КАНАТ ХАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАНАТ ХАН</b> , К а н а т Ы б ы к е у у л у (Абукин) (1860, Кочкор өрөөнү – 1916, Верный) –
<b type='title'>КАНАТ ХАН</b> , К а н а т Ы б ы к е у у л у (Абукин) (1860, Кочкор өрөөнү – 1916, Верный) – 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылы&shy;нын көрүнүктүү жетекчиси. Саясий ишмердиги 25 жашында башталган. 1885-жылы Абайылда бо&shy;луштугунун (Кочкор өрөөнү) башчылыгына шай&shy;ланган. Канат хан билимге умтулган адам болуп, 1914-жылы өз каражатына Талаа-Булакка медресе салдырган. Ыскак деген баласы Уфадагы «Мед&shy;ресе-и Галияда», кичүү балдары Пишпектеги гимназияда окуган. 1916-жылы 25-июндагы пады&shy;шанын буйругуна ылайык, жергиликтүү элден 19 жаш&shy;тан – 43 жашка чейинкилерди аскердик-оорук иштерине алуу үчүн Пишпек уездинин убакты&shy;луу начальниги Рымшеевич 6-августта болуш башчыларын жыйнап, жумушка алынуучу&shy;лардын тизмесин берүүнү талап кылган. Эл акылдашып, аны аткаруудан баш тарткан (к. <i>Кыргыздардын 1916-ж. көтөрүлүшү, Үркүн</i>). Ошол жыйында Канат хандын башына ак селде, үстүнө кызыл жибек чепкен, алдына ак боз ат мингизип, хан шайлап, ант беришкен. 10-ав&shy;густ күнү Канат хан ж-а Д. Шыгаев башкарган 3 миң кол Столыпино (азыркы Кочкор) айылын ка&shy;моого алышкан. Столыпино бошотулгандан кийин Канат хан 2 миңден ашык колу м-н Шамшы&shy;нын бели аркылуу Чүйгө аттанган. Шамшы, Ты&shy;най, Бурана, Нурманбет ж. б. болуштугу чогу&shy;луп, аны экинчи жолу хан көтөрүшөт. Кегети, Подгорный, Сынташ, Кең-Булуң, Эски Токмок (Покровка) ж. б. айылдарды каратып, Жаңы Токмокту курчоого алышкан. Ташкенттен 4 пулемёт, 1 замбирекчен жазалоочу отряд (4 рота) ж-а казак-орус аскер бөлүгү келип, 22-августта Канат хандын колун кайра Кочкорго чегинүүгө арга&shy;сыз кылган. Бул жерден ага 700 киши м-н <i>Көкүмбай</i> Чыны уулу кошулган. 25–26-август&shy;та алар Нарындан келе жаткан орус отрядын тосуп, Жоон-Арык, Боз-Бекет ж-а Кочкордо сал&shy;гылашкан. Куралы начардыгынан жеңилүүгө учураган көтөрүлүшчүлөр 5 күндөн кийин Тар&shy;мал-Сазга чегинген. Ушул учурда Жумгал та&shy;раптан келген орус отряды аларды курчоого алып кырышкан. Канат хан Кытайга бара жатып, жазалоого кабылган элден бөлүнбөйм деп кай&shy;ра кайтып келген. Ал 18-октябрда туткунда&shy;лып, Верный шаарында өлүм жазасына буй&shy;рулган.
1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылы&shy;нын көрүнүктүү жетекчиси. Саясий ишмердиги 25 жашында башталган. 1885-ж. Абайылда бо&shy;луштугунун (Кочкор өрөөнү) башчылыгына шай&shy;ланган. К. х. билимге умтулган адам болуп, 1914-ж. өз каражатына Талаа-Булакка медресе салдырган. Ыскак деген баласы Уфадагы «Мед&shy;ресе-и Галияда», кичүү балдары Пишпектеги гимназияда окуган. 1916-ж. 25-июндагы пады&shy;шанын буйругуна ылайык, жерг. элден 19 жаш&shy;тан – 43 жашка чейинкилерди аскердик-оорук
иштерине алуу үчүн Пишпек уездинин убакты&shy;луу начальниги Рымшеевич 6-августта болуш башчыларын жыйнап, жумушка алынуучу&shy;лардын тизмесин берүүнү талап кылган. Эл акылдашып, аны аткаруудан баш тарткан (к. <i>Кыргыздардын 1916-ж. көтөрүлүшү, Үркүн</i>). Ошол жыйында К. х-дын башына ак селде,
үстүнө кызыл жибек чепкен, алдына ак боз ат мингизип, хан шайлап, ант беришкен. 10-ав&shy;густ күнү К. х. ж-а Д. Шыгаев башкарган 3 миң кол Столыпино (азыркы Кочкор) айылын ка&shy;моого алышкан. Столыпино бошотулгандан кийин К. х. 2 миңден ашык колу м-н Шамшы&shy;нын бели аркылуу Чүйгө аттанган. Шамшы, Ты&shy;най, Бурана, Нурманбет ж. б. болуштугу чогу&shy;луп, аны экинчи жолу хан көтөрүшөт. Кегети, Подгорный, Сынташ, Кең-Булуң, Эски Токмок (Покровка) ж. б. айылдарды каратып, Жаңы Токмокту курчоого алышкан. Ташкенттен 4 пулемёт, 1 замбирекчен жазалоочу отряд (4 рота) ж-а казак-орус аскер бөлүгү келип, 22-августта К. х-дын колун кайра Кочкорго чегинүүгө арга&shy;сыз кылган. Бул жерден ага 700 киши м-н
<i>Көкүмбай</i> Чыны уулу кошулган. 25–26-август&shy;та алар Нарындан келе жаткан орус отрядын тосуп, Жоон-Арык, Боз-Бекет ж-а Кочкордо сал&shy;гылашкан. Куралы начардыгынан жеңилүүгө учураган көтөрүлүшчүлөр 5 күндөн кийин Тар&shy;мал-Сазга чегинген. Ушул учурда Жумгал та&shy;раптан келген орус отряды аларды курчоого алып кырышкан. К. х. Кытайга бара жатып, жазалоого кабылган элден бөлүнбөйм деп кай&shy;ра кайтып келген. Ал 18-октябрда туткунда&shy;лып, Верный ш-нда өлүм жазасына буй&shy;рулган.




11 сап: 7 сап:
<p align='right'><i type='author'>Т. Асанов, Э. Турганбаев.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Т. Асанов, Э. Турганбаев.</i></p>
[[Категория:4-том, 51-100 бб]]
[[Категория:4-том, 51-100 бб]]

11:01, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАНАТ ХАН , К а н а т Ы б ы к е у у л у (Абукин) (1860, Кочкор өрөөнү – 1916, Верный) – 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылы­нын көрүнүктүү жетекчиси. Саясий ишмердиги 25 жашында башталган. 1885-жылы Абайылда бо­луштугунун (Кочкор өрөөнү) башчылыгына шай­ланган. Канат хан билимге умтулган адам болуп, 1914-жылы өз каражатына Талаа-Булакка медресе салдырган. Ыскак деген баласы Уфадагы «Мед­ресе-и Галияда», кичүү балдары Пишпектеги гимназияда окуган. 1916-жылы 25-июндагы пады­шанын буйругуна ылайык, жергиликтүү элден 19 жаш­тан – 43 жашка чейинкилерди аскердик-оорук иштерине алуу үчүн Пишпек уездинин убакты­луу начальниги Рымшеевич 6-августта болуш башчыларын жыйнап, жумушка алынуучу­лардын тизмесин берүүнү талап кылган. Эл акылдашып, аны аткаруудан баш тарткан (к. Кыргыздардын 1916-ж. көтөрүлүшү, Үркүн). Ошол жыйында Канат хандын башына ак селде, үстүнө кызыл жибек чепкен, алдына ак боз ат мингизип, хан шайлап, ант беришкен. 10-ав­густ күнү Канат хан ж-а Д. Шыгаев башкарган 3 миң кол Столыпино (азыркы Кочкор) айылын ка­моого алышкан. Столыпино бошотулгандан кийин Канат хан 2 миңден ашык колу м-н Шамшы­нын бели аркылуу Чүйгө аттанган. Шамшы, Ты­най, Бурана, Нурманбет ж. б. болуштугу чогу­луп, аны экинчи жолу хан көтөрүшөт. Кегети, Подгорный, Сынташ, Кең-Булуң, Эски Токмок (Покровка) ж. б. айылдарды каратып, Жаңы Токмокту курчоого алышкан. Ташкенттен 4 пулемёт, 1 замбирекчен жазалоочу отряд (4 рота) ж-а казак-орус аскер бөлүгү келип, 22-августта Канат хандын колун кайра Кочкорго чегинүүгө арга­сыз кылган. Бул жерден ага 700 киши м-н Көкүмбай Чыны уулу кошулган. 25–26-август­та алар Нарындан келе жаткан орус отрядын тосуп, Жоон-Арык, Боз-Бекет ж-а Кочкордо сал­гылашкан. Куралы начардыгынан жеңилүүгө учураган көтөрүлүшчүлөр 5 күндөн кийин Тар­мал-Сазга чегинген. Ушул учурда Жумгал та­раптан келген орус отряды аларды курчоого алып кырышкан. Канат хан Кытайга бара жатып, жазалоого кабылган элден бөлүнбөйм деп кай­ра кайтып келген. Ал 18-октябрда туткунда­лып, Верный шаарында өлүм жазасына буй­рулган.



Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 2. Б., 1993; Үркүн. 1916/ Түз.: Э. Кылычев, Н. Капаров. Б., 1993; Усенбаев К. 1916: Героические и траги­ческие страницы. Б., 1997; Егембердиев Ж. Канат хан. Б., 2006;

Т. Асанов, Э. Турганбаев.