КАРАКАЛПАК ТИЛИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРАКАЛПАК ТИЛИ</b> – <i>каракалпактардын</i> | <b type='title'>КАРАКАЛПАК ТИЛИ</b> – <i>каракалпактардын</i> тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. Каракалпак тили түндүк-чыгыш жана түштүк-батыш деп эки диа­лектиге бөлүнөт жана ал диалектилер фонететикалык өзгө­чөлүктөргө ээ. Каракалпак тили үчүн жалпы түрк тилиндеги «ч» жана «ш» тыбыштарынын «ш» жана «с» тыбы­шына алмашылып айтылышы мүнөздүү (мисалы, каш – «кач», бас –«баш»). Бул жагынан ногой, казак тилдерине жакын. Каракалпак тили «л», «д», «т» тыбышта­ры өзүнөн мурда келген үнсүз тыбыштын өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүлбөйт (мисалы, кыргыздар – таштар; казактар – тастар; каракалпактар – тас­лар). Каракалпак тилинде «г», «д» жумшак үнсүздөрүнүн болушу аны түрк тилдеринин огуз тобуна жа­кындатат. Огуз тобу каракалпак тилинин калыптанышына таасир тийгизген. Каракалпак адабий тили Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин калыптанган. Жазуусу 1928-жылга чейин араб алфавитинде, 1928–40-жылдары латын алфавитиндеги жазууда болгон. 1940-жылдан орус алфавитине өткөн. | ||
тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. | |||
«ч» | |||
каш – «кач», бас –«баш»). Бул жагынан ногой, | |||
казак тилдерине жакын. | |||
өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүлбөйт ( | |||
таштар; | |||
Жазуусу 1928- | |||
Ад.: <i>Баскаков Н. А.</i> Каракалпакский язык. М.; Л., 1951–52. Т. 1–2; Современный каракалпакский язык.<br> | |||
Нукус, 1981. | |||
Ад.: <i>Баскаков Н. А.</i> Каракалпакский язык. М.; Л., 1951–52. Т. 1–2; Современный каракалпакский язык.<br>Нукус, 1981. | |||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
03:45, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРАКАЛПАК ТИЛИ – каракалпактардын тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. Каракалпак тили түндүк-чыгыш жана түштүк-батыш деп эки диалектиге бөлүнөт жана ал диалектилер фонететикалык өзгөчөлүктөргө ээ. Каракалпак тили үчүн жалпы түрк тилиндеги «ч» жана «ш» тыбыштарынын «ш» жана «с» тыбышына алмашылып айтылышы мүнөздүү (мисалы, каш – «кач», бас –«баш»). Бул жагынан ногой, казак тилдерине жакын. Каракалпак тили «л», «д», «т» тыбыштары өзүнөн мурда келген үнсүз тыбыштын өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүлбөйт (мисалы, кыргыздар – таштар; казактар – тастар; каракалпактар – таслар). Каракалпак тилинде «г», «д» жумшак үнсүздөрүнүн болушу аны түрк тилдеринин огуз тобуна жакындатат. Огуз тобу каракалпак тилинин калыптанышына таасир тийгизген. Каракалпак адабий тили Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин калыптанган. Жазуусу 1928-жылга чейин араб алфавитинде, 1928–40-жылдары латын алфавитиндеги жазууда болгон. 1940-жылдан орус алфавитине өткөн.
Ад.: Баскаков Н. А. Каракалпакский язык. М.; Л., 1951–52. Т. 1–2; Современный каракалпакский язык.
Нукус, 1981.