КАРА-БУЛАК КѲРҮСТѲНҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА-БУЛАК КѲРҮСТѲНҮ</b> | <b type='title'>КАРА-БУЛАК КѲРҮСТѲНҮ</b> – биздин замандын II–IV кылымдарына
таандык дөбө-мүрзѳлѳр. Баткен облусунун Баткен
районундагы Кара-Булак айылынан 2 <i>км</i> түштүк­тѳ, Түркстан тоо кыркаларынын этегинде жай­гашып, 900дөн ашык мүрзѳдѳн жана таш корум­чалардан турат. Алар – казанактуу жарма жана
төрт бурчтуу жөнөкөй көрлөр. Көрүстөндөрдүн жалпы аянты 1500x150-250 м. Мүрзөлөрдүн диа­метри 6-25 м, бийиктиги 0,30-1,7 м. | ||
[[File:КАРА-БУЛАК КѲРҮСТѲНҮ50.png | thumb | none | [[File:КАРА-БУЛАК КѲРҮСТѲНҮ50.png | thumb | none|436x436px|Индиялык бийчи аялдын
сөлөкөтүндѳгү коло күзгүнүн
сабы. ]]Жарма көр­лөргө көмүлгөн адамдардын сөөгү чалкасынан
же оң жак капталына жаткырылган абалда,
баштары түштүккө багытталып, саман же арча
бүчүрлөрү төшөлүп, табытка салынып коюлган.
Адамдын денеси катырылып коюлган мүрзөлөр
да кездешет. Мүрзөлөрдөн жибек кездемелер,
чопо жана жыгач идиштер, темир бычак, жаң­гак, койдун сөөктѳрү салынган себеттер, отургуч­тар жана башка буюмдар көп табылган. Эркектер көмүлгөн мүрзөлөрдөн канжар, жаа, жебенин уч­тары, ал эми аялдар коюлган көрлөрдө азем
буюмдар (анын ичинде индиялык бийчи аялдын сөлөкөтүндөгү салынган коло күзгүнүн сабы), ийик­тин башы, себеттер көбүрөөк кездешкен. 1954-–1959-жылдары археолог Ю. Д. Баруздин 140тай, 1976-жылы
археолог В. П. Мокрынин 20дан ашуун мүрзөнү
казып, изилдеген. | ||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
07:59, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА-БУЛАК КѲРҮСТѲНҮ – биздин замандын II–IV кылымдарына таандык дөбө-мүрзѳлѳр. Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак айылынан 2 км түштүктѳ, Түркстан тоо кыркаларынын этегинде жайгашып, 900дөн ашык мүрзѳдѳн жана таш корумчалардан турат. Алар – казанактуу жарма жана төрт бурчтуу жөнөкөй көрлөр. Көрүстөндөрдүн жалпы аянты 1500x150-250 м. Мүрзөлөрдүн диаметри 6-25 м, бийиктиги 0,30-1,7 м.

Жарма көрлөргө көмүлгөн адамдардын сөөгү чалкасынан же оң жак капталына жаткырылган абалда, баштары түштүккө багытталып, саман же арча бүчүрлөрү төшөлүп, табытка салынып коюлган. Адамдын денеси катырылып коюлган мүрзөлөр да кездешет. Мүрзөлөрдөн жибек кездемелер, чопо жана жыгач идиштер, темир бычак, жаңгак, койдун сөөктѳрү салынган себеттер, отургучтар жана башка буюмдар көп табылган. Эркектер көмүлгөн мүрзөлөрдөн канжар, жаа, жебенин учтары, ал эми аялдар коюлган көрлөрдө азем буюмдар (анын ичинде индиялык бийчи аялдын сөлөкөтүндөгү салынган коло күзгүнүн сабы), ийиктин башы, себеттер көбүрөөк кездешкен. 1954-–1959-жылдары археолог Ю. Д. Баруздин 140тай, 1976-жылы археолог В. П. Мокрынин 20дан ашуун мүрзөнү казып, изилдеген.