусу деп аталат. К. Шварцшильд 1916-жылы Эйн­штейн теңдемесинин айланбаган кара тешик үчүн так чыгарылышын тапкан ж-а анын ысмында ата­лып калган. 1963-жылы жаңы зеландиялык фи­зик Рой Керр айлануучу кара тешик үчүн Шварцшильд радиусун аныктаган, мисалы, 3 Күн массасындай кара тешик үчүн ал радиус болгону 9 <i>км</i>. Биздин гал­лактикада көптөгөн кара тешик бар. Зор кара тешиктер галлактиканын борборунда жайгашкан. Ал эми өлчөмү атомдукундай кара тешиктер Аалам эволюция­сынын алгачкы фазасында, жогорку тыгыздык­тагы абалда эле пайда болгон деп божомолдо­нот. Кара тешикке жакын келген космос нерселери, өлчөмүнө карабай талкаланып жок болот. | ||
чексизге, ал эми объектинин радиусу нөлгө ум­тулат. Эйнштейндин салыштырмалуулук тео­риясына ылайык | |||
чыгарбоочу | |||
чыгарылышын тапкан ж-а анын ысмында ата­лып калган. 1963- | |||
өлчөмү атомдукундай | |||
өлчөмүнө карабай талкаланып жок болот. | |||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
05:36, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА ТЕШИК (black hole) – космостук зор нерселердин чексиз гравитациялык кысылуусунан (гравитациялык коллапс) пайда болгон космос объектиси. Зор жылдыздар эволюциясынын акыркы стадиясында, анын массасы ж-а барабара тартылуу күчү жогорулап, гравитациялык коллапска дуушар болот, башкача айтканда анын кысылуусуна эч бир турукташтыруучу күчтөр каршы тура албайт. Ал учурда нерсенин тыгыздыгы чексизге, ал эми объектинин радиусу нөлгө умтулат. Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясына ылайык кара тешиктин борборунда мейкиндик м-н убакыттын сингулярдуулугу (чексиздиги, өзгөчөлүгү) орун алат. Кысылуудан жылдыздын бетиндеги гравитациялык талаа чоңоёт, бөлүкчөлөрдүн бөлүнүп чыгышы ж-а нурлануу кыйындайт. Бара-бара андай жылдыздар бир жактуу мембранага, башкача айтканда нурланууну ж-а бөлүкчөнү ичин көздөй гана тартып, сыртка эч нерсе чыгарбоочу кара тешикке айланат. Аны мейкиндик м-н убакыттын касиеттеринин чукул өзгөрүшүнөн байкоого болот ж-а ал Шварцшильд радиусу деп аталат. К. Шварцшильд 1916-жылы Эйнштейн теңдемесинин айланбаган кара тешик үчүн так чыгарылышын тапкан ж-а анын ысмында аталып калган. 1963-жылы жаңы зеландиялык физик Рой Керр айлануучу кара тешик үчүн Шварцшильд радиусун аныктаган, мисалы, 3 Күн массасындай кара тешик үчүн ал радиус болгону 9 км. Биздин галлактикада көптөгөн кара тешик бар. Зор кара тешиктер галлактиканын борборунда жайгашкан. Ал эми өлчөмү атомдукундай кара тешиктер Аалам эволюциясынын алгачкы фазасында, жогорку тыгыздыктагы абалда эле пайда болгон деп божомолдонот. Кара тешикке жакын келген космос нерселери, өлчөмүнө карабай талкаланып жок болот.