ИНТЕГРАЛДЫК ТЕҢДЕМЕ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНТЕГРА́ЛДЫК ТЕҢДЕМЕ</b> – изделүүчү белги­сиз функциясы интеграл белгисинин астында турган теңдеме. | <b type='title'>ИНТЕГРА́ЛДЫК ТЕҢДЕМЕ</b> – изделүүчү белги­сиз функциясы интеграл белгисинин астында турган теңдеме. «Интегралдык теңдеме» термини 19-кылымдын 1-жа­рымында пайда болгон. Сызыктуу интегралдык теңдеменин жал­пы теориясын түзүү 19-кылымдын аягында баштал­ган. Бул теорияны негиздөөчүлөр – италиялык мате­матик В. Вольтерра (1896), швед математиги Э. Фредгольм (1903), немис математиктери Д. Гильберт (1912), Э. Шмидт (1907). Интегралдык теңдеме сы­зыктуу ж-а сызыксыз болуп бөлүнөт. Сызык­туу интегралдык теңдеменин жалпы түрү: <i>A(x)и(x)+∫<sub>n</sub> К(x, s)и(s)ds= f(x), х∈D</i> (1), мында <i>А, К, f</i> – берил­ген функциялар (<i>А</i> – интегралдык теңдеменин коэффициенти, <i>К</i>–интегралдык теңдеменин ядросу, <i>f</i> – интегралдык теңдеменин бош мүчөсү деп ата­лат), <i>D</i> – бир же көп өлчөмдүү евклид мейкин­дигинин чектелген же чектелбеген облусу, <i>х, s</i> – ушул облустун чекиттери, <i>ds</i> – көлөм элемен­ти, <i>u</i> – изделүүчү функция. Эгер (1) теңдемеде <i>А,</i> <i>К</i> – матрицалар, <i>f, u</i> – вектор-функциялар бол­со, анда (1) теңдеме сызыктуу интегралдык теңдеменин система­сы деп аталат. Эгер <i>f</i>=0 болсо, анда бир тектүү интегралдык теңдеме, ал эми тескери учурда бир тектүү эмес интегралдык теңдеме деп аталат. <i>А</i> коэффициентине байланыштуу сызык­туу интегралдык теңдеменин үч түрү бар: 1-тектеги (эгер бардык <i>х∈D</i> үчүн <i>А(х</i>)=0 болсо), 2-тектеги (эгер бардык <i>х∈D</i> үчүн <i>А(х</i>)≠0 болсо) ж-а 3-тектеги интегралдык теңдеме (эгер <i>D</i> аймагынын кандайдыр бир ички көптүгүндө <i>А(х</i>) нөлгө айланса) болуп үч түргө бөлүнөт. Сы­зыктуу эмес интегралдык теңдеме издөөчү функция n даража­луу (n>1) болот. Мындай теңдемелердин бир түрү <i>b</i> төмөнкүдөй берилет: <i>и(x</i>) – λ <sup>b</sup><sub>a</sub>∫ <i>К(x, s)и(s)ds=f(x),x∈ [a; b</i>] (2), мында 2/21– комплекстүү сан ж-а интегралдык теңдеменин параметри. Kөп учурда кадимки ж-а ай­рым туундулуу дифференциал теңдемелер үчүн четки маселелер, механика м-н физиканын айрым маселелери да интегралдык теңдеме м-н чыгарылат. | ||
s)и(s)ds= f(x), х∈D</i> (1), мында <i>А, К, f</i> – берил­ген функциялар (<i>А</i> – | |||
| 21 сап: | 7 сап: | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
04:30, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНТЕГРА́ЛДЫК ТЕҢДЕМЕ – изделүүчү белгисиз функциясы интеграл белгисинин астында турган теңдеме. «Интегралдык теңдеме» термини 19-кылымдын 1-жарымында пайда болгон. Сызыктуу интегралдык теңдеменин жалпы теориясын түзүү 19-кылымдын аягында башталган. Бул теорияны негиздөөчүлөр – италиялык математик В. Вольтерра (1896), швед математиги Э. Фредгольм (1903), немис математиктери Д. Гильберт (1912), Э. Шмидт (1907). Интегралдык теңдеме сызыктуу ж-а сызыксыз болуп бөлүнөт. Сызыктуу интегралдык теңдеменин жалпы түрү: A(x)и(x)+∫n К(x, s)и(s)ds= f(x), х∈D (1), мында А, К, f – берилген функциялар (А – интегралдык теңдеменин коэффициенти, К–интегралдык теңдеменин ядросу, f – интегралдык теңдеменин бош мүчөсү деп аталат), D – бир же көп өлчөмдүү евклид мейкиндигинин чектелген же чектелбеген облусу, х, s – ушул облустун чекиттери, ds – көлөм элементи, u – изделүүчү функция. Эгер (1) теңдемеде А, К – матрицалар, f, u – вектор-функциялар болсо, анда (1) теңдеме сызыктуу интегралдык теңдеменин системасы деп аталат. Эгер f=0 болсо, анда бир тектүү интегралдык теңдеме, ал эми тескери учурда бир тектүү эмес интегралдык теңдеме деп аталат. А коэффициентине байланыштуу сызыктуу интегралдык теңдеменин үч түрү бар: 1-тектеги (эгер бардык х∈D үчүн А(х)=0 болсо), 2-тектеги (эгер бардык х∈D үчүн А(х)≠0 болсо) ж-а 3-тектеги интегралдык теңдеме (эгер D аймагынын кандайдыр бир ички көптүгүндө А(х) нөлгө айланса) болуп үч түргө бөлүнөт. Сызыктуу эмес интегралдык теңдеме издөөчү функция n даражалуу (n>1) болот. Мындай теңдемелердин бир түрү b төмөнкүдөй берилет: и(x) – λ ba∫ К(x, s)и(s)ds=f(x),x∈ [a; b] (2), мында 2/21– комплекстүү сан ж-а интегралдык теңдеменин параметри. Kөп учурда кадимки ж-а айрым туундулуу дифференциал теңдемелер үчүн четки маселелер, механика м-н физиканын айрым маселелери да интегралдык теңдеме м-н чыгарылат.
Ад.: Смирнов В. И. Курс высшей математики. Т. 4. М., 1974; Петровский И. Г. Лекции по теории интегральных уравнений. 4-е изд. М., 1984;