ИРАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИРА&#769;Н</b> , И р а н И с л а м Р е с п у б л и к а &shy;с ы (Жомхурийе Исламийе Иран) (1935-жылга че&shy;йинки расмий аталышы – Персия) – Түштүк-Ба&shy;тыш Азиядагы мамлекет. Түндүк-батышынан Ар&shy;мения, Азербайжан, түндүк-чыгышынан Түркмөн&shy;стан, чыгышынан Афганстан, Пакистан, баты&shy;шынан Ирак, Түркия м-н чектешип, түндүгүнөн

[[File:ИРАН4.png | thumb | none]]Каспий деңизи, түштүгүнөн Оман ж-а Перс бу&shy;луңдары (андагы Кешм, Харк ж. б. аралдар Иранга карайт) м-н чулганат. Аянты 1648 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Калкы 70,5 млн (2006). Борбору – Тегеран ш. Расмий тили – фарсы тили. Акча бирдиги – риал. Административдик-аймактык жактан 30 останга (провин&shy;цияга), остан өз ичинен 324 шахрстанга (облус&shy;ка), шахрстан 740тан ашык бахшка (районго) бөлүнөт; Тегеран м-н Кум шаарлары да остан статусу&shy;на ээ.
[[File:ИРАН4.png | thumb | none]]Каспий деңизи, түштүгүнөн Оман ж-а Перс бу&shy;луңдары (андагы Кешм, Харк ж. б. аралдар Иранга карайт) м-н чулганат. Аянты 1648 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Калкы 92,4 млн (2006). Борбору – Тегеран ш. Расмий тили – фарсы тили. Акча бирдиги – риал. Административдик-аймактык жактан 30 останга (провин&shy;цияга), остан өз ичинен 324 шахрстанга (облус&shy;ка), шахрстан 740тан ашык бахшка (районго) бөлүнөт; Тегеран м-н Кум шаарлары да остан статусу&shy;на ээ.

[[File:ИРАН5.png | thumb | Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)]]
[[File:ИРАН5.png | thumb | Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)]]
18 сап: 18 сап:
[[File:ИРАН8.png | thumb | Армян тайпак тоосу.]]
[[File:ИРАН8.png | thumb | Армян тайпак тоосу.]]

Загрос тоолору. Самолёттон көрүнүшү.
[[File:ИРАН9.png | thumb | none|Загрос тоолору. Самолёттон көрүнүшү.]]
 
[[File:ИРАН9.png | thumb | none]]
тар тармагына 9 объект киргизилген: Арасба&shy;ран, Эржан, Гено, Гүлстан, Хара, Кевир, Урмия көлү, Мианкале жарым аралы, Туран. Эл аралык маани&shy;деги 21 суу-саздуу жер (жалпы аянты 1,5 млн <i>га</i>), коргоого алынган 6 деңиз объектиси бар.  

46 сап: 44 сап:
ж-а питомниктер. Чарбасынын 70%тен ашы&shy;гын 5 <i>га</i>га чейин жери бар (22%) майда чарба&shy;лар түзөт; 5–10 <i>га</i> жери барлар 21,5%, 10–50 <i>га</i> жердүүлөр 44%, 50 <i>га</i>дан ашык жери барлар 12,5% жерди ээлейт. Дыйкан чарбалары 7000ден ашык түрдүү кооперативдерге биригип, айыл чарбасында иштегендердин 80%ин камтыйт. Кооперативдер дыйкандарды жеңилдетилген банк кредиттери, өсүмдүк уруктары, айыл чарба техникасы, отун, керек&shy;телүүчү товарлар м-н камсыз кылып, ошондой эле про&shy;дукцияны сатууну уюштуруп берет. Өлкөнүн айыл  чарбасынын негизги тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү – дан эгинде&shy;ри: буудай (2006–07-жылдарда 12 млн тдан ашык түшүм жыйналган; экспортко да чыгарат), шалы (1,6 млн т; Каспий боюнда), арпа (жылына 3 млн т);

[[File:ИРАН15.png | thumb | Сефид-Руд д-нын өрөөнүндөгү күрүч палдары.]]
[[File:ИРАН15.png | thumb | Сефид-Руд дарыясынын өрөөнүндөгү күрүч палдары.]]
техникалык өсүмдүктөрү: кант кызылча (5 млн т) ж-а балкамыш (5,9 млн; негизги плантациялары Хузстан останында), тамеки (22 миң т), чай (көк чай; 134 миң т; негизинен Каспий бою), пахта аянты кескин кыскарууда, аны негизинен сырт&shy;тан сатып алат. Бакчылык (анар, өрүк, алма, алмурут, цитрус өсүмдүктөрү, шабдаалы, кай&shy;налы, анжир, курма) ж-а жүзүмчүлүк (айрыкча Ширазда) өнүккөн. Картөшкө, жашылча (пияз, баклажан, томат, бадыраң, капуста, сарымсак, калемпир ж. б.), бакча (коон, дарбыз) өсүмдүк&shy;төрү өстүрүлөт. Маанилүү экспорттук айыл чарба то&shy;варлары: анар, курма, мейиз, кактар, мисте, шафран ж. б. Куш чарбалары тез темп м-н өнүгүүдө. Мал чарбасы негизинен эт багытын&shy;да; 2002-жылы 54 млн кой, 26 млн эчки, 9 млн бодо мал, 0,4 млн төө, 0,55 млн буйвол, 0,3 млн жылкы болгон. Каспий боюнда жибекчилик өнүккөн. Каспий деңизинен ж-а Ормуз булуңу&shy;нан балык кармалат.<br>Тейлөө чөйрөсүнүн негизги тармагы – банк&shy; финансы системасы; Иран борбордук банкы, 6 ком&shy;мерциялык, 4 адистешкен банк иштейт; алар негизинен мамлекетке карайт. Майда соодагер&shy;лер ж-а кол өнөрчүлөр синфке (гильдияга) би&shy;риккен. Чекене ж-а дүң сооданын негизги бор&shy;борлору – үстү жабык базарлар. Тарыхый эсте&shy;ликтеринин көптүгүнө карабай чет өлкөлүк ту&shy;ризм анча өнүккөн эмес. Эс алуу туризминин өнүгүүсүнө исламдык чектөөлөр кыйла тоскоол&shy;дук кылат. Жыл сайын Иранга 1,7 млн чет элдик турист келет (алардын 40%и Орто Азия ж-а За&shy;кавказье өлкөлөрүнөн келгендер). Туризмдин негизги түрлөрү: диний-зыяратчылык (борбор&shy;лору: Мешхед, Кум), маданий-таанып билүү (Исфахан, Шираз, Йезд, Тебриз, Тегеран ж. б.). Эң белгилүү деңиздик ден соолук чыңдоо, эс алуу борбору – Киш аралы. Транспорттун негизги түрү – автомобиль жолу, анын жалпы узундугу 179,4 миң <i>км</i> (анын ичинде 120,8 миң <i>км</i>и асфальтталган); негизги автомагистралда&shy;ры: Түркия м-н чек арасы /Базерган – Тебриз – Тегеран – Мешхед – Догхарон/Афганстан м-н чек арасы; Пакистан м-н чек арасы /Захедан – Керман – Йезд – Кум – Хамадан – Хосрови/ Ирак м-н чек арасы; Тегеран – Кум – Исфахан – Шираз. Кийин жогорку ылдамдыкта жүрүүгө ыңгайлуу көптөгөн магистралдар салынган. Темир жолунун узундугу 8,4 миң <i>км</i> (анын 146 <i>км</i>и электр&shy;лештирилген). Ирандын негизги темир жол магистрал&shy;дары: Каспий деңизинин жээгин Перс булуңу м-н туташтырган Трансиран (Бендер-Торке&shy;мен – Тегеран – Бендер-Имам-Хомейни) магист&shy;ралы: Тегеран – Тебриз – Жульфа, Тегеран – Мешхед – Кум – Бад – Исфахан, Бад – Йезд – Бафк – Керман – Бам, Бафк – Бендер-Аббас, Мешхед – Серахс/Түркия м-н чек ара. 2005-жылы Бафк – Мешхед темир жолу курулгандан баштап Борбордук Азия өлкөлөрүнө Перс булуңунун жээгиндеги Бендер-Аббас порту м-н түз байланышууга шарт түзүлдү. Ошондой эле көптөгөн темир жол линиялары куру&shy;лууда. Сыртка кетчү жүктүн 80%и (негизинен нефть ж-а нефть продуктулары, кенташ, ме&shy;талл) деңиз транспорту аркылуу ташылат. Ирандын желеги м-н башка өлкөлөрдүн 130 соода кемеси, ал эми Мальта, Панама, Кипр, Боли&shy;вия ж. б. өлкөлөрдүн желеги м-н Ирандын 33 соода кемеси жүрөт (2007). Негизги порттору: Перс булуңунда – Бендер-Аббас, Бендер-Имам-Хомей&shy;ни, Харк; Каспий деңизинде – Бендер-Энзели, Амир-Абад. Урмия көлүндө кеме жүрөт. Карун дарыясы м-н кеме каттап, Шатт-эль-Араб аркылуу Перс булуңуна чыгат. 321 коммерциялык аэропорту бар. Эл аралык аэропорттору Тегеран, Исфахан, Мешхед, Абадан, Бендер-Аббас, Шираз, Тебриз ш-нда жайгашкан. Мамлекеттик ири авиакомпания&shy;сы – «Iran Air». Жер бети ж-а суу асты м-н өткөн куурларынын жалпы узундугу 34,4 миң <i>км</i>; анын 17,1 миң <i>км</i>и газ кууру, 8,5 миң <i>км</i>и нефть кууру. Негизги нефть куурлары: Ахваз – Эрак – Теге&shy;ран, Гечсаран – Шираз, Агажари – Исфахан – Тегеран, Саркан – Керманшах, Нефт-Шехр – Кер&shy;маншах, Тегеран – Тебриз, Тегеран – Мешхед, Не&shy;ка – Тегеран. Перс булуңунун шельфиндеги кен&shy;дерден нефтини порт терминалдарына жет&shy;кирүүчү куурлар иштейт. Түркияга кеткен экс&shy;порттук газ кууру (Тебриз – Базерган – Анка&shy;ра) бар; Арменияга газ кууру (Тебриз – Мег&shy;ри – Хажаран – Арарат) курулууда (2008). Те&shy;геранда метрополитен иштейт; Шираз, Исфа&shy;хан шаарларында курулууда (2008).<br>Сырткы сооданын көлөмү 108,7 млрд доллар&shy;ды түзөт; анын 63,2 млрды экспортко, 45,5 млрды импортко таандык. Экспорттун негизин (80%тейин) чийки нефть түзөт; ошондой эле сыртка – нефть-химия, химия, автомобиль өнөр жай продук&shy;тулары, газ, килем, жыгач мисте, кара икра ж. б. сатат. Сырттан сырьё ж-а материалдар&shy;ды, өнөр жайы үчүн чала фабрикат, машина, жабдуу, керектөө товарларын, азык-түлүк, дары-дармек сатып алат. Негизги соода шериктери: Япония, Кытай, Түркия, Германия, Италия, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Франция, Нидер&shy;ланд, Россия.  

61 сап: 59 сап:
VIII–XIII кылымдарда аңчылык жана ак сарай кызматчыларынын турмушун чагылдырган дубал оймо-чиймеле&shy;ринен фрагменттер, ошондой эле миниатюралар сак&shy;талган. XV–XVI кылымдарда көркөм сүрөт өнөрүндө миниатюра негизги орун ээлейт (Султан Мухаммед), ки&shy;йинчерээк европалык сүрөт тартуу ыкмаларынын таа&shy;сири байкалат. Севефиддер доорунда (XVI–XVIII кылымдар) ири шаар ансамблдери курулат (Исфахан, Меш&shy;хед, Тебриз). XVII кылымдын 2-жарымында Тебриз, Кашан, Исфахан жана башка эски кол өнөрчүлүк бор&shy;борлорунда түр түшүрүлгөн кездеме (жибек, бар&shy;кыт, парча, атлас) токуу, килем согуу, металл&shy;ды көркөм иштөө улантылган; көркөм сүрөт өнөрүндө акварель менен май боёк живописи пай&shy;да болгон. XX кылымда архитектура жана сүрөт өнөрүндө бир кыйла илгерилөө башталган: жаңы типтеги ме&shy;кемелер, турак жай жана колдонмо өнөрүнүн салт&shy;туу түрлөрү ары өнүгө баштады.<br>Ирандын профессионалдык (классикалык) жана элдик музыкасынын эзелтен келаткан салты бар. Элдик музыканын тесниф (баллада), тера&shy;не (жергиликтүү ыр), касыйда (ода),казал (лирикалык ыр) сыяктуу түрлөрү кеңири тараган. Элдик музыкалык аспаптары – саз, тар (чертме кыл аспап), ке&shy;манча (жаалуу кыл аспап), карнай, зурна (үй&shy;лөмө), зарб (урма). Иран музыкасында XV кылымдан но&shy;та жөнүндө маалымат кездешет. XIX кылымдын 2-жарымынан европалык музыканын таасири тие баштап, Тегеранда Империя колле&shy;жинде музыкалык мектеп негизделген. XX кылымдын 20-жылдары композитор, тарыхчы, Тегеран университетинин профессору Али Наги Вазири улуттук музыканы оку&shy;тууга жол ачып, музыкалык теория жөнүндө китеп жа&shy;зып, Тегеранда улуттук туңгуч музыканттарды даярдоочу мектеп негиздеген. 1930-жылдардын ба&shy;шында Тегеранда музыкалык жогорку мектеп (1940-жылдын акырынан консерватория) жана музыкалык мектеп&shy;тер иштейт. XX кылымдын белгилүү музыканттары, дирижёрлор – Фархат Мешкат, Хешмат Сенже&shy;ра; пианисттер – Г. Эмир Хосрови, Э. Мелик- Эсланян; скрипачтар – Али Форуг, А. Авакян; опера ырчылары – Хосейн Саршар, Менир Ва&shy;кили жана башкалар. Иранда  Рудаки атындагы опера-балет теат&shy;ры (1967), телекөрсөтүү менен филармониянын балет труппасы (1953), симфониялык оркестрлер жана ка&shy;мералык консерватория бар. XX кылымдын 20-жылдарына чейин жер кыдырып оюн көрсөтүүчү актёр-маскарапоздор болгон. 1883-жылы Тегеранда европалык үлгүдөгү театр ачыл&shy;ган. 1920-жылдан кийин тазийе аталган жанр&shy;ды аткаруучуларга тыюу салынып, театрлар жабылгандан кийин театр топтору жана союзда&shy;ры пайда болгон. Эң белгилүү топ Иран коме&shy;дия (1921) Тегеранда биринчи театр мектебин ачкан (1939). 1940-жылдарда Тегеранда бир нече театр ачылып, 1960–1970-жылдар Иран театрынын гүлдөгөн мезгили болду. 1979-жылкы Иран революциясы&shy;нан кийин Тегерандагы варьете театры жабыл&shy;ган, театрда ролдорду аткарууга эркектер гана катышса жана спектаклдердин мазмуну ислам&shy;дын шарттарына туура келсе гана коюуга урук&shy;сат берилген. XX–XXI кылымдардын чегинде салттык театрды жандандыруу менен катар европалык заман&shy;бап тажрыйбаларга да көңүл бурулуп, улуттук салттарды заманбап көйгөйлөр менен айкалыш&shy;тырууга аракеттер болууда.             

Иранда биринчи көркөм тасма «Аби Раби» (режиссёру А. Эханиан) 1929-жылы коюлган. 1954-жылы Ирандын мыкты тасмаларынын бири «Порт уурусу» (режиссёру А. Ширази) тасмасы экранга чыккан. 1970-жыл&shy;дарда кинематографка келген Д. Мехржуи («Уй», 1870; Венеция эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы), Б. Бейзан («Чоочун жана туман» 1974), А. Надери («Танг&shy;сир», 1973) тасмалары дүйнөгө таанылган. Революци&shy;яга чейин кино өнөрү бир топ ийгиликтерге же&shy;тишсе, 1979-жылдан кийин шариаттын жобо&shy;лоруна шайкеш келбеген фильмдерди коюуга тыюу салынган. Кинофильмдердин импорту кыс&shy;картылып, жергиликтүү киностудиялардын продукция&shy;лары цензурадан өткөрүлө баштаган. 1980-жыл&shy;дардан кино өндүрүшү жанданып, Ирандын тасмалары ар кандай эл аралык кинофестивалдарда көптөгөн сыйлыктарга ээ болууда: А. Кияроста&shy;ми, «Алчанын даамы», 1997, Канныда эл аралык кинофестивалдын башкы байгеси; Р. Баниэтимад, «Көгүш жоо&shy;лук», 1995, Локарнодогу эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы; С. Мак&shy;малбаф, «Мектеп доскасы», 2002, Канныдагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы жана башка көркөм тасмалары эл ара&shy;лык кинофестивалда башкы байгелерге та&shy;тыган.<br>Иранда биринчи гезит 1835-жылы басылган. 2006-жылы Иранда 500дөн ашык гезит-журнал чыккан. Не&shy;гизгилери фарсы тилинде («Кейхан», 1942; «Эт&shy;телаат», 1925; «Жомхурийе ислами», 1979; «Аб&shy;рар», 1985), бир катар гезиттер англис тилинде («Техран таймс», 1979) жарык көрөт. Радиоук&shy;туруу 1940-жылы башталган. 2005-жылы 90го жакын радиостанция болгон. Телекөрсөтүү 1950-жыл&shy;дардан иштейт, берүүнү өкмөттүк Радио жанаа те&shy;ле – «Иран Ислам Республикасынын үнү» уюму көзөмөлдөйт. Мамлекеттик Ислам Республикасынын маалымат агенттиги жана башка маалымат борборло&shy;ру иштейт.
Иранда биринчи көркөм тасма «Аби Раби» (режиссёру А. Эханиан) 1929-жылы коюлган. 1954-жылы Ирандын мыкты тасмаларынын бири «Порт уурусу» (режиссёру А. Ширази) тасмасы экранга чыккан. 1970-жыл&shy;дарда кинематографка келген Д. Мехржуи («Уй», 1870; Венеция эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы), Б. Бейзан («Чоочун жана туман» 1974), А. Надери («Танг&shy;сир», 1973) тасмалары дүйнөгө таанылган. Революци&shy;яга чейин кино өнөрү бир топ ийгиликтерге же&shy;тишсе, 1979-жылдан кийин шариаттын жобо&shy;лоруна шайкеш келбеген фильмдерди коюуга тыюу салынган. Кинофильмдердин импорту кыс&shy;картылып, жергиликтүү киностудиялардын продукция&shy;лары цензурадан өткөрүлө баштаган. 1980-жыл&shy;дардан кино өндүрүшү жанданып, Ирандын тасмалары ар кандай эл аралык кинофестивалдарда көптөгөн сыйлыктарга ээ болууда: А. Кияроста&shy;ми, «Алчанын даамы», 1997, Канныда эл аралык кинофестивалдын башкы байгеси; Р. Баниэтимад, «Көгүш жоо&shy;лук», 1995, Локарнодогу эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы; С. Мак&shy;малбаф, «Мектеп доскасы», 2002, Канныдагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы жана башка көркөм тасмалары эл ара&shy;лык кинофестивалда башкы байгелерге та&shy;тыган.<br>Иранда биринчи гезит 1835-жылы басылган. 2006-жылы Иранда 500дөн ашык гезит-журнал чыккан. Не&shy;гизгилери фарсы тилинде («Кейхан», 1942; «Эт&shy;телаат», 1925; «Жомхурийе ислами», 1979; «Аб&shy;рар», 1985), бир катар гезиттер англис тилинде («Техран таймс», 1979) жарык көрөт. Радиоук&shy;туруу 1940-жылы башталган. 2005-жылы 90го жакын радиостанция болгон. Телекөрсөтүү 1950-жыл&shy;дардан иштейт, берүүнү өкмөттүк радио жана те&shy;ле – «Иран Ислам Республикасынын үнү» уюму көзөмөлдөйт. Мамлекеттик Ислам Республикасынын маалымат агенттиги жана башка маалымат борборло&shy;ру иштейт.
 
Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Общий обзор. Юго-Западная Азия. М., 1979; Пустыня. М., 1986; <i>Агеев С. Л.</i> Иран между прошлым и будущим. События. Люди. Идеи. М., 1987; <i>Алексеева Н. Н.</i> Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; <i>Арабаджян А. З.</i> Исламская Республика Иран. Эко&shy;номический потенциал. М., 2002; Деловой Иран в 1999–2002 гг. М., 2002–2004. Т. 1–3; <i>Алиев С. М.</i>
Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Общий обзор. Юго-Западная Азия. М., 1979; Пустыня. М., 1986; <i>Агеев С. Л.</i> Иран между прошлым и будущим. События. Люди. Идеи. М., 1987; <i>Алексеева Н. Н.</i> Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; <i>Арабаджян А. З.</i> Исламская Республика Иран. Эко&shy;номический потенциал. М., 2002; Деловой Иран в 1999–2002 гг. М., 2002–2004. Т. 1–3; <i>Алиев С. М.</i> История Ирана. ХХ в. М., 2004; <i>Луконин В. Г.</i> Ис&shy;кусство Древнего Ирана. М., 1977; <i>Стародуб Т. Х.</i> Сокровища исламской архитектуры. М., 2004; <i>Вино&shy;градов В. С.</i> Классические традиции иранской музы&shy;ки М., 1982; <i>Сагаян Магди Хамед</i>. Современный театр Ирана. М., 2005; <i>Шахов А.</i> Иранской киноре&shy;несанс. Киносенсации: фильмы, люди, события. М., 1996; Иран //Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008.
История Ирана. ХХ в. М., 2004; <i>Луконин В. Г.</i> Ис&shy;кусство Древнего Ирана. М., 1977; <i>Стародуб Т. Х.</i> Сокровища исламской архитектуры. М., 2004; <i>Вино&shy;градов В. С.</i> Классические традиции иранской музы&shy;ки М., 1982; <i>Сагаян Магди Хамед</i>. Современный театр Ирана. М., 2005; <i>Шахов А.</i> Иранской киноре&shy;несанс. Киносенсации: фильмы, люди, события. М., 1996; Иран //Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008.

<i>Ө. Бараталиев, А. Кубатова</i>.
<i>Ө. Бараталиев, А. Кубатова</i>.
[[Категория:3-том, 607-672 бб]]
[[Категория:3-том, 607-672 бб]]

09:14, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ИРА́Н , И р а н И с л а м Р е с п у б л и к а ­с ы (Жомхурийе Исламийе Иран) (1935-жылга че­йинки расмий аталышы – Персия) – Түштүк-Ба­тыш Азиядагы мамлекет. Түндүк-батышынан Ар­мения, Азербайжан, түндүк-чыгышынан Түркмөн­стан, чыгышынан Афганстан, Пакистан, баты­шынан Ирак, Түркия м-н чектешип, түндүгүнөн

Каспий деңизи, түштүгүнөн Оман ж-а Перс бу­луңдары (андагы Кешм, Харк ж. б. аралдар Иранга карайт) м-н чулганат. Аянты 1648 миң км2. Калкы 92,4 млн (2006). Борбору – Тегеран ш. Расмий тили – фарсы тили. Акча бирдиги – риал. Административдик-аймактык жактан 30 останга (провин­цияга), остан өз ичинен 324 шахрстанга (облус­ка), шахрстан 740тан ашык бахшка (районго) бөлүнөт; Тегеран м-н Кум шаарлары да остан статусу­на ээ.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)

Иран – БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл ара­лык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1945), Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (1960), Ислам конференциясы уюмунун (1969) мүчөсү; СААРКта ж-а Шанхай кызматташтык уюмун­да байкоочу статусуна ээ.

Мамлекеттик түзүлүшү. Иран – унитардык мамлекет. Конституциясы 1979-жылы кабыл алын­ган. Башкаруу формасы – Ислам республика­сы. 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин мамлекеттик бийлик бири-бирине көз карандысыз мыйзам чыгаруу, аткаруу ж-а сот бийлиги ар­кылуу жүргүзүлөт. Бийликтин бул үч бутагын өлкө башчысы – Ислам революциясынын башкы же­текчиси көзөмөлдөйт. Ал Аксакалдар кеңеши (дин кызматкерлери) тарабынан өмүрүнүн акы­рына чейин шайланат. Аткаруу бийлигинин ба­шында президент турат, ал министрлер кабине­тин жетектейт. Жогорку мыйзам чыгаруу орга­ны – Ислам кеңешинин жыйыны (межлис). Иранда европалык типтеги расмий саясий партиялар жок, партия деп атаган саясий кыймылдар бар, алар дээрлик ислам идеологиясына таянат. Не­гизгилери: «Абадгарян» («Жаратмандар»), «Кү­рөшчүл динаятчылар коому», «Күрөшчүл мол­долор жыйыны».

Табияты. Ирандын көп бөлүгү Иран тайпак тоо­сунун аймагында жайгашкан; анын ички бөлү­гүн – бөксө тоолор ж-а Деште-Кевир, Деште- Лут ж. б. чөлдөр жайгашкан бийик түздүктөр ээлейт. Түндүгүндө Каспий деңизинен ойдуңдуу кууш тилке аркылуу бөлүнгөн Эльбурс кырка

Деште-Лут чөлү.

тоосу (бийиктиги 5671 мге чейин, Демавенд жанартоосу – Ирандын эң бийик жери), түндүк-ба­тышында Армян тайпак тоосунун чыгыш бөлүгү, түш.-батышы м-н түштүгүндө Ирандын ички аймактарын Месопотамия ойдуңунан ж-а Араб деңизинен бөлүп турган Загрос тоо систе­масы (бийиктиги 4548 мге чейин, Зерд-Кух чоку­су) ж-а Түштүк Иран тоолору, Перс ж-а Оман бу­луңдарын бойлой Гермсир чөлү жайгашкан.
Өлкөнүн түндүгү м-н чыгышын Түркмөн-Хора­сан ж-а Чыгыш Иран тоолору ээлейт. Ирандын аймагы Альп-Гималай геосинклиналь (кыймыл­дуу) алкагында жайгашкан. Борбордук бөлүгүндө кембрийге чейин пайда болгон айрым тоо мас­сивдери (Борбордук Иран, Борбордук Чыгыш Иран, Лут) биригип, Борбордук Иран плитасын түзөт. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүнүн климаты субтропиктик кон-

Ирандын түндүгүндөгү Эльбурс тоолору.

тиненттик; Перс ж-а Оман булуңдарын жээк­тей ысык тропиктик. Кышы түндүгүндө ж-а ички аймактарында серүүн (январдын орточо температурасы түндүгүндө 0°Сден төмөн, Тегеранда 2°Сге че­йин), түштүгүндө жылуу (Перс булуңунун жээ­гинде январдын орточо температурасы 22–25°С). Кы­шында Ирандын түндүгүнө Орто Азия ж-а Сибирден соккон муздак аба абанын температурасын –25°Сге чейин төмөндөтөт. Жайында бардык жеринде ысык; июлдун орточо температурасы 29– 32°С. Өлкөнүн ички аймактарында ж-а түштүгүндө аба 40– 50°Сге чейин ысыйт; абсолюттук максимум (54°С) Хузстан өрөөнүндө катталган. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү өлкөнүн көп бөлүгүндө 500 ммге, Эль­бурстун түндүк капталында 2000 ммге чейин, Сис­тан чөлүндө 50 ммден аз жаайт. Дарыяларынын көбү суудан өксү. Карун, Шатт-эль-Араб дарыяларында кеме жүрөт; ири дарыясы – Сефидруд (Каспий деңизине куят). Ири көлдөрү – Урмия ж-а Ха­мун. Чөлдүн боз топурагы басымдуу; ошондой эле ко­ңур ж-а күрөң тоо топурактары кездешет. Тай­пак тоо ксерофиттери, чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу; Эльбурстун нымдуу түндүк капталында нымдуу жазы жалбырактуу токой өсөт. Өлкөнүн аймагынын 4%ин токой ээлейт.
Иранда 130дан ашык улуттук парк, улуттук та­бият эстеликтери, заказник режиминдеги резер­ваттар ую шулган; алардын жалпы аянты өлкөнүн аймагынын 6,5%ин ээлейт. Ири улут­тук парктары: Баму, Кевир, Урмия, Борб. Эль­бурс ж. б. ЮНЕСКОнун биосфералык резерват-

Армян тайпак тоосу.
Загрос тоолору. Самолёттон көрүнүшү.

тар тармагына 9 объект киргизилген: Арасба­ран, Эржан, Гено, Гүлстан, Хара, Кевир, Урмия көлү, Мианкале жарым аралы, Туран. Эл аралык маани­деги 21 суу-саздуу жер (жалпы аянты 1,5 млн га), коргоого алынган 6 деңиз объектиси бар.

Калкы. Ирандын калкынын көбү иран тилдерин­де сүйлөгөндөр: 38,5%и перстер, 6,9%и күрддөр, 5,6%и мазендерандыктар, 5,6%и гиляндар, 3,7%и лурлар ж. б. Ал эми 30%ке жакыны түрк элдери (азербайжандар 20,3%, түркмөндөр 3,2%, кашкайлар 2,4 ж. б.). Ошондой эле арабдар (2,2%), цыгандар, армяндар, ассириялыктар ж. б. да жашайт. Калкынын жылдык орточо табигый

Тегеран шаары.

өсүшү 1,55%. Төрөлүү 1000 адамга 16,6 бала, өлүм-житим 5,7 киши. 15 жашка чейинки бал­дар 23,2%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 71,4%ти, 65тен ашкандар 5,4%ти түзөт. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 43 киши; эң жыш жайгашкан жерлери: Тегеран останы (12 км2 жерге 713 адам туура келет), Кум (90), ошондой эле Каспийдин жээгин бойлой (Гильян останында –172 адам, Мазендаранда – 123, Гол­станда – 80). Өлкөнүн калкынын 1/4 и 7 шаарда отурукташкан: Тегеран (калкы 7186 миң, агло­мерациясы м-н 13 000 млндон ашык), Мешхед (2,5 млн), Исфахан (1,6 млн, агломерациясы м-н 2,9 млндон ашык), Кереж (1,6 млн, Тегеран­дын агломерациясына кирет), Тебриз (1,5 млн­дой), Шираз (1,3 млн), Кум (1,1 млн). Ирандын калкынын 98%тейи мусулмандар; анын ичинде шиит­тер 89%, сунниттер 9%.

Тарыхы. Ирандын аймагында адам төмөнкү палеолиттин аягында эле жашай баштаган.
Б. з. ч. 4–3-кылымдардын башында шаар-мамлекеттер пайда боло баштаган. Б. з. ч. 2-миң жылдыкта Иран жергесине иран тобундагы (диалектилерде сүйлөгөн) көчмөн инди-европалык уруулар келген. Кийин алар жергиликтүү калкты өзүнө сиңирип ал­ган. Б. з. ч. 670-жылдарда Мидия падышалыгы келип чыккан. 550-жылы Мидия Ахемениддер ди­настиясына кирип калган. Б. з. ч. 550–330-жылдарда Ирандын аймагын Ахемениддер династиясы бий­леп турган. Ахемениддер мамлекетин б. з. ч. 330-жылы Александр Македонский басып алган. Ал өлгөндөн кийин Иран аймагы Селевкиддер мамле­кетинин курамына кирген. Б. з. ч. 3-кылымдын ор­тосунда аймакта Парфия падышалыгы түзүлүп, ал б. з. ч. 2-кылымда бүткүл Иранды, Месопотамияны, Арменияны баш ийдирген. Б. з. 3-кылымында бүлүнгөн Парфиянын негизинде Сасаниддер мамлекети түзүлгөн. Ал мезгилде (3–7-кылымдар) кул ээлөөчүлүк түзүлүш начарлап, алгачкы феодалдык мамле­кет пайда болгон. 651-жылы Сасаниддер мамлеке­тин арабдар басып алып, Араб халифатына кошкон. Өлкөдө ислам дини тарай баштап, 10- кылымда калктын көпчүлүгү ислам динин кабыл алган. 7-кылымдын аягынан араб үстөмдүгүнө кар­шы көтөрүлүштөр (Абу Муслим, Сумбад Маг, Бабек ж. б.) чыккан. 11-кылымда сельжуктар кара­тып алып, бүткүл Иран ж-а ага чектеш өлкөлөр­дүн аймагында Селжуктар мамлекетин түзгөн. 1220-жылы моңголдор басып кирген. 13-кылымдын ор­тосунан – 14-кылымда Хулагулар мамлекетине, 1380–93-жылдарда Тимурдун империясына караган. Кичи Азиядан чыккан көчмөн түрк уруулары (кызыл баштар) 1501–10-жылдарда Иранды каратып, Се­февилер мамлекетинин түзүлүшүнө негиз салган. Алардын шахы Аббас Iнин реформалары борбордук бийликти чыңдап, Ирандын абалын жакшырткан. 17-кылымдын аягынан Севефиддер мамлекетинин саясий-экономикалык жактан начарлашы афгандардын 1722-жылы өлкөнүн борбор калаасы Исфаханды басып алышына алып келген. 1723-жылы Ирандын түндүк-батыш ж-а борбордук аймактарына түрктөр ба­сып кирген. Баскынчыларга каршы согушту жетектеп, 20-жылдардын аягы – 30-жылдардын башында афгандар м-н түрктөрдү өлкөдөн кууп чыккан кол башчы Надир-хан (Надир шах Аф­шар; 1736–47) такка көтөрүлөт. Ал өлтүрүлгөн­дөн кийин ал түзгөн держава хандыктарга бөлү­нүп кеткен. 19-кылымда орус-иран согуштарынын жыйынтыгында, Закавказье Россиянын кура­мына кошулган. 19-кылымдын аягынан – 20-кылымдын башында Иран Улуу Британия м-н Россиянын ко­лониялык экспансиясынын негизги объекти­сине айланып, көп узабай эле жарым колония­га айланган. Элдин нааразылыгы күч алып, Иран революциясынын (1905–11) башталышына өбөлгө түзүлгөн. Анын жүрүшүндө конституция жарыя­ланып, межлис (парламент) чакырылган. Би­рок россиялык, англиялык бириккен күчтөр аркы­луу революция басылган. 1921-жылы РСФСР м-н Ирандын

Файл:ИРАН11.png

ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлөт. 2-дүйнөлүк согушта Германия Ирандын аймагына кирип, СССРге каршы аракеттерди жүргүзө баштаган. Буга каршы англиялык ж-а советтик аскерлер Иранга кир­гизилген (1945–46-жылдарда чыгарылган). Согуштан кийин Мохаммед Реза-шах Пехлевинин (1941- жылдан шах) жүргүзгөн батышка багыттал­ган саясаты калк ичинде нааразылык туудуруп, Иранда Ислам революциясы башталган (1979). Реза-шах Пехлеви өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз бол­гон. 1979-жылы референдум өткөрүлүп, Иран Ислам Республикасы жарыяланган. Аятолла Хомейни Ирандын башкы жетекчиси болуп калган. Жылдын аяк ченинде Ирак м-н мамилелер курчуп, 1980-жылы Перс булуңундагы үстөмдүк үчүн согуштук кон­фликттер жаралат. 1989-жылы тынчтык макулда­шууларга кол коюлат. Ошол эле жылы, Хомей­ни өлгөндөн кийин өлкөнүн башына аятолла Сейед Али Хаменеи, президент А. А. Хашема-Рафсанжани келген. 1997-, 2001-жылдардагы прези­денттик шайлоодо Сейед Мохаммед Хатами жеңген. 2005-жылы М. Ахмадинежад президенттик­ке келип, 2009-жылы 2-мөөнөткө шайланган.
Ирандын тышкы саясатындагы негизги көйгөйлүү маселелердин бири – Иран ядролук програм­масы боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу.
Өлкөдө уран кендеринин ачылышы тынчтык максатта атом энергетикасын өнүктүрүү, ошондой эле ядролук куралданууга да мүмкүнчүлүк түзгөн. АКШ ж-а анын союздаштары БУУнун Коопсуз­дук кеңешинин резолюциясына таянып, Ирандан атом энергетика ж-а уранды иштетүүчү объек­тилердин курулушун токтотууну талап кылуу­да. Бирок, Иран ядролук программанын тынчтык мүнөздө экенин көрсөтүп, бул талаптарды ат­каруудан баш тартууда. Чарбасы. Иран – экономикасы тез өнүгүп жат­кан өлкө. Нефть казып алуу боюнча дүйнөдөгү ал-

дыңкы өлкөлөрдүн бири. ИДП көлөмү 852,6 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 12 300 доллардан туура келет (2007). Жаңы Азадеган ж-а Ядаверан нефть-газ кендери ачылгандан кийин Ирандын дүйнөлүк нефтинин запасындагы үлүшү 11,1%ти, газдыкы 15,4%ти түздү (2005). Нефть ж-а газды казып алуу мамлекеттин көзөмөлүндө. Нефть казып алуу боюнча (194,6 млрд т) дүйнөдө 3-орунда (Россия ж-а Сауд Арабиясы-

Тегерандагы нефть ажыратуучу завод.

нан кийин). Нефть казып алуучу негизги ай­мактары: өлкөнүн түштүк-батышы (Хузстан, Бу­шир остандары) ж-а Перс булуңунун шельфи. Нефть экспорттоо боюнча Иран дүйнөдө 3-орунда. Нефть экспорттоочу ири терминалдары Перс булуңунун аралдарында (Харк, Лаван, Сирри, Ларек ж. б.) жайгашкан. Газ өндүрүү боюнча (110,8 млрд м3; 2005) Россиядан кийинки 2-орунда. Газ өндүрүүчү негизги аймагы – Перс булуңунун шельфи; эң ири кени – Түштүк Парс. Көмүр жы­лына 2 млн тдан ашык казылып алынат. Электр энергетикасы тез темп м-н өнүгүүдө; 2006-жылы 173,3 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 91,6%и ЖЭСке, 8,3%и ГЭСке, 0,1%и кал­гандарына (негизинен шамал энергия курулма­сына) туура келет. Уран казылып алынып (Са­генд кени), байытылат. АЭС (Буширде) ж-а гео­термия (Мешгиншехрде) станцияларынын ку­рулушу аяктоодо (2008). Ирандын электр линия­лары Азербайжандын, Армениянын, Түркмөн­стандын ж-а Түркиянын электр системалары м-н туташкан. Жалпы кубаттуулугу 70 млн тдан ашкан нефть ажыратуучу 9 завод иштейт. Ирандын кара металлургиясы – Жакынкы ж-а Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүнүн ичиндеги эң ири өндүрүш. 2005-жылы жылына 5 млн т темир кенташы, 9 млн тдан ашык болот, 2,3 млн т чоюн өндүрүлгөн. Бул тармактын негизги продукциялары: каңыл­тыр прокат, труба, зым, жеңил ж-а оор про­филь, курулуш арматуралары ж. б. Түстүү ме­таллургияда жез ж-а алюминий өндүрүшүнүн мааниси зор. Серчешме жез кенташ кени – дүй­нөдөгү ири кендердин бири; кенташтын кура­мында ошондой эле молибден, күмүш, алтын да бар. Мей­дук жез кени да маанилүү. 2005-жылы 365 миң т боксит казылып алынган. Алюминий өндүрүү­чү ишканалары Эрак, Бендер-Аббас шаарларында жай­гашкан. Коргошун-цинк, алтын кендери казып алына баштады. Химия өнөр жайында башкы орун­ду – нефть-химия ээлейт; анын негизги продук­циялары: этилен, полиэтилен, полипропилен, поливинил-хлорид, аммоний, күкүрт, күкүрт кислотасы, автомобиль шинасы, резина-техникалык буюм­дар ж. б. Өнөр жайынын маанилүү тармактарынын бири – машина куруу; 21-кылымдан баштап автомо­биль куруу тез темп м-н өнүгүүдө (ИДПнин 4%тен ашыгын түзөт). Анда негизинен жеңил автомобиль («Peikan» ж. б.) куруу, автомобиль кураштыруу ж-а анын тетиктерин чыгаруу иш­тери жүргүзүлөт. Жалпы автотранспорт кара­жаттарынын өлчөмү – 1 млн бирдикке жакын (2006). Авиация ж-а кеме куруу өнөр жайы граждандык ж-а аскердик продукцияларды чыгарат. «Иран- 140» самолёту өлкө ичиндеги каттамдарды тей­лейт. Аскердик продукцияларды чыгаруучу 40 завод иштеп, алар азыркы куралдын ж-а аскер тех­никасынын бардык түрүн (артиллерия куралы ж-а ракетасы, курал, ок-дары, танк, зоттолгон транспортёр, аскер кемеси, вертолёт ж. б.) чыга­рат. Курулуш материалдар өнөр жайынын башкы тар­магы – цемент өндүрүшү (2006–07-ж. 40 млн т даярдаган). Өлкө цементти Ирак, Кувейт, Би­риккен Араб Эмирликтери, Афганстанга сатат. Жеңил өнөр жайынын өнүккөн тармагы – текстиль өнөр жайы; кебез ж-а жүн кездеме 100дөн ашык фаб­рикада чыгарылат. Ошондой эле булгаары-бут кийим, тигилүү кийим, трикотаж буюмдарын чыга­руучу ишканалары да бар. Тамак-аш өнөр жайында кант, күрүч актоочу, ун тартуучу, мөмө-жемиш, жашылча консервалоочу, балык иштетүүчү ишканалары кеңейүүдө. Ирандын экономикасын­да майда кол өнөрчүлүк промыселдеринин маа­ниси зор; айрыкча кол м-н токулган иран ки­леми дүйнөгө белгилүү (килемдин бир жылдык экспорттук баасы 500–600 млн долларды түзөт).
Өлкөнүн азык-түлүккө болгон муктаждыгын айыл чарбасы толук канааттандыра албайт; ошондуктан азык-түлүктүн 10%тен ашыгын (анын ичинде өсүмдүк майынын 90%ин, күрүчтүн 30%ин) сырттан са­тып алат. Айыл чарбасына жарактуу жери 51 млнго жакын, анын 17,1 млн гасы иштетилип, анын 15,3 млн гасы айдалат, 1,8 млн гасы бак-дарак

Килем токууга даярдык.

Иран акчасы.

ж-а питомниктер. Чарбасынын 70%тен ашы­гын 5 гага чейин жери бар (22%) майда чарба­лар түзөт; 5–10 га жери барлар 21,5%, 10–50 га жердүүлөр 44%, 50 гадан ашык жери барлар 12,5% жерди ээлейт. Дыйкан чарбалары 7000ден ашык түрдүү кооперативдерге биригип, айыл чарбасында иштегендердин 80%ин камтыйт. Кооперативдер дыйкандарды жеңилдетилген банк кредиттери, өсүмдүк уруктары, айыл чарба техникасы, отун, керек­телүүчү товарлар м-н камсыз кылып, ошондой эле про­дукцияны сатууну уюштуруп берет. Өлкөнүн айыл чарбасынын негизги тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү – дан эгинде­ри: буудай (2006–07-жылдарда 12 млн тдан ашык түшүм жыйналган; экспортко да чыгарат), шалы (1,6 млн т; Каспий боюнда), арпа (жылына 3 млн т);

Сефид-Руд дарыясынын өрөөнүндөгү күрүч палдары.

техникалык өсүмдүктөрү: кант кызылча (5 млн т) ж-а балкамыш (5,9 млн; негизги плантациялары Хузстан останында), тамеки (22 миң т), чай (көк чай; 134 миң т; негизинен Каспий бою), пахта аянты кескин кыскарууда, аны негизинен сырт­тан сатып алат. Бакчылык (анар, өрүк, алма, алмурут, цитрус өсүмдүктөрү, шабдаалы, кай­налы, анжир, курма) ж-а жүзүмчүлүк (айрыкча Ширазда) өнүккөн. Картөшкө, жашылча (пияз, баклажан, томат, бадыраң, капуста, сарымсак, калемпир ж. б.), бакча (коон, дарбыз) өсүмдүк­төрү өстүрүлөт. Маанилүү экспорттук айыл чарба то­варлары: анар, курма, мейиз, кактар, мисте, шафран ж. б. Куш чарбалары тез темп м-н өнүгүүдө. Мал чарбасы негизинен эт багытын­да; 2002-жылы 54 млн кой, 26 млн эчки, 9 млн бодо мал, 0,4 млн төө, 0,55 млн буйвол, 0,3 млн жылкы болгон. Каспий боюнда жибекчилик өнүккөн. Каспий деңизинен ж-а Ормуз булуңу­нан балык кармалат.
Тейлөө чөйрөсүнүн негизги тармагы – банк­ финансы системасы; Иран борбордук банкы, 6 ком­мерциялык, 4 адистешкен банк иштейт; алар негизинен мамлекетке карайт. Майда соодагер­лер ж-а кол өнөрчүлөр синфке (гильдияга) би­риккен. Чекене ж-а дүң сооданын негизги бор­борлору – үстү жабык базарлар. Тарыхый эсте­ликтеринин көптүгүнө карабай чет өлкөлүк ту­ризм анча өнүккөн эмес. Эс алуу туризминин өнүгүүсүнө исламдык чектөөлөр кыйла тоскоол­дук кылат. Жыл сайын Иранга 1,7 млн чет элдик турист келет (алардын 40%и Орто Азия ж-а За­кавказье өлкөлөрүнөн келгендер). Туризмдин негизги түрлөрү: диний-зыяратчылык (борбор­лору: Мешхед, Кум), маданий-таанып билүү (Исфахан, Шираз, Йезд, Тебриз, Тегеран ж. б.). Эң белгилүү деңиздик ден соолук чыңдоо, эс алуу борбору – Киш аралы. Транспорттун негизги түрү – автомобиль жолу, анын жалпы узундугу 179,4 миң км (анын ичинде 120,8 миң кми асфальтталган); негизги автомагистралда­ры: Түркия м-н чек арасы /Базерган – Тебриз – Тегеран – Мешхед – Догхарон/Афганстан м-н чек арасы; Пакистан м-н чек арасы /Захедан – Керман – Йезд – Кум – Хамадан – Хосрови/ Ирак м-н чек арасы; Тегеран – Кум – Исфахан – Шираз. Кийин жогорку ылдамдыкта жүрүүгө ыңгайлуу көптөгөн магистралдар салынган. Темир жолунун узундугу 8,4 миң км (анын 146 кми электр­лештирилген). Ирандын негизги темир жол магистрал­дары: Каспий деңизинин жээгин Перс булуңу м-н туташтырган Трансиран (Бендер-Торке­мен – Тегеран – Бендер-Имам-Хомейни) магист­ралы: Тегеран – Тебриз – Жульфа, Тегеран – Мешхед – Кум – Бад – Исфахан, Бад – Йезд – Бафк – Керман – Бам, Бафк – Бендер-Аббас, Мешхед – Серахс/Түркия м-н чек ара. 2005-жылы Бафк – Мешхед темир жолу курулгандан баштап Борбордук Азия өлкөлөрүнө Перс булуңунун жээгиндеги Бендер-Аббас порту м-н түз байланышууга шарт түзүлдү. Ошондой эле көптөгөн темир жол линиялары куру­лууда. Сыртка кетчү жүктүн 80%и (негизинен нефть ж-а нефть продуктулары, кенташ, ме­талл) деңиз транспорту аркылуу ташылат. Ирандын желеги м-н башка өлкөлөрдүн 130 соода кемеси, ал эми Мальта, Панама, Кипр, Боли­вия ж. б. өлкөлөрдүн желеги м-н Ирандын 33 соода кемеси жүрөт (2007). Негизги порттору: Перс булуңунда – Бендер-Аббас, Бендер-Имам-Хомей­ни, Харк; Каспий деңизинде – Бендер-Энзели, Амир-Абад. Урмия көлүндө кеме жүрөт. Карун дарыясы м-н кеме каттап, Шатт-эль-Араб аркылуу Перс булуңуна чыгат. 321 коммерциялык аэропорту бар. Эл аралык аэропорттору Тегеран, Исфахан, Мешхед, Абадан, Бендер-Аббас, Шираз, Тебриз ш-нда жайгашкан. Мамлекеттик ири авиакомпания­сы – «Iran Air». Жер бети ж-а суу асты м-н өткөн куурларынын жалпы узундугу 34,4 миң км; анын 17,1 миң кми газ кууру, 8,5 миң кми нефть кууру. Негизги нефть куурлары: Ахваз – Эрак – Теге­ран, Гечсаран – Шираз, Агажари – Исфахан – Тегеран, Саркан – Керманшах, Нефт-Шехр – Кер­маншах, Тегеран – Тебриз, Тегеран – Мешхед, Не­ка – Тегеран. Перс булуңунун шельфиндеги кен­дерден нефтини порт терминалдарына жет­кирүүчү куурлар иштейт. Түркияга кеткен экс­порттук газ кууру (Тебриз – Базерган – Анка­ра) бар; Арменияга газ кууру (Тебриз – Мег­ри – Хажаран – Арарат) курулууда (2008). Те­геранда метрополитен иштейт; Шираз, Исфа­хан шаарларында курулууда (2008).
Сырткы сооданын көлөмү 108,7 млрд доллар­ды түзөт; анын 63,2 млрды экспортко, 45,5 млрды импортко таандык. Экспорттун негизин (80%тейин) чийки нефть түзөт; ошондой эле сыртка – нефть-химия, химия, автомобиль өнөр жай продук­тулары, газ, килем, жыгач мисте, кара икра ж. б. сатат. Сырттан сырьё ж-а материалдар­ды, өнөр жайы үчүн чала фабрикат, машина, жабдуу, керектөө товарларын, азык-түлүк, дары-дармек сатып алат. Негизги соода шериктери: Япония, Кытай, Түркия, Германия, Италия, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Франция, Нидер­ланд, Россия.

Маданияты. Өлкөдө билим берүү мектептен тартып, жогорку окуу жайларына чейин акысыз жүргүзү­лөт. Ири жогорку окуу жайлары Исфахан, Мешхед, Шираз, Тебриз жана Тегеран шаарларында жайгашкан. 1983-жылы алгачкы жеке менчик университет (Эркин ис­лам университети) ачылган. Ири китепканалары: Улут­тук китепкана (1935-жылы негизделген), Пехлеви китепканасы (1965) жана жогорку окуу жайларындагы китепка­налар жана башкалар. Булардан тышкары, ири мечит, мед­реселерде китепканалар бар, анын ичинен айрыкча Меш­хеддеги Реза имам мечитинин китепканасында 10 миңге жакын байыркы кол жазмалар сак­талган. Тегерандагы Улуттук китепканада Иран тарыхы боюнча бай материал (Кажар династиясы­нын учуруна таандык мамлекеттик документтер) топ­толгон. Ири музейлери: көркөм (1894-жылдан, Голстан сарайында), улуттук (1937; 1987-жылга че­йин Ирандын байыркылык музейи), улуттук искусст­во (1930), килем (1978) музейлери жана башкалар. Иранда табият илимдери исламга чейин Саса­ниддер (III–VII кылымдар) мезгилинде жогору өнүккөн. Бул мезгилге таандык математика, астрономия, ме­дицина, айыл чарба, ветеринария боюнча сирия, пехлеви тилдериндеги китептер сакталган. Илимдин (ай­рыкча географиянын) өнүгүшүнө Иран Аббасиддер халифатына карап турганда (VIII–XI кылымдар) жакшы шарттар түзүлүп, аль-Бахи, аль-Истахринин география боюнча эмгектери белгилүү болгон. Бул мез­гилде медицинада (ар-Рази жана Ибн Сина), мате­матикада (Омар Хайям) да кыйла ийгиликтер жаралган. Байыркы философиялык ой-пикир диний жазма булактарда сакталган. III–VII кылымдарда Иранда ба­йыркы грек окуусу, асыресе неоплатонизм фи­лософиясы кеңири тараган. Тил илими бай лек­сикографиялык салтка эгедер. Фарсча жазылган түшүн­дүрмө сөздүктөр XI кылымдан эле белгилүү. 1940-жылы чыккан «Фарс энциклопедиясынын» кириш сөзүндө 202 сөздүк болгону эскерилет. Байыркы арабча-фарсча сөздүктөрдүн бирин («Мугаддадимад аль-адаб») хорезмдик Абдулкасим-Мухаммед аз-Замахшари XII кылымда түзгөн. XIX кылымда илимдин өнүгүшүнө Эмир Незамдын реформасы (1859–1851), Тегеранда политехникалык мек­тептин ачылышы, Иранга чет элдик илимпоздор­дун чакырылышы, жаштардын чет өлкөлөргө окууга жиберилиши өбөлгө түзгөн. XX кылымдан тар­тып илимий-изилдөө жакшы жолго коюлган.
Ирандын байыркы, айрыкча орто кылымдагы адабияты иран (фарсы, пушту, күрд жана башкалар) жана түрк (өзбек, түркмөн, азербайжан жана башкалар) тилдеринде, ошондой эле айрым инди тилдеринде өнүккөн. Араб халифатына кошулгандан кийин (VII кылым), араб тили Иран адабиятынын негизги тилине айланган. IX кылымдан араб тилиндеги адабият менен катар фарсы ти­линдеги адабият өнүккөн. Фарсы-дари адабий тили жана Иран классикалык поэзиясынын негизги жанр­дык формалары (рубаи, казал, касыйда, мес­неви, кыта) айрыкча Рудакинин чыгармачылыгында биротоло калыптанган. X кылымдын 1-жарымынан башталган ыр түрүндө эпикалык жыйнак жа­зуу Фирдоусинин айтылуу «Шах-намеси» менен аяктаган. Фарсы тилиндеги гуманисттик адабият­тын өсүп жеткен чеги – Омар Хайямдын рубаи­лери, Хаканинин касыйдалары, азербайжан акыны Низаминин чыгармалары болгон. Моң­гол баскынчылыгынан (1220–1256) бошонгондон кийин, XIII кылымдын 2-жарымы жана XIV кылымда Ирандын классикалык адабияты кайрадан өнүгүп, Амир Хос­ров Дехлеви, Саади, Хафиз жана башка акындар чы­гармаларын жараткан. XV кылымда өзбек акыны Алишер Навоинин окутуучусу жана досу Жами­нин фарс тилинде жазган чыгармалары класси­калык жеткилеңдиктин жогорку чегине жеткен. Мурда фарс адабиятынын чегинде бир нукта өнүгүп келген Иран адабияты XVI кылымда экиге бөлүнө баштаган: азербайжан, өзбек, түрк жана башка элдер адабиятын өз тилинде жазууга өткөн. XX кылымдын 20-жылдары Тегеранда Иран адабий коому (Акылман Низа­ми коому) түзүлгөн. 1979-жылы Иран революциясынан ки­йин жазуучулардын бир бөлүгү эмиграцияга кет­кен. Өлкөдө ислам дөөлөттөрүн тастыктаган патриоттук адабият өнүгүүдө (М. Солеймана, М. Мих­малбаор жана башкалар). Чет жактагы фарсы тилдүү адабият улуттук салттар менен тыгыз байланышын сак­тап, Ирандагы адабиятка да таасир тийгизүүдө (Ис­маил Фасиха, Х. Шакани).

Биздин заманга чейинки 5–4-миң тургун жайлардан адамдар­дын, жаныбарлардын чоподон жасалган сө­лөкөттөрү, оймо-чийме түшүрүлгөн карапа, че­бер иштелген металл буюмдар табылган. Ирандын аймагындагы искусство эстеликтери байыркы доор­го таандык. Түштүк-Батыш Ирандан биздин заманга чейинки 3–2-миң жылдыкта Элам падышалыгынын искусствосун­да Вавилон-Ассирия маданиятына жакын болгон.

Исфахандагы Чехель-Сотун ак сарайында дубалга тартылган сүрөт. 1590-жылдар.
Заратуштра диний мунаралары.

Мидия падышалыгынын тушунда (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 1-жарымы) мыкты имараттар ку­рулуп, фасаддары оймолонгон таш күмбөздөр, Ахемениддер доорунда (биздин заманга чейинки VI–IV-кылымдар) кедр менен жабылган ападана – салтанат залдары (Пасар­гады, Персеполь), түбү коңгуроо сымал негизге орнотулган өгүз, жолборс баш түркүктүү има­раттар (Персеполь, Сузы) арбын салынган. Са­саниддер доорунда шаар куруу маанилүү орун ээлеген. Айрыкча көркөм сүрөт өнөрү жогорку деңгээлге жетип, падыша аңчылыгы жана той­-тамаша сүрөттөрү менен кооздолгон алтын, күмүш идиштер кеңири тараган. Арабдар басып алган­дан кийин (VII кылым), Иранда көп чеп шаарлар, ме­читтер, мунаралар, медреселер, күмбөздөр, мончолор, кербен сарайлар курулган.

Кашандагы мечит менен медресе.

VIII–XIII кылымдарда аңчылык жана ак сарай кызматчыларынын турмушун чагылдырган дубал оймо-чиймеле­ринен фрагменттер, ошондой эле миниатюралар сак­талган. XV–XVI кылымдарда көркөм сүрөт өнөрүндө миниатюра негизги орун ээлейт (Султан Мухаммед), ки­йинчерээк европалык сүрөт тартуу ыкмаларынын таа­сири байкалат. Севефиддер доорунда (XVI–XVIII кылымдар) ири шаар ансамблдери курулат (Исфахан, Меш­хед, Тебриз). XVII кылымдын 2-жарымында Тебриз, Кашан, Исфахан жана башка эски кол өнөрчүлүк бор­борлорунда түр түшүрүлгөн кездеме (жибек, бар­кыт, парча, атлас) токуу, килем согуу, металл­ды көркөм иштөө улантылган; көркөм сүрөт өнөрүндө акварель менен май боёк живописи пай­да болгон. XX кылымда архитектура жана сүрөт өнөрүндө бир кыйла илгерилөө башталган: жаңы типтеги ме­кемелер, турак жай жана колдонмо өнөрүнүн салт­туу түрлөрү ары өнүгө баштады.
Ирандын профессионалдык (классикалык) жана элдик музыкасынын эзелтен келаткан салты бар. Элдик музыканын тесниф (баллада), тера­не (жергиликтүү ыр), касыйда (ода),казал (лирикалык ыр) сыяктуу түрлөрү кеңири тараган. Элдик музыкалык аспаптары – саз, тар (чертме кыл аспап), ке­манча (жаалуу кыл аспап), карнай, зурна (үй­лөмө), зарб (урма). Иран музыкасында XV кылымдан но­та жөнүндө маалымат кездешет. XIX кылымдын 2-жарымынан европалык музыканын таасири тие баштап, Тегеранда Империя колле­жинде музыкалык мектеп негизделген. XX кылымдын 20-жылдары композитор, тарыхчы, Тегеран университетинин профессору Али Наги Вазири улуттук музыканы оку­тууга жол ачып, музыкалык теория жөнүндө китеп жа­зып, Тегеранда улуттук туңгуч музыканттарды даярдоочу мектеп негиздеген. 1930-жылдардын ба­шында Тегеранда музыкалык жогорку мектеп (1940-жылдын акырынан консерватория) жана музыкалык мектеп­тер иштейт. XX кылымдын белгилүү музыканттары, дирижёрлор – Фархат Мешкат, Хешмат Сенже­ра; пианисттер – Г. Эмир Хосрови, Э. Мелик- Эсланян; скрипачтар – Али Форуг, А. Авакян; опера ырчылары – Хосейн Саршар, Менир Ва­кили жана башкалар. Иранда Рудаки атындагы опера-балет теат­ры (1967), телекөрсөтүү менен филармониянын балет труппасы (1953), симфониялык оркестрлер жана ка­мералык консерватория бар. XX кылымдын 20-жылдарына чейин жер кыдырып оюн көрсөтүүчү актёр-маскарапоздор болгон. 1883-жылы Тегеранда европалык үлгүдөгү театр ачыл­ган. 1920-жылдан кийин тазийе аталган жанр­ды аткаруучуларга тыюу салынып, театрлар жабылгандан кийин театр топтору жана союзда­ры пайда болгон. Эң белгилүү топ Иран коме­дия (1921) Тегеранда биринчи театр мектебин ачкан (1939). 1940-жылдарда Тегеранда бир нече театр ачылып, 1960–1970-жылдар Иран театрынын гүлдөгөн мезгили болду. 1979-жылкы Иран революциясы­нан кийин Тегерандагы варьете театры жабыл­ган, театрда ролдорду аткарууга эркектер гана катышса жана спектаклдердин мазмуну ислам­дын шарттарына туура келсе гана коюуга урук­сат берилген. XX–XXI кылымдардын чегинде салттык театрды жандандыруу менен катар европалык заман­бап тажрыйбаларга да көңүл бурулуп, улуттук салттарды заманбап көйгөйлөр менен айкалыш­тырууга аракеттер болууда.

Иранда биринчи көркөм тасма «Аби Раби» (режиссёру А. Эханиан) 1929-жылы коюлган. 1954-жылы Ирандын мыкты тасмаларынын бири «Порт уурусу» (режиссёру А. Ширази) тасмасы экранга чыккан. 1970-жыл­дарда кинематографка келген Д. Мехржуи («Уй», 1870; Венеция эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы), Б. Бейзан («Чоочун жана туман» 1974), А. Надери («Танг­сир», 1973) тасмалары дүйнөгө таанылган. Революци­яга чейин кино өнөрү бир топ ийгиликтерге же­тишсе, 1979-жылдан кийин шариаттын жобо­лоруна шайкеш келбеген фильмдерди коюуга тыюу салынган. Кинофильмдердин импорту кыс­картылып, жергиликтүү киностудиялардын продукция­лары цензурадан өткөрүлө баштаган. 1980-жыл­дардан кино өндүрүшү жанданып, Ирандын тасмалары ар кандай эл аралык кинофестивалдарда көптөгөн сыйлыктарга ээ болууда: А. Кияроста­ми, «Алчанын даамы», 1997, Канныда эл аралык кинофестивалдын башкы байгеси; Р. Баниэтимад, «Көгүш жоо­лук», 1995, Локарнодогу эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы; С. Мак­малбаф, «Мектеп доскасы», 2002, Канныдагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы жана башка көркөм тасмалары эл ара­лык кинофестивалда башкы байгелерге та­тыган.
Иранда биринчи гезит 1835-жылы басылган. 2006-жылы Иранда 500дөн ашык гезит-журнал чыккан. Не­гизгилери фарсы тилинде («Кейхан», 1942; «Эт­телаат», 1925; «Жомхурийе ислами», 1979; «Аб­рар», 1985), бир катар гезиттер англис тилинде («Техран таймс», 1979) жарык көрөт. Радиоук­туруу 1940-жылы башталган. 2005-жылы 90го жакын радиостанция болгон. Телекөрсөтүү 1950-жыл­дардан иштейт, берүүнү өкмөттүк радио жана те­ле – «Иран Ислам Республикасынын үнү» уюму көзөмөлдөйт. Мамлекеттик Ислам Республикасынын маалымат агенттиги жана башка маалымат борборло­ру иштейт.

Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Общий обзор. Юго-Западная Азия. М., 1979; Пустыня. М., 1986; Агеев С. Л. Иран между прошлым и будущим. События. Люди. Идеи. М., 1987; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Арабаджян А. З. Исламская Республика Иран. Эко­номический потенциал. М., 2002; Деловой Иран в 1999–2002 гг. М., 2002–2004. Т. 1–3; Алиев С. М. История Ирана. ХХ в. М., 2004; Луконин В. Г. Ис­кусство Древнего Ирана. М., 1977; Стародуб Т. Х. Сокровища исламской архитектуры. М., 2004; Вино­градов В. С. Классические традиции иранской музы­ки М., 1982; Сагаян Магди Хамед. Современный театр Ирана. М., 2005; Шахов А. Иранской киноре­несанс. Киносенсации: фильмы, люди, события. М., 1996; Иран //Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008.

Ө. Бараталиев, А. Кубатова.