ИСТАМБЕКОВА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИСТАМБЕКОВА Жийдеш Ногойбаевна to ИСТАМБЕКОВА over redirect) |
(Айырма жок)
| |
09:09, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИСТАМБЕКОВА Жийдеш Ногойбаевна (10. 5.1923-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Шапак айылы) – терапевт, медицина илимдеринин доктору (1973), профессор (1974). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы (1973). И. К .Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (1946). Талас шаарында участкалык врач (1947–51), Жалал- Абад облустук ооруканасында терапия бөлүмүнүн башчысы (1951–53). 1961-жылдан КММИнин факультеттик терапия кафедрасынын профессору. 80ден ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 1 окуу китеби бар. Негизги эмгектери Кыргызстандын бийик тоолуу шартында өпкөнүн өнөкөт сезгенишинин клиникалык-функциялык өзгөчөлүктөрүн ж-а бийик тоолуу Жети-Өгүз курортунун минералдуу сууларынын жүрөк-кан тамыр системасына тийгизген таасирин изилдөөгө арналган.
Эмг.: Гипертоническая болезнь. Ф., 1968; Хроническая пневмония в горных условиях. Л., 1979; Актуальные вопросы пульмонологии. Б., 1990.