ИНДУИЗМ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНДУИ́ЗМ</b> – Индиянын байыркы салттык ди­ни; Индияда | <b type='title'>ИНДУИ́ЗМ</b> – Индиянын байыркы салттык ди­ни; Индияда ошондой эле индиялыктар жашаган чы­гыш өлкөлөрүндө таралган. Б. з. 1-миң жыл­дыгында калыптанган. Анын окуусунун идея­сы веда ж-а брахман дининин эволюциясынын негизинде түзүлгөн. Ошондой эле индуизмде жандардын бир түрдөн экинчи түргө өтүшү (сансара) жогорку ку­дайларды (Вишну же Шива) же алардын ку­булгандагы көрүнүштөрүн урматтагандыкка, касталык турмуш-тиричилик (к. <i>Касталар</i>) эре­желерин аткаргандыкка жараша аныкталуучу жакшы же жаман жүрүм-туруму үчүн сый же жаза берүү мыйзамы (карма) боюнча жүрөт деп ырастаган окуу түзөт. Сыйынуу чиркөөлөрдө, ыйык жайларда өткөрүлүп, дасера, дивала, холи майрамдары белгиленет. Жаныбарлардан уй, жылан, дарыялардан Ганг, өсүмдүктөрдөн ло­тос ж. б. ыйык деп эсептелет. Индуизмге кудайдын универсалдуулугу ж-а баарына бирдей жалпы­лыгы жөнүндөгү элестөөлөр мүнөздүү. Бул өзгөчө бхакти окуусунан көрүнөт. Индуизм вишнуизм ж-а <i>шиваизм</i> агымдарынан турат. Учурда индуизм динин тутуучулардын саны 1 млрд же дүйнө жүзүндөгү калктын 17,5%ин түзөт. | ||
негизинде түзүлгөн. | |||
Ад.: <i>Кнотт К.</i> Индуизм. М., 2001; <i>Альбедиль М. Ф.</i> Индуизм: Главная религия Индии. СПб., 2006. | Ад.: <i>Кнотт К.</i> Индуизм. М., 2001; <i>Альбедиль М. Ф.</i> Индуизм: Главная религия Индии. СПб., 2006. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
08:54, 26 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНДУИ́ЗМ – Индиянын байыркы салттык дини; Индияда ошондой эле индиялыктар жашаган чыгыш өлкөлөрүндө таралган. Б. з. 1-миң жылдыгында калыптанган. Анын окуусунун идеясы веда ж-а брахман дининин эволюциясынын негизинде түзүлгөн. Ошондой эле индуизмде жандардын бир түрдөн экинчи түргө өтүшү (сансара) жогорку кудайларды (Вишну же Шива) же алардын кубулгандагы көрүнүштөрүн урматтагандыкка, касталык турмуш-тиричилик (к. Касталар) эрежелерин аткаргандыкка жараша аныкталуучу жакшы же жаман жүрүм-туруму үчүн сый же жаза берүү мыйзамы (карма) боюнча жүрөт деп ырастаган окуу түзөт. Сыйынуу чиркөөлөрдө, ыйык жайларда өткөрүлүп, дасера, дивала, холи майрамдары белгиленет. Жаныбарлардан уй, жылан, дарыялардан Ганг, өсүмдүктөрдөн лотос ж. б. ыйык деп эсептелет. Индуизмге кудайдын универсалдуулугу ж-а баарына бирдей жалпылыгы жөнүндөгү элестөөлөр мүнөздүү. Бул өзгөчө бхакти окуусунан көрүнөт. Индуизм вишнуизм ж-а шиваизм агымдарынан турат. Учурда индуизм динин тутуучулардын саны 1 млрд же дүйнө жүзүндөгү калктын 17,5%ин түзөт.
Ад.: Кнотт К. Индуизм. М., 2001; Альбедиль М. Ф. Индуизм: Главная религия Индии. СПб., 2006.