ИРАК: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |||
| 2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:ИРАК46.png | thumb | none]] | [[File:ИРАК46.png | thumb | none]] | ||
кирет. Калкы | кирет. Калкы 47,0 млн (2025). Борбору – Баг­дад. Расмий тили – араб ж-а күрд тилдери. Акча бирдиги – ирак динары. Административдик-аймактык жактан 18 му­хафазага бөлүнөт. | ||
'''''Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) Ред. Таблица бар'''''<table article='ИРАК'>Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) | '''''Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) Ред. Таблица бар'''''<table article='ИРАК'>Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) | ||
Ред. Таблица бар</table> | Ред. Таблица бар</table> | ||
| 30 сап: | 30 сап: | ||
[[File:ИРАК41.png | thumb | Багдаддагы нефть­химия ишканасы.]] | [[File:ИРАК41.png | thumb | Багдаддагы нефть­химия ишканасы.]] | ||
да (Эз-Зубайр, Эр-Румайла, Нафт-Хан аймак­тарында) жайгашкан. Нефть ажыратуучу 8 завод, нефть-химия өнөр жай ишканалары иштейт. 2006-жылы 1,75 млн <i>м</i><sup>3 </sup>табигый газ, 34,6 млрд <i>кВт.с</i> электр энергиясы (анын 98%и ЖЭСтен) өндү­рүлгөн. Цемент, машина куруу (анын ичинде аккумуля­тор, желдеткич, кондиционер, транспорт жаб­дуулары да бар), тамак-аш алкоголсуз ичим­диктер, кант ж. б.), текстиль, булгаары, таме­ки, кагаз өнөр жай тармактары өнүккөн; ошондой эле фос­форит, уран, күкүрт, таш, туз өндүрүлөт. Индус­триялык ири объектилеринин көбү Багдад, Басра, Мосул шаарларынын чегинде жайгашкан.<br>Дыйканчылыкка жарамдуу жери өлкөнүн ай­магынын 27%ке жакынын түзөт, анын <sup>1</sup>/2 и су­гатка муктаж. 1980-жылдарга карата азык­-түлүккө болгон муктаждыгын өзү толук кам­сыз кылган; 1990-жылдардан баштап айыл чарба өн­дүрүшү туруктуу кыскара баштап, 21-кылымдын башталышынан өлкөнүн азык түлүккө болгон муктаждыгынын жарымына жакыны импорт­тон толукталат. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: арпа, буудай, ошондой эле шалы, жүгөрү, гозо, таруу, ак жүгөрү, арпа өстүрүлөт. Жашылчачылык (то­мат, бадыраң, пияз, баклажан, бамия, ашка­бак ж. б.), бакчачылык (дарбыз, коон), бак­чылык (цитрус өсүмдүктөрү, алма) ж-а жүзүм­чүлүк өнүккөн. 1980-жылдарга чейин Ирак – дүйнөгө курма экспорттоочу негизги өлкө бол­гон; курма пальмасы негизинен өлкөнүн түш­түгүндө өстүрүлөт. Мал чарбасы негизинен тоо­луу аймактарда ж-а батышындагы жарым чөлдөрдө өнүккөн; анда бодо мал, кой, эчки, буйвол, төө асыралат.<br>Тейлөө чөйрөсүнө борбордук банк, 7 мамлекеттик ком­мерциялык, 19 менчик ж-а 6 эл аралык банк, коопсуздукту камсыз кылуу кызматы кирет. 2003-жылдан кийин туризм дээрлик жок бол­ду. Майда чекене соода ыкчам өнүгүүдө.<br>Ирактын транспорт тармагы согуштан улам өтө бузулган. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 45,5 миң <i>км</i> (анын ичинде 38,8 миң <i>км</i>и асфальтталган, 1999); Негизги автомобиль жолдору: Иордания­нын чек арасы – Багдад – Басра ж-а Багдадды өлкөнүн бардык шаарлары м-н туташтырган шоссе. Темир жолунун узундугу 2272 <i>км</i> (2006); негизги темир жолдору: Багдад–Басра–Умм-Каср, Багдад–Мо­сул–Сирия, Багдад–Эр-Рамади–Эль-Каим, Эль- Каим–Акшат, Киркук–Байжи–Эль-Хадита. 6 деңиз порту бар, алардын эң ирилери: Умм-Каср, Басра, Эз-Зубайр. Нефть куюучу 2 терминалы бар. Деңиз соода флотунун 13 кемеси бар. Ирактын аймагындагы Киркук (түндүгүндө) ж-а Эль-Ру­майла (түштүк-чыгышында) нефть промыселдери­нен нефтини пайдалануучу ж-а иштетүүчү жер­лерге, Перс булуңунун портторуна нефть куур­лары жүргүзүлгөн. Нефть куурларынын жалпы узундугу 5,5 миң <i>км</i>, нефть продукту куурунуку 1,6 миң <i>км</i>, газ куурунуку 2,2 миң <i>км</i> (2006). Сауд Арабиясы, Түркия, Сирия ж-а Ливандын аймак­тары аркылуу өткөн куур м-н Ирак нефтисин Кы­зыл ж-а Жер Ортолук деңиз портторуна жетки­рип, сырткы рынокко чыгарууга болот. Ички суу жолдорунун узундугу 5279 <i>м</i>; Шатт-эль-Араб, Евфрат ж-а Тигр (Багдадга чейин) дарыяларында кеме жүрөт. Басра ж-а Багдад шаарларында эл аралык, Мосул, Киркук ж-а Эрбиль шаарларында ири аэропорт­тор бар. Негизинен нефть, ошондой эле курма, булгаа­ры сырьёлору, жүн экспорттолуп, сырттан – азык-түлүк, отун, дары-дармек, өнөр жай товарла­рын алат. Негизги соода шериктери: АКШ, Си­рия, Түркия, Италия, Иордания, Канада, Ис­пания. | да (Эз-Зубайр, Эр-Румайла, Нафт-Хан аймак­тарында) жайгашкан. Нефть ажыратуучу 8 завод, нефть-химия өнөр жай ишканалары иштейт. 2006-жылы 1,75 млн <i>м</i><sup>3 </sup>табигый газ, 34,6 млрд <i>кВт.с</i> электр энергиясы (анын 98%и ЖЭСтен) өндү­рүлгөн. Цемент, машина куруу (анын ичинде аккумуля­тор, желдеткич, кондиционер, транспорт жаб­дуулары да бар), тамак-аш алкоголсуз ичим­диктер, кант ж. б.), текстиль, булгаары, таме­ки, кагаз өнөр жай тармактары өнүккөн; ошондой эле фос­форит, уран, күкүрт, таш, туз өндүрүлөт. Индус­триялык ири объектилеринин көбү Багдад, Басра, Мосул шаарларынын чегинде жайгашкан.<br>Дыйканчылыкка жарамдуу жери өлкөнүн ай­магынын 27%ке жакынын түзөт, анын <sup>1</sup>/2 и су­гатка муктаж. 1980-жылдарга карата азык­-түлүккө болгон муктаждыгын өзү толук кам­сыз кылган; 1990-жылдардан баштап айыл чарба өн­дүрүшү туруктуу кыскара баштап, 21-кылымдын башталышынан өлкөнүн азык түлүккө болгон муктаждыгынын жарымына жакыны импорт­тон толукталат. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: арпа, буудай, ошондой эле шалы, жүгөрү, гозо, таруу, ак жүгөрү, арпа өстүрүлөт. Жашылчачылык (то­мат, бадыраң, пияз, баклажан, бамия, ашка­бак ж. б.), бакчачылык (дарбыз, коон), бак­чылык (цитрус өсүмдүктөрү, алма) ж-а жүзүм­чүлүк өнүккөн. 1980-жылдарга чейин Ирак – дүйнөгө курма экспорттоочу негизги өлкө бол­гон; курма пальмасы негизинен өлкөнүн түш­түгүндө өстүрүлөт. Мал чарбасы негизинен тоо­луу аймактарда ж-а батышындагы жарым чөлдөрдө өнүккөн; анда бодо мал, кой, эчки, буйвол, төө асыралат.<br>Тейлөө чөйрөсүнө борбордук банк, 7 мамлекеттик ком­мерциялык, 19 менчик ж-а 6 эл аралык банк, коопсуздукту камсыз кылуу кызматы кирет. 2003-жылдан кийин туризм дээрлик жок бол­ду. Майда чекене соода ыкчам өнүгүүдө.<br>Ирактын транспорт тармагы согуштан улам өтө бузулган. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 45,5 миң <i>км</i> (анын ичинде 38,8 миң <i>км</i>и асфальтталган, 1999); Негизги автомобиль жолдору: Иордания­нын чек арасы – Багдад – Басра ж-а Багдадды өлкөнүн бардык шаарлары м-н туташтырган шоссе. Темир жолунун узундугу 2272 <i>км</i> (2006); негизги темир жолдору: Багдад–Басра–Умм-Каср, Багдад–Мо­сул–Сирия, Багдад–Эр-Рамади–Эль-Каим, Эль- Каим–Акшат, Киркук–Байжи–Эль-Хадита. 6 деңиз порту бар, алардын эң ирилери: Умм-Каср, Басра, Эз-Зубайр. Нефть куюучу 2 терминалы бар. Деңиз соода флотунун 13 кемеси бар. Ирактын аймагындагы Киркук (түндүгүндө) ж-а Эль-Ру­майла (түштүк-чыгышында) нефть промыселдери­нен нефтини пайдалануучу ж-а иштетүүчү жер­лерге, Перс булуңунун портторуна нефть куур­лары жүргүзүлгөн. Нефть куурларынын жалпы узундугу 5,5 миң <i>км</i>, нефть продукту куурунуку 1,6 миң <i>км</i>, газ куурунуку 2,2 миң <i>км</i> (2006). Сауд Арабиясы, Түркия, Сирия ж-а Ливандын аймак­тары аркылуу өткөн куур м-н Ирак нефтисин Кы­зыл ж-а Жер Ортолук деңиз портторуна жетки­рип, сырткы рынокко чыгарууга болот. Ички суу жолдорунун узундугу 5279 <i>м</i>; Шатт-эль-Араб, Евфрат ж-а Тигр (Багдадга чейин) дарыяларында кеме жүрөт. Басра ж-а Багдад шаарларында эл аралык, Мосул, Киркук ж-а Эрбиль шаарларында ири аэропорт­тор бар. Негизинен нефть, ошондой эле курма, булгаа­ры сырьёлору, жүн экспорттолуп, сырттан – азык-түлүк, отун, дары-дармек, өнөр жай товарла­рын алат. Негизги соода шериктери: АКШ, Си­рия, Түркия, Италия, Иордания, Канада, Ис­пания. | ||
'''Маданияты.''' Калктын 80%ке жакыны би­лимдүү. 1959-жылы милдеттүү башталгыч билим берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынып, анда бала­бакчадан тартып, мектепти аяктаганга чейин мамлекет тарабынан акысыз билим алуу карал­ган. Окутуу араб тилинде, ал эми айрым түндүк | |||
. Калктын 80%ке жакыны би­лимдүү. 1959- | |||
[[File:ИРАК42.png | thumb | none]]Ирак акчасы. | [[File:ИРАК42.png | thumb | none]]'''''Ирак акчасы.''''' | ||
09:17, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИРА́К , И р а к Р е с п у б л и к а с ы (Аль- Жумхурия аль-Иракия) – Түштүк-Батыш Азиядагы мамлекет, Месопотамияда. Түндүгүнөн Түркия, чыгышынан Иран, батышынан Иордания ж-а Сирия, түштүгүнөн ж-а түштүк-батышынан Сауд Арабиясы, түштүк-чыгышынан Кувейт, батышынан Иордания м-н чектешет; түштүк-чыгышын Перс булуңу чулгайт. Аянты 435 миң км2; Ирактын курамына Ирак м-н Сауд Арабиясынын ортосундагы бейтарап аймактын 3,5 миң км2 жери
кирет. Калкы 47,0 млн (2025). Борбору – Багдад. Расмий тили – араб ж-а күрд тилдери. Акча бирдиги – ирак динары. Административдик-аймактык жактан 18 мухафазага бөлүнөт.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) Ред. Таблица бар
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) Ред. Таблица барИрак – БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1945), нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК; 1960), араб өлкөлөрү лигасынын (1945); ислам конференциясы уюмунун (1975) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Ирак – федерациялык мамлекет. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Конституциясы 2005-жылы кабыл алынган. Мамлекет башчысы – президент (4 жылдык мөөнөткө парламенттин төмөнкү палатасы тарабынан шайланат). Мыйзам чыгаруу бийлиги эки палаталуу парламентке (Өкүлдөр кеңеши ж-а Кеңештер союзу) таандык. Мыйзам чыгаруу бийлиги премьер-министр башында турган Министрлер кеңеши тарабынан ишке ашырылат. Жергиликтүү башкарууну мухафазаларда губернаторлор жүргүзөт. Сот системасы адат, диний (шарият) ж-а атайын (революциялык) соттордон турат. Конституциясы исламды мамлекеттин расмий дини ж-а мыйзамдуулуктун негизги булагы катары жарыялаган. Конституция боюнча исламдын негизги нормаларына каршы келген бир да мыйзам кабыл алынбайт.
Саясий партиялары: Ирак Ислам революциясынын жогорку кеңеши, «Ислам чакырыгы» («Даава»), Араб социалисттик кайра жаралуу партиясы, Ирак коммунисттик партиясы, Күрдстан демократиялык партиясы ж. б.
Табияты. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн Месопотамия ойдуңу ээлейт. Түндүк-батышында Жезире платосу, батышында Сирия чөлүнүн анча бийик эмес бөксө тоосу жайгашкан. Түндүгүндө ж-а түндүк-чыгышында Армян, Иран тайпак тоолорунун (бийиктиги 3598 мге чейин, Иран м-н чектешкен жерде) тармактары жатат. Климаты түндүк бөлүгүндө субтропиктик континенттик. Мосулда январдын орточо температурасы 7°С, июлдуку 34°С, түштүгүндө жайкысын 50°Сге чейин ысыйт.
Өлкөнүн түштүк бөлүгүндө тропиктик континенттик; январдын орточо температурасы 12°С, августтуку 34°С, эң ысыганда 48°Сге чейин (Басрада) жетет. Жылдык жаан-чачыны тоолуу аймагында 500–1500 мм, түштүк-чыгышында 50–150 мм. Жаан-чачындын басымдуу бөлүгү декабрдан апрелге чейин жаайт. Өлкөнүн түштүгүндө чаңдуу бороон болуп турат. Негизги дарыялары: Евфрат м-н Тигр (төмөнкү агымдарында кошулуп Шатт-эль-Араб дарыясын түзөт). Өлкөнүн чөлдүү жерлеринде вади (мезгил-мезгили м-н суу аккан нуктар) көп. Жарым чөл ж-а талаа, түштүгү м-н батышында чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Дарыя бойлорунда галерея токою, курма пальмасы өсөт. Токой Ирактын аймагынын 20%ин ээлейт. Ирак кен байлыктарга бай; анын ичинде нефтинин, газдын, битумдун ж-а асфальттын запасы мол. Нефтинин ири запастары – Киркук м-н Ханакиндин тегерегинде, Басранын түштүгүндө, Мосулга жакын жайгашкан. Күрөң көмүр (Киркук, Заху айланасында, Хамрин тоосунда), кайнатма туз (Багдадга жакын), темир (Сулайман тоосунда), жез, күкүрт, битум (Мосулга жакын), курулуш материалдарынын (мрамор, акиташ, кварцтуу кум, доломит, гипс, чопо ж. б.) кендери арбын. Ошондой эле күмүш, коргошун, цинк, хром, марганец, урандын кендери да табылган.
Месопотамиянын суу-саздак ландшафты – ирак камыш короолулары ж-а бадалча таркылдагы (Ирак эндемиги) уялоочу, ошондой эле сууда сүзүүчү көптөгөн сейрек учуроочу куштар кыштоочу дүйнөдөгү жалгыз аймак. Орнитофаунанын курамына куштардын 400гө жакын түрү кирет, анын 170тен ашык түрү – уялоочу куштар. Алардын көбү 20-кылымдын ортосунда жерди кургатуу иш-чараларынан, ошондой эле согуштан жапа тарткан. Ирактагы коргоого алынган 8 аймак 541 га жерди ээлейт. Орнитофаунанын өтө ар түрдүүлүгүн коргоодо Месопотамиянын ландшафтынын баалуулугун эске алып, куштарды коргоо боюнча эл аралык союз Ирактын аймагында эл аралык маанидеги 42 негизги орнитологиялык аймакты белгилеген.
Калкы. Ирактын калкынын басымдуу бөлүгүн (71,3%) араб-ирандыктар түзөт. Өлкөнүн түндүк-чыгышында күрддөр (14%тейи), түндүгүндө езиддер (2%), ассириялыктар (1,2%) жашайт, өлкө калкынын 5,3%и азербайжандар; ошондой эле египеттик арабдар, палестиналыктар, фарстар, түркмөндөр ж. б. жашайт. Мамлекеттик дини – ислам (калктын 97%и). Калктын табигый өсүүсү 2,6% (2007); төрөлүү (1000 адамга 31,4 бала туура келет) өлүм-житимден (5,3) дээрлик 6 эсе ашык. 15ке чейинки балдар калктын 39,4%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64) 57,6%ин, 65 жаштан ашкандар 3%ин түзөт. Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы 69,3 (эркектердики – 68, аялдардыкы – 70,6). Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 80,2 адам туура келет; калктын көбү Тигр, Евфрат, Шаттэль-Араб дарыяларынын өрөөндөрүндө ж-а тоо этектеринде отурукташкан. Шаар калкы – 67% (2005). Ири шаарлары (2008): Багдад (калкы 6432 миң, шаар айланасы м-н 10 634 миң), Мосул (2595
миң), Басра (1862 миң, шаар айланасы м-н 3803 миң), Эрбиль (1628 миң), Сулеймания (1201 миң), Киркук (676 миң), Эн-Нажаф (615 миң).
Тарыхы. Азыркы Ирак (Кош өзөн же Месопотамия) цивилизациянын эң эзелки очогунун бири. Байыркы убакта анда Шумер ж-а Аккад кул ээлик шаар-мамлекеттери, Вавилония, Ассирия ж. б. пайда болгон. Б. з. 3-кылымынан Сасаниддерге, 7-кылымдан арабдарга караган. 16-кылымдан 1-дүйнөлүк согуш (1914–18) бүткөнчө Осмон империясынын карамагында болгон. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында нефть табылгандыктан, өлкө мамле-
кеттер арасында талаш аймакка айланып, 1- дүйнөлүк согуш учурунда аны англиялык аскерлер басып алат. 1921-жылы Улуу Британияга көз каранды Ирак королдугу түзүлгөн. Иракта боштондук кыймылы күч алып, натыйжада 1930-жылы Ирак м-н Улуу Британиянын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча формалдуу түрдө болсо да, Ирак көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланат. Иш жүзүндө Улуу Британия өлкөдө стратегиялык, экономикалык ж-а маанилүү саясий өңүттөрүн сактап калат. 1958-жылы февралда Ирак Иордания м-н Араб союзу федерациясын түзгөн, бирок 1958-жылы 14-июлда аскердик төңкөрүштөн соң, король өлтүрүлүп, монархия кулаган. Ошол эле жылдын 15-июлунда Ирак республика деп жарыяланып, англиялык согуштук базалар жоюлуп, социалдык-экономикалык реформалар жүргүзүлө баштаган.
Өлкө бир нече ирет мамлекеттик төңкөрүштү башынан өткөргөн. 1979-жылдын аяк ченинде Иран м-н мамилелердин курчушу, 1980–88-жылдардагы Иран-Ирак согушунун чыгышына өбөлгө түзгөн. 1988-жылы эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишимине кол коюлган. 1990-жылы 28-августта Ирак Кувейтти өзүнүн 19-провинциясы деп жарыялап, күч м-н басып алган. 1991-жылы январь–февралда АКШ ж-а анын союздаштары жүргүзгөн «Чөлдөгү бороон» операциясынын натыйжасында Ирак Кувейттен чыгарылган. Ушул эле жылы БУУнун чечими м-н Иракка каршы соода-экономикалык санкция кабыл алынып, Иракка блокада жарыяланган. 2000-жылы Саддам Хусейн БУУ м-н мамилесин бузуп, Ирактан эл аралык инспекторлорду
чыгарып жиберген. 2003-жылы март айында АКШ м-н Улуу Британия Иракка каршы согуштук аракеттерди жүргүзүп («Ирактын эркиндиги» операциясы), өлкөнүн аймагын борбор калаасы м-н бирге ээлеп алган. Иракты башкаруу үчүн убактылуу коалициялык бийлик түзүлгөн. 2004-жылы бийликтин Ирактын Убактылуу өкмөтүнө формалдуу түрдө өткөрүп берилиши, Саддам Хусейндин өлүм жазасына тартылышы өлкөдө шиит, суннит ж-а күрддөрдүн ортосунда карама-каршылыктарды ого бетер күчөткөн.
Чарбасы. Ирактын экономикасынын негизин нефть казып алуу ж-а аны иштетүү түзөт. Анын запасы боюнча (дүйнөлүк запастын 11%и) Сауд Арабиясынан кийинки 2-орунда. Нефть 1979-жылы эң көп (175 млн т) казылып алынган. Иран–Ирак согушу башталганга чейин нефтини экспорттоодон түшкөн киреше жылына 21–26 млрд долларга жеткен. 1958-жылдан кийин агрардык реформа жүргүзүлүп (жер ээликтерге чек коюлган, калгандарын мамлекет сатып алган), банк, камсыздоо коомдору, ири өнөр жана ж-а соода ишканалары мамлекеттештирилип, мамлекеттик сектор түзүлгөн (анын ичинде Ирак улуттук нефть компаниясы, 1964). Ирактагы согуш ж-а 12 жылга созулган эл аралык санкция өлкөнүн социалдык-экономикалык инфраструктурасына өтө зор терс таасирин тийгизди. Өнөр жайы дээрлик кыйраган, айыл чарба ж-а тейлөө чөйрөсү көп залал тарткан. 2006-ж. ИДП 50,7 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 2,9 миң доллардан туура келет. ИДПдеги өнөр жайынын үлүшү 66,6%, тейлөө чөйрөсүнүкү 26,1%, айыл чарбасыныкы 7,3%. Суткасына 2,13 млн баррель нефть казып алынат. Иштетилүүчү кендеринин негизгилери өлкөнүн түндүгүндө (Киркук, Мосул) ж-а түш.-чыгышын-
да (Эз-Зубайр, Эр-Румайла, Нафт-Хан аймактарында) жайгашкан. Нефть ажыратуучу 8 завод, нефть-химия өнөр жай ишканалары иштейт. 2006-жылы 1,75 млн м3 табигый газ, 34,6 млрд кВт.с электр энергиясы (анын 98%и ЖЭСтен) өндүрүлгөн. Цемент, машина куруу (анын ичинде аккумулятор, желдеткич, кондиционер, транспорт жабдуулары да бар), тамак-аш алкоголсуз ичимдиктер, кант ж. б.), текстиль, булгаары, тамеки, кагаз өнөр жай тармактары өнүккөн; ошондой эле фосфорит, уран, күкүрт, таш, туз өндүрүлөт. Индустриялык ири объектилеринин көбү Багдад, Басра, Мосул шаарларынын чегинде жайгашкан.
Дыйканчылыкка жарамдуу жери өлкөнүн аймагынын 27%ке жакынын түзөт, анын 1/2 и сугатка муктаж. 1980-жылдарга карата азык-түлүккө болгон муктаждыгын өзү толук камсыз кылган; 1990-жылдардан баштап айыл чарба өндүрүшү туруктуу кыскара баштап, 21-кылымдын башталышынан өлкөнүн азык түлүккө болгон муктаждыгынын жарымына жакыны импорттон толукталат. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: арпа, буудай, ошондой эле шалы, жүгөрү, гозо, таруу, ак жүгөрү, арпа өстүрүлөт. Жашылчачылык (томат, бадыраң, пияз, баклажан, бамия, ашкабак ж. б.), бакчачылык (дарбыз, коон), бакчылык (цитрус өсүмдүктөрү, алма) ж-а жүзүмчүлүк өнүккөн. 1980-жылдарга чейин Ирак – дүйнөгө курма экспорттоочу негизги өлкө болгон; курма пальмасы негизинен өлкөнүн түштүгүндө өстүрүлөт. Мал чарбасы негизинен тоолуу аймактарда ж-а батышындагы жарым чөлдөрдө өнүккөн; анда бодо мал, кой, эчки, буйвол, төө асыралат.
Тейлөө чөйрөсүнө борбордук банк, 7 мамлекеттик коммерциялык, 19 менчик ж-а 6 эл аралык банк, коопсуздукту камсыз кылуу кызматы кирет. 2003-жылдан кийин туризм дээрлик жок болду. Майда чекене соода ыкчам өнүгүүдө.
Ирактын транспорт тармагы согуштан улам өтө бузулган. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 45,5 миң км (анын ичинде 38,8 миң кми асфальтталган, 1999); Негизги автомобиль жолдору: Иорданиянын чек арасы – Багдад – Басра ж-а Багдадды өлкөнүн бардык шаарлары м-н туташтырган шоссе. Темир жолунун узундугу 2272 км (2006); негизги темир жолдору: Багдад–Басра–Умм-Каср, Багдад–Мосул–Сирия, Багдад–Эр-Рамади–Эль-Каим, Эль- Каим–Акшат, Киркук–Байжи–Эль-Хадита. 6 деңиз порту бар, алардын эң ирилери: Умм-Каср, Басра, Эз-Зубайр. Нефть куюучу 2 терминалы бар. Деңиз соода флотунун 13 кемеси бар. Ирактын аймагындагы Киркук (түндүгүндө) ж-а Эль-Румайла (түштүк-чыгышында) нефть промыселдеринен нефтини пайдалануучу ж-а иштетүүчү жерлерге, Перс булуңунун портторуна нефть куурлары жүргүзүлгөн. Нефть куурларынын жалпы узундугу 5,5 миң км, нефть продукту куурунуку 1,6 миң км, газ куурунуку 2,2 миң км (2006). Сауд Арабиясы, Түркия, Сирия ж-а Ливандын аймактары аркылуу өткөн куур м-н Ирак нефтисин Кызыл ж-а Жер Ортолук деңиз портторуна жеткирип, сырткы рынокко чыгарууга болот. Ички суу жолдорунун узундугу 5279 м; Шатт-эль-Араб, Евфрат ж-а Тигр (Багдадга чейин) дарыяларында кеме жүрөт. Басра ж-а Багдад шаарларында эл аралык, Мосул, Киркук ж-а Эрбиль шаарларында ири аэропорттор бар. Негизинен нефть, ошондой эле курма, булгаары сырьёлору, жүн экспорттолуп, сырттан – азык-түлүк, отун, дары-дармек, өнөр жай товарларын алат. Негизги соода шериктери: АКШ, Сирия, Түркия, Италия, Иордания, Канада, Испания.
Маданияты. Калктын 80%ке жакыны билимдүү. 1959-жылы милдеттүү башталгыч билим берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынып, анда балабакчадан тартып, мектепти аяктаганга чейин мамлекет тарабынан акысыз билим алуу каралган. Окутуу араб тилинде, ал эми айрым түндүк
Ирак акчасы.