КАРАКАС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАРА&#769;КАС</b> – Венесуэла Респ-нын борбору. Өз
<b type='title'>КАРА&#769;КАС</b> – Венесуэла Республикасынын борбору. Өз алдынча федерация округу, административдик бирдикти түзөт.<br>Өлкөнүн түндүгүндө, Каракас өрөөнүндө, Кариб Анд тоолорунун ички бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 900 <i>м</i> бийиктикте, Кариб деңизинин жээгинен 13–14 <i>км</i> алыстыкта жайгашкан. Калкы 2,0 млн (2009; шаар агломерациясында 4,2 млн). Маанилүү жолдор тоому. Каракаска жакын Майке&shy;тия эл аралык аэропорту орун алган. Метропо&shy;литен иштейт. Автомобиль жолдору аркылуу өлкөнүн ири шаарлары (Сьюдад-Боливар ж. б.), Панамерика шоссесинин бир тармагы аркылуу Колумбиянын борбору (Санта-Фе-де-Богота), темир жол түйүндөрү аркылуу Ла-Гуайра порту м-н байланышат. Климаты нымдуу, субэкватордук. Январдын орточо температурасы 19°С, июлдуку 21°С. Жылдык жаан-чачыны 820 <i>мм</i>. Испандар тарабынан 1567-жылы негизделген. 1770-жылдан Венесуэла генерал-капитандыгы&shy;нын, 1830-жылдан көз каранды эмес Венесуэ&shy;ланын борбору. Шаардын архитектурасында заман&shy;бап курулуштар басымдуу. Борбордук П. Боливар аян&shy;тында кафедралуу собор (1664–74), Ыйык Роза саат мунарасы, Ыйык Франсиско чиркөөсү ал-
алдынча Федерация округу адм. бирдикти түзөт.<br>
Өлкөнүн түндүгүндө, Каракас өрөөнүндө, Кариб Анд тоолорунун ички бөлүгүндө, деңиз деңг. 900 <i>м</i> бийиктикте, Кариб деңизинин жээгинен
13–14 <i>км</i> алыстыкта жайгашкан. Калкы 2,0
млн (2009; шаар агломерациясында 4,2 млн). Маанилүү жолдор тоому. К-ка жакын Майке&shy;тия эл аралык аэропорту орун алган. Метропо&shy;литен иштейт. Автомобиль жолдору аркылуу
өлкөнүн ири шаарлары (Сьюдад-Боливар ж. б.), Панамерика шоссесинин бир тармагы аркылуу Колумбиянын борбору (Санта-Фе-де-Богота), т. ж. түйүндөрү аркылуу Ла-Гуайра порту м-н байланышат. Климаты нымдуу, субэкватордук. Январдын орт. темп-расы 19°С, июлдуку 21°С. Жылдык жаан-чачыны 820 <i>мм</i>.
Испандар тарабынан 1567-ж. негизделген.
1770-жылдан Венесуэла генерал-капитандыгы&shy;нын, 1830-жылдан көз каранды эмес Венесуэ&shy;ланын борбору. Шаардын арх-расында заман&shy;бап курулуштар басымдуу. Борб. П. Боливар аян&shy;тында кафедралуу собор (1664–74), Ыйык Роза
саат мунарасы, Ыйык Франсиско чиркөөсү ал-


[[File:КАРАКАС9.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]]
[[File:КАРАКАС9.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]]
тары м-н, улуттук пантеон (1720) ж-а капито&shy;лий (1872–75) сакталган. Ун-т шаарчасы (арх.<br>
тары м-н, улуттук пантеон (1720) ж-а капито&shy;лий (1872–75) сакталган. Университет шаарчасы (арх.<br>К. Вильянуев) <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тиз&shy;месине киргизилген. Каракас – өлкөнүн башкы фи&shy;нансы борборлорунун бири. Ири банктардын штаб-квартиралары, фонд биржасы, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлчүлүктөрү (анын ичинде ЛУКОЙЛдун ж. б.) жайгашкан. NIVEA маркасындагы парфюмерия-косметика каражаттары чыгары&shy;лат. Жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, текстиль, булгаары-бут кийим өнөр жайы өнүккөн. Шаардын четинде автомобиль чогултуучу италиялык FIAT компаниясы иштейт. ИАлар (Венесуэла тил, 1883; улуттук тарых, 1888; медицина, 1904; фи&shy;зика, математика ж-а табигый, 1917; саясат ж-а социалдык), ИИИлер, ири ЖОЖдор (анын ичинде Венесуэла ж-а С. <i>Боливар</i> атындагы университеттер, жогор&shy;ку медицина мектеби, педагогикалык институт ж. б.), музыка ж-а искусство коллеждери, улуттук (1883) ж-а калк ки&shy;тепканалары, улуттук архив (1910), музейлер (анын ичинде илим, археология, Венесуэла куштары&shy;нын коллекциясы ж. б.), С. <i>Боливардын</i> үй-му&shy;зейи, сүрөт галереясы, театрлар («Антенео», дра&shy;ма, балет), филармония, цирк бар. Каракаста клави&shy;шалуу музыкалык аспаптардын ири коллекциясы сак&shy;талган. Жыл сайын заманбап ж-а көөнө (1954- жылдан) латын америкалык музыка фестивалдары өткөрүлөт.
К. Вильянуев) <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тиз&shy;месине киргизилген. К. – өлкөнүн башкы фи&shy;нансы борборлорунун бири. Ири банктардын штаб-квартиралары, фонд биржасы, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлчүлүктөрү (а. и. ЛУКОЙЛ-дун ж. б.) жайгашкан. NIVEA маркасындагы парфюмерия-косметика каражаттары чыгары&shy;лат. Жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, текстиль, булгаары-бут кийим өнөр жай өнүккөн. Шаардын четинде автомобиль чогултуучу итал. FIAT компаниясы иштейт. ИАлар (Венесуэла тил, 1883; улуттук тарых, 1888; мед., 1904; фи&shy;зика, математика ж-а табигый, 1917; саясат ж-а социалдык), ИИИлер, ири ЖОЖдор (а. и. Венесуэла ж-а С. <i>Боливар</i> атн. ун-ттер, Жогор&shy;ку мед. мектеби, пед. ин-т ж. б.), музыка ж-а иск-во коллеждери, улуттук (1883) ж-а калк ки&shy;тепканалары, улуттук архив (1910), музейлер (а. и. илим, археология, Венесуэла куштары&shy;нын коллекциясы ж. б.), С. <i>Боливардын</i> үй-му&shy;зейи, сүрөт галереясы, театрлар («Антенео», дра&shy;ма, балет), филармония, цирк бар. К-да Клави&shy;шалуу муз. аспаптардын ири коллекциясы сак&shy;талган. Жыл сайын заманбап ж-а көөнө (1954- жылдан) латын амер. музыка фестивалдары
өткөрүлөт.
[[Категория:4-том, 101-153 бб]]
[[Категория:4-том, 101-153 бб]]

05:08, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАРА́КАС – Венесуэла Республикасынын борбору. Өз алдынча федерация округу, административдик бирдикти түзөт.
Өлкөнүн түндүгүндө, Каракас өрөөнүндө, Кариб Анд тоолорунун ички бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 900 м бийиктикте, Кариб деңизинин жээгинен 13–14 км алыстыкта жайгашкан. Калкы 2,0 млн (2009; шаар агломерациясында 4,2 млн). Маанилүү жолдор тоому. Каракаска жакын Майке­тия эл аралык аэропорту орун алган. Метропо­литен иштейт. Автомобиль жолдору аркылуу өлкөнүн ири шаарлары (Сьюдад-Боливар ж. б.), Панамерика шоссесинин бир тармагы аркылуу Колумбиянын борбору (Санта-Фе-де-Богота), темир жол түйүндөрү аркылуу Ла-Гуайра порту м-н байланышат. Климаты нымдуу, субэкватордук. Январдын орточо температурасы 19°С, июлдуку 21°С. Жылдык жаан-чачыны 820 мм. Испандар тарабынан 1567-жылы негизделген. 1770-жылдан Венесуэла генерал-капитандыгы­нын, 1830-жылдан көз каранды эмес Венесуэ­ланын борбору. Шаардын архитектурасында заман­бап курулуштар басымдуу. Борбордук П. Боливар аян­тында кафедралуу собор (1664–74), Ыйык Роза саат мунарасы, Ыйык Франсиско чиркөөсү ал-

Шаардын жалпы көрүнүшү.

тары м-н, улуттук пантеон (1720) ж-а капито­лий (1872–75) сакталган. Университет шаарчасы (арх.
К. Вильянуев) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тиз­месине киргизилген. Каракас – өлкөнүн башкы фи­нансы борборлорунун бири. Ири банктардын штаб-квартиралары, фонд биржасы, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлчүлүктөрү (анын ичинде ЛУКОЙЛдун ж. б.) жайгашкан. NIVEA маркасындагы парфюмерия-косметика каражаттары чыгары­лат. Жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, текстиль, булгаары-бут кийим өнөр жайы өнүккөн. Шаардын четинде автомобиль чогултуучу италиялык FIAT компаниясы иштейт. ИАлар (Венесуэла тил, 1883; улуттук тарых, 1888; медицина, 1904; фи­зика, математика ж-а табигый, 1917; саясат ж-а социалдык), ИИИлер, ири ЖОЖдор (анын ичинде Венесуэла ж-а С. Боливар атындагы университеттер, жогор­ку медицина мектеби, педагогикалык институт ж. б.), музыка ж-а искусство коллеждери, улуттук (1883) ж-а калк ки­тепканалары, улуттук архив (1910), музейлер (анын ичинде илим, археология, Венесуэла куштары­нын коллекциясы ж. б.), С. Боливардын үй-му­зейи, сүрөт галереясы, театрлар («Антенео», дра­ма, балет), филармония, цирк бар. Каракаста клави­шалуу музыкалык аспаптардын ири коллекциясы сак­талган. Жыл сайын заманбап ж-а көөнө (1954- жылдан) латын америкалык музыка фестивалдары өткөрүлөт.