КАЛКТЫН ТАБИГЫЙ ӨСҮШҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЛКТЫН ТАБИГЫЙ ӨСҮШҮ</b> – белгилүү | <b type='title'>КАЛКТЫН ТАБИГЫЙ ӨСҮШҮ</b> – белгилүү мөөнөттө төрөлгөндөр м-н өлгөндөрдүн ортосун­дагы сандык айырма. Калктын ургаалдуу | ||
мөөнөттө төрөлгөндөр м-н өлгөндөрдүн ортосун­дагы сандык айырма. Калктын ургаалдуу | өсүшүнүн жалпы мүнөздөмөсү; ал 1000 кишиге карата табигый өсүү коэффициенти м-н эсептелет. Ев­ропада ал 0,1‰, Африкада 2,8‰ ж. б. Эң көп көрсөткүч Оманга (3,9‰), ал эми эң азы Латвия (–1,6‰) м-н Эстонияга (–1,4‰) таандык. Калк­тын ротациясы анын жаңыланып турушунун ылдамдыгын мүнөздөйт. Ал интегралдык көр­сөткүч болгондуктан, төрөлгөндөр м-н өлгөндөр­дүн жалпы коэффициенттерин суммалоодон алынат. Ал бүгүнкү күндө дүйнө боюнча 3,2‰ге барабар. Мындан тышкары калктын табигый өсүшүнө тиричилик коэффициенти (өлгөн 100 адамга карата төрөлгөндөрдүн са­ны), аялзат калкынын жаңыланып туруусу­нун коэффициенти – брутто (бир аялдан төрөлгөн кыз балдардын саны) ж-а нетто (бир аялдан төрөлгөн кыз балдардын энесинин орто жашы­на жетип калгандарынын саны) кирет. Эгерде нетто 1ден кичине болсо, калктын санынын азайышы байкалат. Кыргызстанда калктын табигый өсүшү 47‰ге (2008) барабар. | ||
өсүшүнүн жалпы мүнөздөмөсү; ал 1000 кишиге карата табигый өсүү | |||
(–1,6‰) м-н Эстонияга (–1,4‰) таандык. Калк­тын ротациясы анын жаңыланып турушунун ылдамдыгын мүнөздөйт. Ал интегралдык көр­сөткүч болгондуктан, төрөлгөндөр м-н өлгөндөр­дүн жалпы | |||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
09:12, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЛКТЫН ТАБИГЫЙ ӨСҮШҮ – белгилүү мөөнөттө төрөлгөндөр м-н өлгөндөрдүн ортосундагы сандык айырма. Калктын ургаалдуу өсүшүнүн жалпы мүнөздөмөсү; ал 1000 кишиге карата табигый өсүү коэффициенти м-н эсептелет. Европада ал 0,1‰, Африкада 2,8‰ ж. б. Эң көп көрсөткүч Оманга (3,9‰), ал эми эң азы Латвия (–1,6‰) м-н Эстонияга (–1,4‰) таандык. Калктын ротациясы анын жаңыланып турушунун ылдамдыгын мүнөздөйт. Ал интегралдык көрсөткүч болгондуктан, төрөлгөндөр м-н өлгөндөрдүн жалпы коэффициенттерин суммалоодон алынат. Ал бүгүнкү күндө дүйнө боюнча 3,2‰ге барабар. Мындан тышкары калктын табигый өсүшүнө тиричилик коэффициенти (өлгөн 100 адамга карата төрөлгөндөрдүн саны), аялзат калкынын жаңыланып туруусунун коэффициенти – брутто (бир аялдан төрөлгөн кыз балдардын саны) ж-а нетто (бир аялдан төрөлгөн кыз балдардын энесинин орто жашына жетип калгандарынын саны) кирет. Эгерде нетто 1ден кичине болсо, калктын санынын азайышы байкалат. Кыргызстанда калктын табигый өсүшү 47‰ге (2008) барабар.