КАРАСУК МАДАНИЯТЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРАСУК МАДАНИЯТЫ – </b>коло доорунун | <b type='title'>КАРАСУК МАДАНИЯТЫ – </b>коло доорунун аягындагы археологиялык маданият (биздин заманга чейинки 2-миң жыл­дын аягы –1-миң жылдын башталышы). Карасук маданияты негизинен Түштүк Сибирдин тоолуу райондорунда, Ка­закстанда жана Обь дарыясынын жогорку агымында тараган. Мында эл отурукташкан жайлардын калдыгы жана ар биринде жүздөн ашуун мүрзөсү бар көрүстөндөр калган. Маркумдардын сөөгү таш үкөккө салынып, капталдары таш менен кы­налган тегерек же чарчы мүрзөлөргө көмүлгөн. Карасук маданиятынын уруулары энелик доордон аталык доор­го өтүү мезгилинде жашаган. Алар мал чарба, дыйканчылык менен кесиптенишип, карапа идиш­терин, коло буюмдарын көп жасап, айрымда­рын айбандардын сүрөтү менен кооздошкон. Жез казып алып, аны иштетүүнү да билишкен. Моңголия, Байкал, Батыш Сибирь, Орто Азия калкы менен байланышта болгон. | ||
аягындагы | |||
негизинен | |||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
09:57, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРАСУК МАДАНИЯТЫ – коло доорунун аягындагы археологиялык маданият (биздин заманга чейинки 2-миң жылдын аягы –1-миң жылдын башталышы). Карасук маданияты негизинен Түштүк Сибирдин тоолуу райондорунда, Казакстанда жана Обь дарыясынын жогорку агымында тараган. Мында эл отурукташкан жайлардын калдыгы жана ар биринде жүздөн ашуун мүрзөсү бар көрүстөндөр калган. Маркумдардын сөөгү таш үкөккө салынып, капталдары таш менен кыналган тегерек же чарчы мүрзөлөргө көмүлгөн. Карасук маданиятынын уруулары энелик доордон аталык доорго өтүү мезгилинде жашаган. Алар мал чарба, дыйканчылык менен кесиптенишип, карапа идиштерин, коло буюмдарын көп жасап, айрымдарын айбандардын сүрөтү менен кооздошкон. Жез казып алып, аны иштетүүнү да билишкен. Моңголия, Байкал, Батыш Сибирь, Орто Азия калкы менен байланышта болгон.