ИНФУЗОРИЯЛАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНФУЗОРИЯЛАР</b> (Infusoria же Ciliophora) – жөнөкөйлөрдүн тиби же типчеси. Дене | <b type='title'>ИНФУЗОРИЯЛАР</b> (Infusoria же Ciliophora) – жөнөкөйлөрдүн тиби же типчеси. Дене узундугу 10 <i>мкм­д</i>ен 3 <i>мм</i>ге жетет, түрдүү формада кирпикчелер м-н капталган. Жалгыздан кыймылдуу же бир нерсеге жабышып жашайт, чанда колониялуу. Ооз тешикчеси анча терең эмес чуңкурчада жай­гашкан. Оозу кулкунга уланат да тамак сиңирүү вакуолдор м-н байланышат. Сиңирбеген азык­тын калдыктары атайын жылчыкча (пороши­ца) аркылуу сыртка чыгарылат. Инфузориялардын ядросу (макронуклид) ж-а ядрочосу (микронуклид) бо­лот. Ядросу зат алмашуу процессин тейлейт. Ядрочосу болсо жыныстык жол м-н көбөйүүгө катышат. Жыйрылуучу вакуолдору радиалдуу жайгашкан түтүкчөлөр м-н курчалган. Зат ал­машууда иштелип чыккан акыркы заттар тү­түкчөлөр аркылуу чогулуп, вакуол жыйрылганда сыртка бүркүлүп чыгарылат. Көбөйүүсү ың­гайлуу шартта туурасынан бөлүнүп, жыныссыз жол м-н жүрөт. Чөйрөнүн шарттары татаалда­ганда эки особь бир бирине жакындашып, ооз­дорунун ортосундагы цитоплазмалык көпүрө аркылуу ядрочосунун бир бөлүкчөлөрү м-н ал­машат, башкача айтканда жыныс жолу м-н да көбөйөт. Жа­гымсыз шартта көбү циста пайда кылат. 2 клас­сы (кирпиктүү ж-а соргуч), 400дөй уруусу деңиз­дерде, тузсуз ж-а мала туздуу сууларда жашайт. Бактериялар, балырлар ж-а жөнөкөйлөр м-н азыктанат. Көпчүлүк инфузориялар комменсалдар, башка жаныбарлардын (балык, жерде-сууда жашоочу­лар, сүт эмүүчүлөр) митеси. Айрымдары балык ж-а адамдын оорусун пайда кылат. Алар генетикалык, цитологиялык ж. б. изилдөөлөрдө кеңири колдонулат. | ||
ж-а адамдын оорусун пайда кылат. Алар | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
10:13, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНФУЗОРИЯЛАР (Infusoria же Ciliophora) – жөнөкөйлөрдүн тиби же типчеси. Дене узундугу 10 мкмден 3 ммге жетет, түрдүү формада кирпикчелер м-н капталган. Жалгыздан кыймылдуу же бир нерсеге жабышып жашайт, чанда колониялуу. Ооз тешикчеси анча терең эмес чуңкурчада жайгашкан. Оозу кулкунга уланат да тамак сиңирүү вакуолдор м-н байланышат. Сиңирбеген азыктын калдыктары атайын жылчыкча (порошица) аркылуу сыртка чыгарылат. Инфузориялардын ядросу (макронуклид) ж-а ядрочосу (микронуклид) болот. Ядросу зат алмашуу процессин тейлейт. Ядрочосу болсо жыныстык жол м-н көбөйүүгө катышат. Жыйрылуучу вакуолдору радиалдуу жайгашкан түтүкчөлөр м-н курчалган. Зат алмашууда иштелип чыккан акыркы заттар түтүкчөлөр аркылуу чогулуп, вакуол жыйрылганда сыртка бүркүлүп чыгарылат. Көбөйүүсү ыңгайлуу шартта туурасынан бөлүнүп, жыныссыз жол м-н жүрөт. Чөйрөнүн шарттары татаалдаганда эки особь бир бирине жакындашып, ооздорунун ортосундагы цитоплазмалык көпүрө аркылуу ядрочосунун бир бөлүкчөлөрү м-н алмашат, башкача айтканда жыныс жолу м-н да көбөйөт. Жагымсыз шартта көбү циста пайда кылат. 2 классы (кирпиктүү ж-а соргуч), 400дөй уруусу деңиздерде, тузсуз ж-а мала туздуу сууларда жашайт. Бактериялар, балырлар ж-а жөнөкөйлөр м-н азыктанат. Көпчүлүк инфузориялар комменсалдар, башка жаныбарлардын (балык, жерде-сууда жашоочулар, сүт эмүүчүлөр) митеси. Айрымдары балык ж-а адамдын оорусун пайда кылат. Алар генетикалык, цитологиялык ж. б. изилдөөлөрдө кеңири колдонулат.