ИРРАЦИОНАЛДЫК САН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary Белгилер: Manual revert Көрсөтмөлүү оңдоо |
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
08:53, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИРРАЦИОНАЛДЫК САН – рационалдык эмес (бүтүн же бөлчөк эмес) сан, башкача айтканда а/b (мында а, b бүтүн сандар, b/0) түрүндө туюнтууга мүмкүн болбогон сан. Иррационалдык сан геометриялык түрдө бирдик узундуктагы кесинди м-н ченелбөөчү кесиндинин узундугун туюнтат. Чыныгы иррационалдык сандар Дедекинд кесилиши м-н же мезгилсиз ондук бөлчөк түрүндө туюнтулушу мүмкүн, мисалы, 0,010010001...,2 =1,41 ..., π=3,14...,lg7, сos29°31′ ж. б. иррационалдык катыштардын болушу (мисалы, квадраттын диагоналдарынын анын жактарына болгон катышынын иррационалдуулугу) байыртан эле белгилүү болгон а санынын иррационалдуулугун немис математиги И. Ламберт (1766) аныктаган. Ошондой болсо да ирационалдык сандын так теориясы 19-кылымдын 2-жарымында гана түзүлгөн (немис математиктери Р. Дедекинд, Г. Кантор, К. Вейерштрасс). Иррационалдык сандардын көптүгү эсепсиз. Иррационалдык сан рационалдык эмес алгебралык сан ж-а трансценденттик санга айырмаланат, к. Сан.