ИНДУКТОР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНДУ́КТОР</b> (лат. inductor – жөндөйм, ойготом), | <b type='title'>ИНДУ́КТОР</b> (лат. inductor – жөндөйм, ойготом), 1) ы с ы т к ы ч индуктор – нерселерди (көбүнчө өткөргүчтөрдү) өзгөрмөлүү магнит талаасында дүүлүктүрүүчү куюн түрүндөгү ток м-н индукция­лык ысытуучу электр-магниттик түзүлүш. Ал негизги эки бөлүктөн – өзгөрмөлүү магнит та­лаасын пайда кылуучу өткөргүчтөн ж-а электр энергиясынын булагына туташтыруучу ток бер­гичтен турат. Индуктордун бардык түрлөрү бир убакта ж-а үзгүлтүксүз удаалаш ысытуучу болуп экиге бөлүнөт. Биринчисинде индукцияланган өткөр­гүчтүн аянты болжол м-н ысытылуучу беттин аянтына барабар болуп, бул бир эле убакта бар­дык бөлүктөрдү ысытууга мүмкүндүк берет. Экин­чи ыкмада – ысытылуучу буюмдун бети индук­цияланган өткөргүчтүн үстүнөн удаалаш жыл­дыруу м-н ысытылат. 2) Т е л е ф о н индуктору – кол м-н ж-а электр моторунун жардамы аркылуу (машиналык индуктор) иштетилүүчү өзгөрмөлүү токту пайда кылуучу магнит-электр машинасы. Би­ринчиси кол м-н тейленүүчү телефон аппарат­тарында сигнал жиберип туруу үчүн колдону­лат. Индуктор 18–21 <i>Гц</i> жыштыктагы, 60–70 <i>в</i> чыңа­луудагы ж-а 3,8 <i>Вт</i> кубаттуулуктагы өзгөрүл­мөлүү токту иштеп чыгат. Ал эми м а ш и н а­ л ы к индуктор телефон станцияларында, абонент­тердин аппараттарына сигнал берүүдө колдону­лат. Индуктордун эки түрү чыгарылат: айлануучу якор­дуу, эки кыймылсыз тик бурчтуу магниттүү; кыймылсыз якордуу ж-а шакек формасындагы айлануучу көп уюлдуу магниттүү. | ||
1) ы с ы т к ы ч | |||
өткөргүчтөрдү) өзгөрмөлүү магнит талаасында дүүлүктүрүүчү куюн түрүндөгү ток м-н индукция­лык ысытуучу электр-магниттик түзүлүш. Ал негизги эки бөлүктөн – өзгөрмөлүү магнит та­лаасын пайда кылуучу өткөргүчтөн ж-а электр энергиясынын булагына туташтыруучу ток бер­гичтен турат. | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
08:58, 26 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНДУ́КТОР (лат. inductor – жөндөйм, ойготом), 1) ы с ы т к ы ч индуктор – нерселерди (көбүнчө өткөргүчтөрдү) өзгөрмөлүү магнит талаасында дүүлүктүрүүчү куюн түрүндөгү ток м-н индукциялык ысытуучу электр-магниттик түзүлүш. Ал негизги эки бөлүктөн – өзгөрмөлүү магнит талаасын пайда кылуучу өткөргүчтөн ж-а электр энергиясынын булагына туташтыруучу ток бергичтен турат. Индуктордун бардык түрлөрү бир убакта ж-а үзгүлтүксүз удаалаш ысытуучу болуп экиге бөлүнөт. Биринчисинде индукцияланган өткөргүчтүн аянты болжол м-н ысытылуучу беттин аянтына барабар болуп, бул бир эле убакта бардык бөлүктөрдү ысытууга мүмкүндүк берет. Экинчи ыкмада – ысытылуучу буюмдун бети индукцияланган өткөргүчтүн үстүнөн удаалаш жылдыруу м-н ысытылат. 2) Т е л е ф о н индуктору – кол м-н ж-а электр моторунун жардамы аркылуу (машиналык индуктор) иштетилүүчү өзгөрмөлүү токту пайда кылуучу магнит-электр машинасы. Биринчиси кол м-н тейленүүчү телефон аппараттарында сигнал жиберип туруу үчүн колдонулат. Индуктор 18–21 Гц жыштыктагы, 60–70 в чыңалуудагы ж-а 3,8 Вт кубаттуулуктагы өзгөрүлмөлүү токту иштеп чыгат. Ал эми м а ш и н а л ы к индуктор телефон станцияларында, абоненттердин аппараттарына сигнал берүүдө колдонулат. Индуктордун эки түрү чыгарылат: айлануучу якордуу, эки кыймылсыз тик бурчтуу магниттүү; кыймылсыз якордуу ж-а шакек формасындагы айлануучу көп уюлдуу магниттүү.