КАЛКА СУУСУНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЛКА СУУСУНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ</b> (1223) – | <b type='title'>КАЛКА СУУСУНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ</b> (1223) – орус ж-а кыпчак аскерлеринин моңгол-татар ас­керлери м-н алгачкы беттешүүсү. Бул салгыла­шуу 1223-жылы 31-майда азыркы Украинанын До­нецк облусундагы Кальмиус дарыясынын куймасы Кал­канын (азыр Кальчик) жээгинде өткөн. 1222–23-жылдарда моңгол аскерлери (30 миңдей) Түндүк Кара деңиз өндүрү аймактарын басып алып, кыпчак­тарды талкалаган. Кыпчак ханы Котян жар­дам сурап, орус княздарына (Галиция князы, күйөө баласы М. М. Удатный) кайрылган. Натый­жада 1223-жылы Киевде орус княздарынын жыйы­ны өтүп, алар моңголдорго каршы жортуулга чы­гарын билдиришкен. Бирок саны 20 миңге жет­пеген орус ж-а кыпчактардын биргелешкен ас­керлери Жебе ж-а Субэдей башында турган моң­гол-татарлардан жеңилип, аман калгандары Днепрдин ары жагына качкан. Моңголдор кай­радан Калка суусунан өтүп, орус аскерлерин кур­чоого алган. Үч күн салгылаштан кийин, орус­тардын негизги аскер күчтөрү багынууга мажбур болгон, к. <i>Моңгол империясы, Чыңгыз хан.</i> | ||
орус ж-а кыпчак аскерлеринин моңгол-татар ас­керлери м-н алгачкы беттешүүсү. Бул салгыла­шуу 1223- | |||
деңиз өндүрү аймактарын басып алып, кыпчак­тарды талкалаган. Кыпчак ханы Котян жар­дам сурап, орус княздарына (Галиция князы, күйөө баласы М. М. Удатный) кайрылган. Натый­жада 1223- | |||
Ад.: <i>Рашид-ад-Дин.</i> Сборник летописей. Т. 1. М.; Л., 1952; <i>Хара Даван Э.</i> Чингис-хан как полководец и его наследия. А., 1992; <i>Астайкин А.</i> Первое столк­новение русских с монголами // «Арабески» истории. М., 1996. Вып. 3. | Ад.: <i>Рашид-ад-Дин.</i> Сборник летописей. Т. 1. М.; Л., 1952; <i>Хара Даван Э.</i> Чингис-хан как полководец и его наследия. А., 1992; <i>Астайкин А.</i> Первое столк­новение русских с монголами // «Арабески» истории. М., 1996. Вып. 3. | ||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
08:42, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЛКА СУУСУНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ (1223) – орус ж-а кыпчак аскерлеринин моңгол-татар аскерлери м-н алгачкы беттешүүсү. Бул салгылашуу 1223-жылы 31-майда азыркы Украинанын Донецк облусундагы Кальмиус дарыясынын куймасы Калканын (азыр Кальчик) жээгинде өткөн. 1222–23-жылдарда моңгол аскерлери (30 миңдей) Түндүк Кара деңиз өндүрү аймактарын басып алып, кыпчактарды талкалаган. Кыпчак ханы Котян жардам сурап, орус княздарына (Галиция князы, күйөө баласы М. М. Удатный) кайрылган. Натыйжада 1223-жылы Киевде орус княздарынын жыйыны өтүп, алар моңголдорго каршы жортуулга чыгарын билдиришкен. Бирок саны 20 миңге жетпеген орус ж-а кыпчактардын биргелешкен аскерлери Жебе ж-а Субэдей башында турган моңгол-татарлардан жеңилип, аман калгандары Днепрдин ары жагына качкан. Моңголдор кайрадан Калка суусунан өтүп, орус аскерлерин курчоого алган. Үч күн салгылаштан кийин, орустардын негизги аскер күчтөрү багынууга мажбур болгон, к. Моңгол империясы, Чыңгыз хан.
Ад.: Рашид-ад-Дин. Сборник летописей. Т. 1. М.; Л., 1952; Хара Даван Э. Чингис-хан как полководец и его наследия. А., 1992; Астайкин А. Первое столкновение русских с монголами // «Арабески» истории. М., 1996. Вып. 3.