ИЧЕГИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИЧЕГИ</b> – көпчүлүк жаныбарлардын оозунан арткы тешигине чейин созулган тамак сиңирүүчү түтүгү; тамак сиңирүү системасынын карындан кийинки бөлүгү. Жаныбарлардын түйүлдүгүнүн өсүү процессинде  ичеги тышкы чөйрө м-н алгачкы оозу (бластопор) аркылуу байланышкан, баш&shy;тыктай гаструла стадиясында пайда болгон. Омурткасыздардын көбүндө (алгачкы ооздуулар&shy;да) бластопор оозго айланган. Ичеги көңдөй&shy;лүүлөр м-н жалпак курттарда алдыңкы ичеги &shy;кулкун, жумуру курттар ж-а омурткасыз жа&shy;ныбарларда арткы ичеги өсүп чыккан. Омурт&shy;калуу жаныбарларда тамак сиңирүү түтүгү бир нече бөлүктөн турат. Кургакта жашоочу омурт&shy;калууларда ичке ичеги – он эки эли ичеги м-н башталып, ага тамак сиңирүүчү 2 чоң безден – боор ж-а уйку безден жол ачылат. Көпчүлүк ба&shy;лыктарда, жерде-сууда жашоочуларда, сойлоо&shy;чуларда ичке ж-а жоон ичеги өтө кыска болот. Сүт  эмүүчүлөрдө ичеги  узун болуп, даана бөлүктөргө (ичке ичеги ж-а жоон ичеги) бөлүнөт. Жоон ичеги чөп жечүлөрдө узун болуп, түз иченги м-н бүтөт. Ичегинин капталы көбүнчө жылма булчуңдан ту&shy;руп, симпат нерв системасы ж-а жүлүндүн сез&shy;гич нервдери м-н тейленет. Ичегинин былжыр че&shy;линде зил бөлүп чыгаруучу көп сандаган майда бездер болот.  
<b type='title'>ИЧЕГИ</b> – көпчүлүк жаныбарлардын оозунан арткы тешигине чейин созулган тамак сиңирүүчү түтүгү; тамак сиңирүү системасынын карындан кийинки бөлүгү. Жаныбарлардын түйүлдүгүнүн өсүү процессинде  ичеги тышкы чөйрө м-н алгачкы оозу (бластопор) аркылуу байланышкан, баш&shy;тыктай гаструла стадиясында пайда болгон. Омурткасыздардын көбүндө (алгачкы ооздуулар&shy;да) бластопор оозго айланган. Ичеги көңдөй&shy;лүүлөр м-н жалпак курттарда алдыңкы ичеги &shy;кулкун, жумуру курттар ж-а омурткасыз жа&shy;ныбарларда арткы ичеги өсүп чыккан. Омурт&shy;калуу жаныбарларда тамак сиңирүү түтүгү бир нече бөлүктөн турат. Кургакта жашоочу омурт&shy;калууларда ичке ичеги – он эки эли ичеги м-н башталып, ага тамак сиңирүүчү 2 чоң безден – боор ж-а уйку безден жол ачылат. Көпчүлүк ба&shy;лыктарда, жерде-сууда жашоочуларда, сойлоо&shy;чуларда ичке ж-а жоон ичеги өтө кыска болот. Сүт  эмүүчүлөрдө ичеги  узун болуп, даана бөлүктөргө (ичке ичеги ж-а жоон ичеги) бөлүнөт. Жоон ичеги чөп жечүлөрдө узун болуп, түз ичеги м-н бүтөт. Ичегинин капталы көбүнчө жылма булчуңдан ту&shy;руп, симпат нерв системасы ж-а жүлүндүн сез&shy;гич нервдери м-н тейленет. Ичегинин былжыр че&shy;линде зил бөлүп чыгаруучу көп сандаган майда бездер болот.  

Адамдын ичегиси карындан арткы тешикке чейин созулуп, ичке ж-а жоон ичегиден турат. Ичке ичеги ич көңдөйүнүн ортосунда жай&shy;гашкан, узундугу  5–6 <i>м</i>ге жетет. Ал анатомиялык  түзүлүшү боюнча 3 бөлүккө (он эки эли ичеги, ичке ичеги ж-а майлуу ичеги) бөлүнөт. Ичегинин керегеси (кап&shy;талы) үч катмардан турат. Ички былжырлуу кат&shy;мары майда түктөр (ворсинка) м-н капталган. Бул түктөр тамак маңызын сорот. Алардын түбүндө ичеги бездери жайгашат, ал бездер бөлүп чыгарган зил ж-а ферменттердин таасири м-н  карында эрип үлгүрбөгөн белок, май ж-а угле&shy;воддор толук ажырайт. Ичке ичеигинин ортоңку кат&shy;мары сырткы ж-а ички булчуң талчаларынан турат. Булчуң талчалардын ичкиси шакек сы&shy;мал тегерек, сырткысы узунунан жатат. Бул 2 түрдүү булчуң талчаларынын жардамы м-н ичке ичеги толкун сымал жыйрылып ж-а бошоңдоп, ичегини кыймылга келтирет (перистальтика). Ичке ичегинин сырткы бети жылтырак катмар м-н кап&shy;талган. Жоон ичеги ичке ичегиден башталат. Анын узундугу 1,5 <i>м</i>дей. Ичке ичегини алкак сымал айлан&shy;та курчап жатат. Жоон ичегинин башталышы туюк болуп, ич көңдөйүнүн төмөн оң жагынан орун алган. Ошол туюк ылдый жа&shy;гында узундугу 3–7 <i>см</i>дей урчук болуп, ал сокур иче&shy;ги (аппендикс) деп аталат. Ич көңдөйүнүн оң жагындагы мөөндөн жоон ичегинин жогору карай кетүүчү, туура жаткан, төмөн карай кеткен ж-а сигма түрүндөгү бөлүктөрү түз ичегиге (көтөн чу&shy;чук) өтөт. Ичегиде тамак-аштын ажыроо ж-а анын органикалык  ж-а органикалык эмес заттарын, ошондой эле суу, туз ж. б. сиңирүү процесстери жүрөт. Ичке ичегиде белок, май, углевод, нуклеин кислоталары ж. б. фермент&shy;тик ажыроого учурайт. Анда аминкислоталары ж-а моносахариддер сиңет. Жоон ичегиде негизинен тамак калдыктарынын жылышына ж-а коюу&shy;ланышына жараша заң пайда болот. Анда К ж-а В витаминдери пайда болуп, ичке ичегиден калган тамак калдыктарынын суюктугу кайрадан си&shy;ңип, канга өтөт.

[[Категория:3-том, 673-784 бб]]
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]

03:13, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ИЧЕГИ – көпчүлүк жаныбарлардын оозунан арткы тешигине чейин созулган тамак сиңирүүчү түтүгү; тамак сиңирүү системасынын карындан кийинки бөлүгү. Жаныбарлардын түйүлдүгүнүн өсүү процессинде ичеги тышкы чөйрө м-н алгачкы оозу (бластопор) аркылуу байланышкан, баш­тыктай гаструла стадиясында пайда болгон. Омурткасыздардын көбүндө (алгачкы ооздуулар­да) бластопор оозго айланган. Ичеги көңдөй­лүүлөр м-н жалпак курттарда алдыңкы ичеги ­кулкун, жумуру курттар ж-а омурткасыз жа­ныбарларда арткы ичеги өсүп чыккан. Омурт­калуу жаныбарларда тамак сиңирүү түтүгү бир нече бөлүктөн турат. Кургакта жашоочу омурт­калууларда ичке ичеги – он эки эли ичеги м-н башталып, ага тамак сиңирүүчү 2 чоң безден – боор ж-а уйку безден жол ачылат. Көпчүлүк ба­лыктарда, жерде-сууда жашоочуларда, сойлоо­чуларда ичке ж-а жоон ичеги өтө кыска болот. Сүт эмүүчүлөрдө ичеги узун болуп, даана бөлүктөргө (ичке ичеги ж-а жоон ичеги) бөлүнөт. Жоон ичеги чөп жечүлөрдө узун болуп, түз ичеги м-н бүтөт. Ичегинин капталы көбүнчө жылма булчуңдан ту­руп, симпат нерв системасы ж-а жүлүндүн сез­гич нервдери м-н тейленет. Ичегинин былжыр че­линде зил бөлүп чыгаруучу көп сандаган майда бездер болот.

Адамдын ичегиси карындан арткы тешикке чейин созулуп, ичке ж-а жоон ичегиден турат. Ичке ичеги ич көңдөйүнүн ортосунда жай­гашкан, узундугу 5–6 мге жетет. Ал анатомиялык түзүлүшү боюнча 3 бөлүккө (он эки эли ичеги, ичке ичеги ж-а майлуу ичеги) бөлүнөт. Ичегинин керегеси (кап­талы) үч катмардан турат. Ички былжырлуу кат­мары майда түктөр (ворсинка) м-н капталган. Бул түктөр тамак маңызын сорот. Алардын түбүндө ичеги бездери жайгашат, ал бездер бөлүп чыгарган зил ж-а ферменттердин таасири м-н карында эрип үлгүрбөгөн белок, май ж-а угле­воддор толук ажырайт. Ичке ичеигинин ортоңку кат­мары сырткы ж-а ички булчуң талчаларынан турат. Булчуң талчалардын ичкиси шакек сы­мал тегерек, сырткысы узунунан жатат. Бул 2 түрдүү булчуң талчаларынын жардамы м-н ичке ичеги толкун сымал жыйрылып ж-а бошоңдоп, ичегини кыймылга келтирет (перистальтика). Ичке ичегинин сырткы бети жылтырак катмар м-н кап­талган. Жоон ичеги ичке ичегиден башталат. Анын узундугу 1,5 мдей. Ичке ичегини алкак сымал айлан­та курчап жатат. Жоон ичегинин башталышы туюк болуп, ич көңдөйүнүн төмөн оң жагынан орун алган. Ошол туюк ылдый жа­гында узундугу 3–7 смдей урчук болуп, ал сокур иче­ги (аппендикс) деп аталат. Ич көңдөйүнүн оң жагындагы мөөндөн жоон ичегинин жогору карай кетүүчү, туура жаткан, төмөн карай кеткен ж-а сигма түрүндөгү бөлүктөрү түз ичегиге (көтөн чу­чук) өтөт. Ичегиде тамак-аштын ажыроо ж-а анын органикалык ж-а органикалык эмес заттарын, ошондой эле суу, туз ж. б. сиңирүү процесстери жүрөт. Ичке ичегиде белок, май, углевод, нуклеин кислоталары ж. б. фермент­тик ажыроого учурайт. Анда аминкислоталары ж-а моносахариддер сиңет. Жоон ичегиде негизинен тамак калдыктарынын жылышына ж-а коюу­ланышына жараша заң пайда болот. Анда К ж-а В витаминдери пайда болуп, ичке ичегиден калган тамак калдыктарынын суюктугу кайрадан си­ңип, канга өтөт.