ИРИДИЙ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИРИ́ДИЙ</b> (лат. Iridium), Ir – элементтердин мез­гилдик системасынын VIII тобундагы химиялык эле­мент. Платина металлдарына кирет, катар номери 77, атомдук массасы 192,22. Аты гр. iris – көк желе (тузда­ры ар түрдүү түстө). 1804- | <b type='title'>ИРИ́ДИЙ</b> (лат. Iridium), Ir – элементтердин мез­гилдик системасынын VIII тобундагы химиялык эле­мент. Платина металлдарына кирет, катар номери 77, атомдук массасы 192,22. Аты гр. iris – көк желе (тузда­ры ар түрдүү түстө). 1804-жылы англиялык окумуштуу О. Теннант ачкан. Жаратылыштагы иридий турук­туу эки изотоптун аралашмасынан <sup>191</sup><sub>I</sub>r ж-а <sup>193</sup>Ir турат. Балкып эрүү t 2410°С; кайноо t 5300°С; тыгыз­дыгы 22,4 <i>г/см</i><sup>3</sup>. Жер кыртышында массасы боюнча Ir 10–7%ти түзөт. Иридий жез-никель сульфиддүү тоо тектеринде кездешет. Иридий– күмүш түстүү ак, эң катуу металл. Химиялык жактан ж-а коррозияга абдан туруктуу. Кислоталар, «падыша арагы» да ага таасир эте албайт, щелочтордо да эрибейт. 600°Сде кычкылтек м-н, андан жогорку температу­рада F<sub>2</sub>, Cl<sub>2</sub>, Br<sub>2</sub>, S, Se, Te, P м-н аракеттенет. Кычкылдандыруу даражалары +3,+4, кээде +1,+2, +5, +6. Окистеринен туруктуулары Ir<sub>2</sub>O<sub>3</sub>, IrO<sub>3, </sub>хлориддеринен IrCl, IrCl<sub>2</sub>, IrCl<sub>3</sub>, сульфиддеринен IrS, Ir<sub>2</sub>S<sub>3</sub>, IrS<sub>2</sub>, Ir<sub>3</sub>S<sub>8</sub>, комплекстүү бирикмелери­нен 3, 4 валенттүү бирикмелери белгилүү. Иридий жез, никель, осмийлүү концентраттарды иште­түүдөн алынат. Иридий – платина металлдары м-н бирге асыл металл болуп эсептелет. Платина м-н болгон куймасы электроддорду, физикалык, химиялык ж-а хирургиялык аспаптарды, саат тетиктерин жасоо­до, өнөр жай аппараттарынын сырткы бетин кап­тоо үчүн колдонулат. Химиялык туруктуу идиштер­ди жасоодо керектелүүчү Pt, Pb куймаларына кошулат. | ||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
05:19, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИРИ́ДИЙ (лат. Iridium), Ir – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы химиялык элемент. Платина металлдарына кирет, катар номери 77, атомдук массасы 192,22. Аты гр. iris – көк желе (туздары ар түрдүү түстө). 1804-жылы англиялык окумуштуу О. Теннант ачкан. Жаратылыштагы иридий туруктуу эки изотоптун аралашмасынан 191Ir ж-а 193Ir турат. Балкып эрүү t 2410°С; кайноо t 5300°С; тыгыздыгы 22,4 г/см3. Жер кыртышында массасы боюнча Ir 10–7%ти түзөт. Иридий жез-никель сульфиддүү тоо тектеринде кездешет. Иридий– күмүш түстүү ак, эң катуу металл. Химиялык жактан ж-а коррозияга абдан туруктуу. Кислоталар, «падыша арагы» да ага таасир эте албайт, щелочтордо да эрибейт. 600°Сде кычкылтек м-н, андан жогорку температурада F2, Cl2, Br2, S, Se, Te, P м-н аракеттенет. Кычкылдандыруу даражалары +3,+4, кээде +1,+2, +5, +6. Окистеринен туруктуулары Ir2O3, IrO3, хлориддеринен IrCl, IrCl2, IrCl3, сульфиддеринен IrS, Ir2S3, IrS2, Ir3S8, комплекстүү бирикмелеринен 3, 4 валенттүү бирикмелери белгилүү. Иридий жез, никель, осмийлүү концентраттарды иштетүүдөн алынат. Иридий – платина металлдары м-н бирге асыл металл болуп эсептелет. Платина м-н болгон куймасы электроддорду, физикалык, химиялык ж-а хирургиялык аспаптарды, саат тетиктерин жасоодо, өнөр жай аппараттарынын сырткы бетин каптоо үчүн колдонулат. Химиялык туруктуу идиштерди жасоодо керектелүүчү Pt, Pb куймаларына кошулат.