КАНСЫЗ СОГУШ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАНСЫЗ СОГУШ</b> – | <b type='title'>КАНСЫЗ СОГУШ</b> (англ. Cold War) – ар кандай социалдык-экономикалык системадагы (социалисттик жана капиталисттик) мамлекеттердин эки блогунун ортосундагы кеңири (геосаясий, аскердик, технологиялык, экономикалык жана идеологиялык) масштабдагы тирешүүнүн маанисин түшүндүргөн саясий термин. [[Экинчи дүйнөлүк согуш]]та (1939–1945) [[Германия]], [[Италия]] жана [[Япония]]нын жеңилиши дүйнөдө­гү саясий абал кайрадан өзгөрүп, эки күчтүү дер­жава – [[СССР]] ж. б. Экономикалык өз ара жардамдашуу совети, Варшава келишиминдеги социалисттик өл­көлөр менен АКШ жана анын [[Түндүк Атлантика согуш блогу]]ндагы (НАТО) союздаштарынын ортосунда согуштук-саясий [[конфронтация]]ны жараткан. Алардын жеке кызыкчылыгы өз алдынча саясий [[догма]]га айланып, бул учур курал-жаракты түз пайдаланбай, башкача айтканда бири-бирине каршы турган согуштук-саясий блок, стратегиялык-согуш базаларын жана плацдармдарды түзүү, түрдүү экономикалык кысымдарды ([[Эмбарго|эм­барго]], [[экономикалык блокада]]) кеңири колдонуу менен мү­нөздөлгөн. Кансыз согуш негизинен Октябрь революциясынан (1917) кийин Советтер Союзунда марксизм-ленинизм­дик идеологияга басым жасалышына байланыш­туу эки системанын (кара: [[Капитализм]], [[Социализм|Социа­лизм]]) карама-каршылыгы күчөп, акыры [[Пролетариат|про­летариат]]тын жардамы менен акыры социализм жеңип, [[коммунизм]] орнойт деген илимий көз караш ар­кылуу калыптанган. 1945-жылдан кийин дүйнө­дөгү көп полюстуу өнүгүү эки гана полюстуу (би­полярдык) өнүгүүгө өтүп, өзгөчө 1947-жылы У<i>.</i> [[Черчилл|Чер­чилл]]дин Фултондогу (АКШ) сүйлөгөн сөзүнөн кийин мындай тирешүү өзүнүн эң жогорку дең­гээлине жеткен. Ал эми дүйнөдө социалист­тик лагердин түзүлүшүнө байланыштуу [[Ядролук|ядро­лук]] (АКШда 1945-жыл, СССРде 1949-жыл), [[Водороддук|водо­роддук]] бомбаларды (АКШда 1952-жыл, СССРде 1953-жыл) сыноо ж. б. жаңы согуштук куралды өнүктүрүү күч алган. АКШ Түндүк Атлантика со­гуш блогун (НАТО), СССР Экономикалык өз ара жардам­дашуу кеңешин (СЭВ) жана Варшава келишимин түзгөн. Мындай тирешүүлөр Германиянын ГДР менен ГФРге (1949) жана [[Корея]]нын Түндүк, Түштүк бо­луп бөлүнүшүнө (1953) алып келген. 1960-жыл­дардын аягында Чыгыш Европада СССРдин үстөмдүгүнүн бекемделиши жана АКШнын [[Вьетнам|Вьет­нам]]га ийгиликсиз интервенциясы, [[Кытай]] менен СССРдин ортосундагы коммунисттик идеология­дагы келишпестик жана кошулбоо кыймылынын түзүлүшү, 1960-жылдарда кансыз согуштун курчтугун азайткан. Эки өлкөдө тең салмактуу (паритет) абал түзүлүп, саясий мамилелер да өзгөрө баш­таган. Эки мамлекеттин ортосунда мамиленин жакшырышына байланыштуу атмосферада, кос­мосто жана сууда ядролук куралды сыноого тыюу салуу (1963), аны таратпоо келишимдери (1968) түзүлгөн. 1970-жылы АКШ менен СССРдин ортосунда стратегиялык куралданууну чектөө (ОСВ-1, ОСВ-2) жана ракетага каршы коргонуу (ПРО) ке­лишимдерине кол коюлган. Бирок 1979-жылы СССРдин [[Афганстан]]га аскерин киргизиши жана АКШнын ОСВ-2 келишимин ратификациялоо­дон баш тартышы менен эки мамлекеттин мами­леси начарлап, кансыз согуштун күчөшүнө түрткү бол­гон. 1980-жылдардагы Советтер Союзундагы кай­ра куруу, айкындуулук, куралсыздандыруу (ку­ралданууну контролго алуу) боюнча сүйлөшүүлөр, 1989-жылы советтик аскерлердин Афганстандан чыгышы, социалисттик лагердеги, кийин СССРдеги саясий-экономикалык кризистер, Варшава келишиминин таркатылы­шы (1990), Германиянын биригиши (1990) Чы­гыш-Батыш мамилелеринин жөнгө салынышы­на шарт түзгөн. Натыйжада Чыгыш менен Батыш­тын ортосундагы эл аралык мамиленин курчу­шун күчөтө турган экономикалык, илимий-техникалык шарттар не­гизги ролун жоготкондуктан, 80-жылдардын аягында – 90-жылдардын башында мурдагы социалисттик системадагы көптөгөн өлкөлөр демократиялык негизде кайра түзүлүшү кансыз согуш токтошуна алып келген. | ||
өнүктүрүү күч алган. АКШ | |||
үстөмдүгүнүн бекемделиши | |||
аягында – 90-жылдардын башында мурдагы | |||
системадагы көптөгөн өлкөлөр | |||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
08:23, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КАНСЫЗ СОГУШ (англ. Cold War) – ар кандай социалдык-экономикалык системадагы (социалисттик жана капиталисттик) мамлекеттердин эки блогунун ортосундагы кеңири (геосаясий, аскердик, технологиялык, экономикалык жана идеологиялык) масштабдагы тирешүүнүн маанисин түшүндүргөн саясий термин. Экинчи дүйнөлүк согушта (1939–1945) Германия, Италия жана Япониянын жеңилиши дүйнөдөгү саясий абал кайрадан өзгөрүп, эки күчтүү держава – СССР ж. б. Экономикалык өз ара жардамдашуу совети, Варшава келишиминдеги социалисттик өлкөлөр менен АКШ жана анын Түндүк Атлантика согуш блогундагы (НАТО) союздаштарынын ортосунда согуштук-саясий конфронтацияны жараткан. Алардын жеке кызыкчылыгы өз алдынча саясий догмага айланып, бул учур курал-жаракты түз пайдаланбай, башкача айтканда бири-бирине каршы турган согуштук-саясий блок, стратегиялык-согуш базаларын жана плацдармдарды түзүү, түрдүү экономикалык кысымдарды (эмбарго, экономикалык блокада) кеңири колдонуу менен мүнөздөлгөн. Кансыз согуш негизинен Октябрь революциясынан (1917) кийин Советтер Союзунда марксизм-ленинизмдик идеологияга басым жасалышына байланыштуу эки системанын (кара: Капитализм, Социализм) карама-каршылыгы күчөп, акыры пролетариаттын жардамы менен акыры социализм жеңип, коммунизм орнойт деген илимий көз караш аркылуу калыптанган. 1945-жылдан кийин дүйнөдөгү көп полюстуу өнүгүү эки гана полюстуу (биполярдык) өнүгүүгө өтүп, өзгөчө 1947-жылы У. Черчиллдин Фултондогу (АКШ) сүйлөгөн сөзүнөн кийин мындай тирешүү өзүнүн эң жогорку деңгээлине жеткен. Ал эми дүйнөдө социалисттик лагердин түзүлүшүнө байланыштуу ядролук (АКШда 1945-жыл, СССРде 1949-жыл), водороддук бомбаларды (АКШда 1952-жыл, СССРде 1953-жыл) сыноо ж. б. жаңы согуштук куралды өнүктүрүү күч алган. АКШ Түндүк Атлантика согуш блогун (НАТО), СССР Экономикалык өз ара жардамдашуу кеңешин (СЭВ) жана Варшава келишимин түзгөн. Мындай тирешүүлөр Германиянын ГДР менен ГФРге (1949) жана Кореянын Түндүк, Түштүк болуп бөлүнүшүнө (1953) алып келген. 1960-жылдардын аягында Чыгыш Европада СССРдин үстөмдүгүнүн бекемделиши жана АКШнын Вьетнамга ийгиликсиз интервенциясы, Кытай менен СССРдин ортосундагы коммунисттик идеологиядагы келишпестик жана кошулбоо кыймылынын түзүлүшү, 1960-жылдарда кансыз согуштун курчтугун азайткан. Эки өлкөдө тең салмактуу (паритет) абал түзүлүп, саясий мамилелер да өзгөрө баштаган. Эки мамлекеттин ортосунда мамиленин жакшырышына байланыштуу атмосферада, космосто жана сууда ядролук куралды сыноого тыюу салуу (1963), аны таратпоо келишимдери (1968) түзүлгөн. 1970-жылы АКШ менен СССРдин ортосунда стратегиялык куралданууну чектөө (ОСВ-1, ОСВ-2) жана ракетага каршы коргонуу (ПРО) келишимдерине кол коюлган. Бирок 1979-жылы СССРдин Афганстанга аскерин киргизиши жана АКШнын ОСВ-2 келишимин ратификациялоодон баш тартышы менен эки мамлекеттин мамилеси начарлап, кансыз согуштун күчөшүнө түрткү болгон. 1980-жылдардагы Советтер Союзундагы кайра куруу, айкындуулук, куралсыздандыруу (куралданууну контролго алуу) боюнча сүйлөшүүлөр, 1989-жылы советтик аскерлердин Афганстандан чыгышы, социалисттик лагердеги, кийин СССРдеги саясий-экономикалык кризистер, Варшава келишиминин таркатылышы (1990), Германиянын биригиши (1990) Чыгыш-Батыш мамилелеринин жөнгө салынышына шарт түзгөн. Натыйжада Чыгыш менен Батыштын ортосундагы эл аралык мамиленин курчушун күчөтө турган экономикалык, илимий-техникалык шарттар негизги ролун жоготкондуктан, 80-жылдардын аягында – 90-жылдардын башында мурдагы социалисттик системадагы көптөгөн өлкөлөр демократиялык негизде кайра түзүлүшү кансыз согуш токтошуна алып келген.