ИНТЕГРАЦИЯ (этнология илиминде): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

09:30, 28 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИНТЕГРА́ЦИЯ (лат. integratio –калыбына кел­тирүү, толтуруу; integer – бүтүн) – этнология илиминде этносторду бириктирүү процессинде­ги көрүнүштөрдүн бири. Бир мамлекетте же ири аймакта чогуу жашап, тили, маданияты, үрп-ада­ты, салттары бири бирине окшобогон элдердин ортосунда жалпы элементтердин пайда болуу процесси. Бул процесс жаңы этностук топтун пайда болушуна алып келбестен, эки же андан көп этностордун ортосунда тилдик окшоштук­тарга, маданий системалардын жалпылыгына алып келет. Дүйнө элдеринин тарыхый, этно­маданий өнүгүүсүндө И. Процесси прогрессивдүү ролду ойноп келген. 19-кылымдын 2-жарымынан Орто Азиянын отурукташкан элдеринин ж-а кел­гиндердин таасиринин натыйжасында кыргыз элинин салттуу жашоо-тиричилиги кескин өз­гөрө баштап, 20-кылымда Кыргызстанда ар кандай маданияттар м-н жалпылык белгилери пайда бол­гон. Коммунисттик идеологияга ылайык жалпы совет суперэтносун түзүү максатында Советтер Союзунда жашаган бардык элдердин улуттук, жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн, тилин дагы жоюп, орус тилинин ж-а маданиятынын негизинде жаңы совет элин түзүү болуп эсептелген. Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында интеграциянын айрым терс көрүнүштөрүнүн бири– «маңкуртчу­лук» идеясы чагылдырылган.

А. Көчкүнов.