КАН КУЮУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАН КУЮУ</b> – дарылоо максатында оорулуунун | <b type='title'>КАН КУЮУ</b> – дарылоо максатында оорулуунун кан тамырына (реципиентке) донор канын же кан дары-дармектерин куюу. Эритроциттин са­нын толуктоо, айланган кандын көлөмүн ж-а анын осмос басымын калыбына келтирүү үчүн, ошондой эле ууланганда канга аралжы заттар (физиологиялык эритме) пайдаланылат. Оорулуунун канына до­нордун каны туура келгенде гана куюлат. Хи­рургиялык операция убагында кеткен канды толук­тап, оорулуунун организмин уулуу заттардан арылтып, инфекцияга туруктуулугун жогору­латат, кан басымын жөнгө келтирип, дем алууну жакшыртат. Оорулууга түздөн-түз донордон ре­ципиентке же алдын ала консерваланып, даяр­далган кан куюлат. Ар бир кан куюунун алдында кан топтору, резус-фактор, донор м-н реципиент­тин канынын биологиялык жактан туура келиши тек­шерилет. Эреже боюнча бирдей топтогу кан кую­лат. 1-топтогу резус – терс кан башка бардык топтогу оорулуунун канына туура келет. Кан куюу катуу кырсыкка кабылганда, кан көп кеткен операцияда, ичке кан көп акканда, күйүктө, аз кандуулукта, жугуштуу ооруларда ж. б. колдо­нулат. | ||
кан тамырына (реципиентке) донор канын же кан дары-дармектерин куюу. Эритроциттин са­нын толуктоо, айланган кандын көлөмүн ж-а анын осмос басымын калыбына келтирүү үчүн, | |||
топтогу оорулуунун канына туура келет. | |||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
08:01, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАН КУЮУ – дарылоо максатында оорулуунун кан тамырына (реципиентке) донор канын же кан дары-дармектерин куюу. Эритроциттин санын толуктоо, айланган кандын көлөмүн ж-а анын осмос басымын калыбына келтирүү үчүн, ошондой эле ууланганда канга аралжы заттар (физиологиялык эритме) пайдаланылат. Оорулуунун канына донордун каны туура келгенде гана куюлат. Хирургиялык операция убагында кеткен канды толуктап, оорулуунун организмин уулуу заттардан арылтып, инфекцияга туруктуулугун жогорулатат, кан басымын жөнгө келтирип, дем алууну жакшыртат. Оорулууга түздөн-түз донордон реципиентке же алдын ала консерваланып, даярдалган кан куюлат. Ар бир кан куюунун алдында кан топтору, резус-фактор, донор м-н реципиенттин канынын биологиялык жактан туура келиши текшерилет. Эреже боюнча бирдей топтогу кан куюлат. 1-топтогу резус – терс кан башка бардык топтогу оорулуунун канына туура келет. Кан куюу катуу кырсыкка кабылганда, кан көп кеткен операцияда, ичке кан көп акканда, күйүктө, аз кандуулукта, жугуштуу ооруларда ж. б. колдонулат.