КАП ҮҢКҮРҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАП ҮҢКҮРҮ</b> – Россиядагы | <b type='title'>КАП ҮҢКҮРҮ</b> – Россиядагы Түштүк Уралдын ба­тыш капталындагы эң ири карст үңкүрү; табият, тарых жана маданият эстелиги. Шульганов (башка аты Гадельгареев) кыштагында, Ак (Белая) суусу­нун оң жээгинде. Үңкүр акиташ жана доломит тектеринин арасында пайда болуп, 14 <i>м</i> келген тик кудук аркылуу туташкан ири оюктардан жана кенен коридорлордон турат. Алар эки ярус­ка жайгашып, жалпы узундугу 2 <i>км</i>ден ашык. Ду­балга таш доорунун аягында тартылган сүрөттөр төмөнкү, үстүнкү ярустарда тең кездешет. Ма­монт, жылкы, керик, бизон жана башкалардын 50дөн ашык сүрөттөрү, геометриялык формалар кызыл охра менен тартылып, каралжын сыя көк-күрөң, кара боёктор пайдаланылган. Сүрөттөр түрдүү масш­табда берилген. 50 <i>м</i><sup>2 </sup>аянтта маданият катмары табылган. Казуу учурунда таш менен сөөктөн жа­салган буюмдар (анын ичинде курал-жарактар жана жа­салгалар), ылайдан жасалган чырак, сүрөттөр тартылган дубалда охрага окшош минералдык боёктордун таарындылары табылып, байыркы убакта дубалдан кулаган акиташта жаныбар­дын (болжолу мамонттун) сүрөтү тартылган фрагмент сакталган. | ||
[[File:КАП ҮҢКҮРҮ42.png | thumb | Үңкүрдөгү дубалга тартылган сүрөттөр.]] | [[File:КАП ҮҢКҮРҮ42.png | thumb | Үңкүрдөгү дубалга тартылган сүрөттөр.]] | ||
Ад.: <i>Кудряшов И. К.</i> Путеводитель по Каповой пе­щере. Уфа. 1969; <i>Широков В. Н.</i> Искусство под сво­дами пещер // Культовые памятники горно-лестного Урала. Екатеринбург, 2004; Капова пещера //Большая Российская Энциклопедия, Т. 13. М., 2009. | Ад.: <i>Кудряшов И. К.</i> Путеводитель по Каповой пе­щере. Уфа. 1969; <i>Широков В. Н.</i> Искусство под сво­дами пещер // Культовые памятники горно-лестного Урала. Екатеринбург, 2004; Капова пещера //Большая Российская Энциклопедия, Т. 13. М., 2009. | ||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
04:53, 7 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАП ҮҢКҮРҮ – Россиядагы Түштүк Уралдын батыш капталындагы эң ири карст үңкүрү; табият, тарых жана маданият эстелиги. Шульганов (башка аты Гадельгареев) кыштагында, Ак (Белая) суусунун оң жээгинде. Үңкүр акиташ жана доломит тектеринин арасында пайда болуп, 14 м келген тик кудук аркылуу туташкан ири оюктардан жана кенен коридорлордон турат. Алар эки яруска жайгашып, жалпы узундугу 2 кмден ашык. Дубалга таш доорунун аягында тартылган сүрөттөр төмөнкү, үстүнкү ярустарда тең кездешет. Мамонт, жылкы, керик, бизон жана башкалардын 50дөн ашык сүрөттөрү, геометриялык формалар кызыл охра менен тартылып, каралжын сыя көк-күрөң, кара боёктор пайдаланылган. Сүрөттөр түрдүү масштабда берилген. 50 м2 аянтта маданият катмары табылган. Казуу учурунда таш менен сөөктөн жасалган буюмдар (анын ичинде курал-жарактар жана жасалгалар), ылайдан жасалган чырак, сүрөттөр тартылган дубалда охрага окшош минералдык боёктордун таарындылары табылып, байыркы убакта дубалдан кулаган акиташта жаныбардын (болжолу мамонттун) сүрөтү тартылган фрагмент сакталган.

Ад.: Кудряшов И. К. Путеводитель по Каповой пещере. Уфа. 1969; Широков В. Н. Искусство под сводами пещер // Культовые памятники горно-лестного Урала. Екатеринбург, 2004; Капова пещера //Большая Российская Энциклопедия, Т. 13. М., 2009.