КАЛЫПТОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАЛЫПТОО</b> – куюлуучу материалдарды фор&shy;мага келтирүү процесси. Кол ж-а машина м-н К. болуп айырмаланат. Кол м-н аз сандагы ж-а ири өлчөмдөгү, ал эми машина м-н көп сандагы ж-а ири өлчөмдөгү материалдарды К. жүргүзү&shy;лөт. Оор ж-а чоң өлчөмдөгү куймалар кол м-н К-до куюлуучу нерсе үлгүсүнүн негизинде топу&shy;рак формалуу рамада даярдалат. Ал үчүн К-чу цехте атайын чуңкурлар казылып, түбүнө суу кирбей тургандай бетон (кессон) төшөлөт. Анын түбүнө атайын газ өтүүчү материал жаткырылат ж-а ал төшөгү деп аталат. Майда куюлмаларды алууда кум-чопо аралашмасы ж-а ири өлчөмдөгү нерселерди куюда катуу материалдар төшөлөт. Машина м-н К-до, калыпты даярдоо операция&shy;сы толугу м-н же кээ бир бөлүктөрү гана меха&shy;никалаштырылып, автоматташтырылган. О. эле куюлмалардын тактыгы ж-а бышыктыгы кол м-н К-го караганда жогору болот.
<b type='title'>КАЛЫПТОО</b> – куюлуучу материалдарды фор&shy;мага келтирүү процесси. Кол жана машина менен калыптоо болуп айырмаланат. Кол менен аз сандагы жана ири өлчөмдөгү, ал эми машина менен көп сандагы жана ири өлчөмдөгү материалдарды калыптоо жүргүзү&shy;лөт. Оор жана чоң өлчөмдөгү куймалар кол менен калыптоодо куюлуучу нерсе үлгүсүнүн негизинде топу&shy;рак формалуу рамада даярдалат. Ал үчүн калыптоочу цехте атайын чуңкурлар казылып, түбүнө суу кирбей тургандай бетон (кессон) төшөлөт.   Анын түбүнө атайын газ өтүүчү материал жаткырылат жана ал төшөгү деп аталат. Майда куюлмаларды алууда кум-чопо аралашмасы жана ири өлчөмдөгү нерселерди куюда катуу материалдар төшөлөт. Машина менен калыптоодо, калыпты даярдоо операция&shy;сы толугу менен же кээ бир бөлүктөрү гана механикалаштырылып, автоматташтырылган. Ошондой эле куюлмалардын тактыгы жана бышыктыгы кол менен калыптоого караганда жогору болот.
[[Категория:4-том, 1-50 бб]]
[[Категория:4-том, 1-50 бб]]

05:41, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

КАЛЫПТОО – куюлуучу материалдарды фор­мага келтирүү процесси. Кол жана машина менен калыптоо болуп айырмаланат. Кол менен аз сандагы жана ири өлчөмдөгү, ал эми машина менен көп сандагы жана ири өлчөмдөгү материалдарды калыптоо жүргүзү­лөт. Оор жана чоң өлчөмдөгү куймалар кол менен калыптоодо куюлуучу нерсе үлгүсүнүн негизинде топу­рак формалуу рамада даярдалат. Ал үчүн калыптоочу цехте атайын чуңкурлар казылып, түбүнө суу кирбей тургандай бетон (кессон) төшөлөт. Анын түбүнө атайын газ өтүүчү материал жаткырылат жана ал төшөгү деп аталат. Майда куюлмаларды алууда кум-чопо аралашмасы жана ири өлчөмдөгү нерселерди куюда катуу материалдар төшөлөт. Машина менен калыптоодо, калыпты даярдоо операция­сы толугу менен же кээ бир бөлүктөрү гана механикалаштырылып, автоматташтырылган. Ошондой эле куюлмалардын тактыгы жана бышыктыгы кол менен калыптоого караганда жогору болот.