КАРА-БАТКАК МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА-БАТКАК МӨҢГҮСҮ</b> – Тескей Ала-Тоонун | <b type='title'>КАРА-БАТКАК МӨҢГҮСҮ</b> – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы жабык төр тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,5 <i>км,</i> туурасы 300–400 <i>м</i>, аянты 4,5 <i>км</i><sup>2</sup>. Чоң Кызыл-Суунун алабында жайгашкан. Мөң­гүнүн башы деңиз деңгээлинен 4800 <i>м</i>, этеги 3300 <i>м</i> бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4050 <i>м</i>. Абляциясынын аянты 1,6 <i>км</i><sup>2</sup>. Мөңгү таманы бир аз жантайыңкы келип, кенен төрдө жатат. | ||
Чоң Кызыл-Суунун алабында жайгашкан. Мөң­гүнүн башы деңиз | |||
[[File:КАРА-БАТКАК МӨҢГҮСҮ47.png | thumb | Кара-Баткак мөңгүсүнүн тулкусу.]] | [[File:КАРА-БАТКАК МӨҢГҮСҮ47.png | thumb | Кара-Баткак мөңгүсүнүн тулкусу.]] | ||
Куралуу облусу м-н «тилинин» ортосунда би­ | Куралуу облусу м-н «тилинин» ортосунда би­йиктиги 20–30 <i>м</i>дей келген мөңгү жатат. Мөңгүнүн сол жак четинде тоо тектердин уранды сынык­тары үйүлүп корумду түзөт. Каптал морена бар. Зор дого сымал аяккы морена м-н мөңгүнүн эте­гинин аралыгында мөңгү көлү пайда болгон.<br>Мөңгү тартылууда (жылына 5–6 <i>м</i>). Калыңды­гы 50 <i>м</i>ден 80 <i>м</i>ге чейин өзгөрөт. Андан агып чыккан суу Чоң Кызыл-Суунун оң куймасы Кашка-Төргө куят. Мөңгүгө 1947-жылдан тар­тып үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүүдө. Эл аралык геофизикалык жылдын (1957-жыл, 1-июль) программа­сы боюнча 1-категориядагы байкоолорду жүргүзүү үчүн атайын тандалган. СССР убагында анын материалдары Москвадагы ж-а Цюрихтеги эл аралык илимий борборлорго жөнөтүлүп турган. Ки­йинки мезгилде мөңгүдө кээ бир гляциалдык­-метеорологиялык байкоо-изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Экологиялык жактан таза, туюк төр. | ||
сол жак четинде тоо тектердин уранды сынык­тары үйүлүп корумду түзөт. Каптал морена бар. Зор дого сымал аяккы морена м-н мөңгүнүн эте­гинин аралыгында мөңгү көлү пайда болгон.<br> | |||
Мөңгү тартылууда (жылына 5–6 <i>м</i>). Калыңды­гы 50 <i>м</i>ден 80 <i>м</i>ге чейин өзгөрөт. Андан агып | |||
чыккан суу Чоң Кызыл-Суунун оң куймасы Кашка-Төргө куят. Мөңгүгө 1947-жылдан тар­тып үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүүдө. Эл аралык | |||
үчүн атайын тандалган. СССР убагында анын материалдары Москвадагы ж-а Цюрихтеги эл аралык | |||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
05:18, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА-БАТКАК МӨҢГҮСҮ – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы жабык төр тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,5 км, туурасы 300–400 м, аянты 4,5 км2. Чоң Кызыл-Суунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4800 м, этеги 3300 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4050 м. Абляциясынын аянты 1,6 км2. Мөңгү таманы бир аз жантайыңкы келип, кенен төрдө жатат.

Куралуу облусу м-н «тилинин» ортосунда бийиктиги 20–30 мдей келген мөңгү жатат. Мөңгүнүн сол жак четинде тоо тектердин уранды сыныктары үйүлүп корумду түзөт. Каптал морена бар. Зор дого сымал аяккы морена м-н мөңгүнүн этегинин аралыгында мөңгү көлү пайда болгон.
Мөңгү тартылууда (жылына 5–6 м). Калыңдыгы 50 мден 80 мге чейин өзгөрөт. Андан агып чыккан суу Чоң Кызыл-Суунун оң куймасы Кашка-Төргө куят. Мөңгүгө 1947-жылдан тартып үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүүдө. Эл аралык геофизикалык жылдын (1957-жыл, 1-июль) программасы боюнча 1-категориядагы байкоолорду жүргүзүү үчүн атайын тандалган. СССР убагында анын материалдары Москвадагы ж-а Цюрихтеги эл аралык илимий борборлорго жөнөтүлүп турган. Кийинки мезгилде мөңгүдө кээ бир гляциалдык-метеорологиялык байкоо-изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Экологиялык жактан таза, туюк төр.