КАЛЬЦИЙ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КА́ЛЬЦИЙ</b> (лат. Calcium), Са – <i>элементтердин | <b type='title'>КА́ЛЬЦИЙ</b> (лат. Calcium), Са – <i>элементтердин мезгилдик системасынын II</i> тобунда жайгаш­кан химиялык элемент; атомдук номери 20, атомдук массасы 40,08; ты­гыздыгы 1,54 <i>г/см</i><sup>3</sup>; эрүү t 851°С; кайноо t 1492°С. Табиятта туруктуу 6 изотобу бар: <sup>40</sup>Са, <sup>44</sup>Са, <sup>42</sup>Са, <sup>48</sup>Са, <sup>43</sup>Са ж-а <sup>46</sup>Са. Табигый бирикмелери: СаСО<sub>3 </sub>– арагонит, CaMg(CO<sub>3</sub>)<sub>2 </sub>– доломит, CaF<sub>2 </sub>– флюорит, CaSO<sub>4</sub>–2H<sub>2</sub>O – гипс; Са3(РО<sub>4</sub>)<sub>2 </sub>– фос­форит ж. б. Кальций – күмүш сымал ак, жеңил ме­талл. Металл түрүндөгү кальцийди 1808-жылы англиялык хи­мик Г. Дэви алган. Жер кыртышында массасы боюнча 2,96%ти ээлеп, O, Si, Al, Feден кийинки 5-орунда турат. Кальций ысытканда бардык металлдар­ды алардын оксиддеринен, сульфиддеринен ж-а галогениддеринен сүрүп чыгарат. Кадимки темпе­ратурада кальций <i>кычкылтек</i> м-н реакцияга оңой кирип, СаОну пайда кылат, СаО сууда эрип, күчтүү не­гизди Са(ОН)<sub>2 </sub>берет. Кальций бардык кислота м-н реак­цияга оңой кирип, суутекти сүрүп чыгарат. <i>Га­логендер</i> м-н аракеттенип, тиешелүү туздарды, кургак суутек м-н аракеттенип гидриддерди, гра­фит м-н кошуп ысытканда, карбиддерди пайда кылат. Кальций эритилген СаСl<sub>2</sub>ни электролиздөө ж-а алюминотермиялык жол м-н алынат: 6CaO+4Al=2Al<sub>2</sub>O<sub>3</sub>+6Ca. Таза кальций металлы <i>цезий, рубидий, хром, цирконий, торий, ванадийдин</i> бирикмелерин металлга чейин калыбына кел­тирүүдө ж-а болот иштетүүдө колдонулат. Тех­никада кальцийдин <i>коргошун</i> м-н куймасы, минерал­дары кеңири пайдаланылат. Мисалы, – курулуш материалдары өчүрүлгөн акиташ, цемент ж-а силикат кышын алууда, металлургияда, химия өнөр жайында кальций карбидин, соданы, хлордуу акиташ­ты, жер семирткичтерди алууда, кант, айнек өндүрүүдө колдонулат. Бор, мрамор, талаа шпа­ты, гипс, флюорит ж.б-дын турмушта мааниси өтө чоң. | ||
мезгилдик системасынын II</i> тобунда жайгаш­кан | |||
СаСО<sub>3 </sub>– арагонит, CaMg(CO<sub>3</sub>)<sub>2 </sub>– доломит, CaF<sub>2 </sub>– флюорит, CaSO<sub>4</sub>–2H<sub>2</sub>O – гипс; Са3(РО<sub>4</sub>)<sub>2 </sub>– фос­форит ж. б. | |||
материалдары өчүрүлгөн акиташ, цемент ж-а силикат кышын алууда, металлургияда, | |||
өндүрүүдө колдонулат. Бор, мрамор, талаа шпа­ты, гипс, флюорит ж.б-дын турмушта мааниси | |||
өтө чоң. | |||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
09:56, 1 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КА́ЛЬЦИЙ (лат. Calcium), Са – элементтердин мезгилдик системасынын II тобунда жайгашкан химиялык элемент; атомдук номери 20, атомдук массасы 40,08; тыгыздыгы 1,54 г/см3; эрүү t 851°С; кайноо t 1492°С. Табиятта туруктуу 6 изотобу бар: 40Са, 44Са, 42Са, 48Са, 43Са ж-а 46Са. Табигый бирикмелери: СаСО3 – арагонит, CaMg(CO3)2 – доломит, CaF2 – флюорит, CaSO4–2H2O – гипс; Са3(РО4)2 – фосфорит ж. б. Кальций – күмүш сымал ак, жеңил металл. Металл түрүндөгү кальцийди 1808-жылы англиялык химик Г. Дэви алган. Жер кыртышында массасы боюнча 2,96%ти ээлеп, O, Si, Al, Feден кийинки 5-орунда турат. Кальций ысытканда бардык металлдарды алардын оксиддеринен, сульфиддеринен ж-а галогениддеринен сүрүп чыгарат. Кадимки температурада кальций кычкылтек м-н реакцияга оңой кирип, СаОну пайда кылат, СаО сууда эрип, күчтүү негизди Са(ОН)2 берет. Кальций бардык кислота м-н реакцияга оңой кирип, суутекти сүрүп чыгарат. Галогендер м-н аракеттенип, тиешелүү туздарды, кургак суутек м-н аракеттенип гидриддерди, графит м-н кошуп ысытканда, карбиддерди пайда кылат. Кальций эритилген СаСl2ни электролиздөө ж-а алюминотермиялык жол м-н алынат: 6CaO+4Al=2Al2O3+6Ca. Таза кальций металлы цезий, рубидий, хром, цирконий, торий, ванадийдин бирикмелерин металлга чейин калыбына келтирүүдө ж-а болот иштетүүдө колдонулат. Техникада кальцийдин коргошун м-н куймасы, минералдары кеңири пайдаланылат. Мисалы, – курулуш материалдары өчүрүлгөн акиташ, цемент ж-а силикат кышын алууда, металлургияда, химия өнөр жайында кальций карбидин, соданы, хлордуу акиташты, жер семирткичтерди алууда, кант, айнек өндүрүүдө колдонулат. Бор, мрамор, талаа шпаты, гипс, флюорит ж.б-дын турмушта мааниси өтө чоң.