ИНДИЯ УЛУТТУК КОНГРЕССИ (ИУК): нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>И́НДИЯ УЛУТТУК КОНГРЕССИ (ИУК)</b> – | <b type='title'>И́НДИЯ УЛУТТУК КОНГРЕССИ (ИУК)</b> – | ||
Индиядагы эң ири саясий партия. 1885- | Индиядагы эң ири саясий партия. 1885-жылы де­кабрда түзүлгөн. 1907-жылдан ал «аша чабуу­чулар» ж-а «ортозаарлар» болуп экиге бөлүнүш­көн. Б. Тилак башында турган «аша чабуучу­лар» бийликке улуттук-боштондук күрөштүн натыйжасында жетүүнү көздөшсө, «ортозаар­лар» ага колониялык бийлик м-н жакындашуу аркылуу акырындап ээ болуу керек деген пи­кирди жетекчиликке алышкан. 1916-жылы «аша чабуучулар» өз уюмун бекемдей албагандан ки­йин, ИУКка кошулууга аргасыз болгон. Индия­дагы улуттук-боштондук кыймыл күчөгөн мез­гилде (1918–22) ИУК жалпы элдик партияга айланган. ИУКтун программасынын негизин гандизмдин принциптери түзгөн. Башында М. К. <i>Ганди</i> турган ИУК өзүн өзү башкарууга «тынчтык ж-а мыйзам жолу м-н жетүү керек» деп жарыялаган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде ИУК антиимпериалисттик кыймылга жетекчи­лик кылган. Согуш аяктагандан кийин Улуу Британия Индияга көз карандысыздыкты берүү­гө аргасыз көнгөн. Ага дүйнө жүзүндөгү улут­тук-боштондук кыймылынын күчөшү ж-а ИУКтун чечкиндүү күрөшү себеп болгон. Индия көз карандысыз мамлекетке айлангандан (1947) ки­йин ИУК башкаруучу партия болуп таанылган.<br>Көз карандысыз Индияда ИУК Ж. Неру башын­да турган (1947–64) өкмөттү түзүп, 1948-жылы аг­рардык, административдик реформалар турмушка ашырыла баштаган. 50-жылдардын башында ИУКтун ичинде пайда болгон ар түрдүү агымдар м-н топ­тордун күрөшү күчөгөн. Ж. Неру өлгөндөн ки­йин партияда «оңчул» агым күч алган. 1969- жылдын аягында ИУК экиге бөлүнүп, бийлик­ке И. Ганди келген ж-а 1971-жылдагы парла­ментке кезексиз шайлоодо демократиялык күчтөрдүн колдоосу м-н ИУК жеңишке ээ болгон. 1977-жыл­дагы шайлоодо ИУКтун бир катар жетекчилери (И. Ганди) парламентте жеңишке ээ болбой кал­гандыктан, М. Десан башында турган жаната партиясы шайланган. 1980-жылдагы шайлоодон кийин ИУК жетекчилери кайрадан бийликке келген. 1980–84-жылдарда И. Ганди, 1984–91-жылдарда Р. Ган­ди, 1991-жылдан Н. Рао. | ||
чабуучулар» өз уюмун бекемдей албагандан ки­йин, ИУКка кошулууга аргасыз болгон. Индия­дагы улуттук-боштондук кыймыл күчөгөн мез­гилде (1918–22) ИУК жалпы элдик партияга айланган. ИУКтун программасынын негизин гандизмдин принциптери түзгөн. Башында М. К. <i>Ганди</i> турган ИУК өзүн өзү башкарууга | |||
«тынчтык ж-а мыйзам жолу м-н жетүү керек» деп жарыялаган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде ИУК антиимпериалисттик кыймылга жетекчи­лик кылган. Согуш аяктагандан кийин Улуу Британия Индияга көз карандысыздыкты берүү­гө аргасыз көнгөн. Ага дүйнө жүзүндөгү улут­тук-боштондук кыймылынын күчөшү ж-а | |||
Көз карандысыз Индияда ИУК Ж. Неру башын­да турган (1947–64) өкмөттү түзүп, 1948- | |||
Ад.: <i>Девяткина Т. Ф.,</i> Индийский национальный конгресс (1947–64). М., 1970. | Ад.: <i>Девяткина Т. Ф.,</i> Индийский национальный конгресс (1947–64). М., 1970. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
07:48, 25 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
И́НДИЯ УЛУТТУК КОНГРЕССИ (ИУК) –
Индиядагы эң ири саясий партия. 1885-жылы декабрда түзүлгөн. 1907-жылдан ал «аша чабуучулар» ж-а «ортозаарлар» болуп экиге бөлүнүшкөн. Б. Тилак башында турган «аша чабуучулар» бийликке улуттук-боштондук күрөштүн натыйжасында жетүүнү көздөшсө, «ортозаарлар» ага колониялык бийлик м-н жакындашуу аркылуу акырындап ээ болуу керек деген пикирди жетекчиликке алышкан. 1916-жылы «аша чабуучулар» өз уюмун бекемдей албагандан кийин, ИУКка кошулууга аргасыз болгон. Индиядагы улуттук-боштондук кыймыл күчөгөн мезгилде (1918–22) ИУК жалпы элдик партияга айланган. ИУКтун программасынын негизин гандизмдин принциптери түзгөн. Башында М. К. Ганди турган ИУК өзүн өзү башкарууга «тынчтык ж-а мыйзам жолу м-н жетүү керек» деп жарыялаган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде ИУК антиимпериалисттик кыймылга жетекчилик кылган. Согуш аяктагандан кийин Улуу Британия Индияга көз карандысыздыкты берүүгө аргасыз көнгөн. Ага дүйнө жүзүндөгү улуттук-боштондук кыймылынын күчөшү ж-а ИУКтун чечкиндүү күрөшү себеп болгон. Индия көз карандысыз мамлекетке айлангандан (1947) кийин ИУК башкаруучу партия болуп таанылган.
Көз карандысыз Индияда ИУК Ж. Неру башында турган (1947–64) өкмөттү түзүп, 1948-жылы агрардык, административдик реформалар турмушка ашырыла баштаган. 50-жылдардын башында ИУКтун ичинде пайда болгон ар түрдүү агымдар м-н топтордун күрөшү күчөгөн. Ж. Неру өлгөндөн кийин партияда «оңчул» агым күч алган. 1969- жылдын аягында ИУК экиге бөлүнүп, бийликке И. Ганди келген ж-а 1971-жылдагы парламентке кезексиз шайлоодо демократиялык күчтөрдүн колдоосу м-н ИУК жеңишке ээ болгон. 1977-жылдагы шайлоодо ИУКтун бир катар жетекчилери (И. Ганди) парламентте жеңишке ээ болбой калгандыктан, М. Десан башында турган жаната партиясы шайланган. 1980-жылдагы шайлоодон кийин ИУК жетекчилери кайрадан бийликке келген. 1980–84-жылдарда И. Ганди, 1984–91-жылдарда Р. Ганди, 1991-жылдан Н. Рао.
Ад.: Девяткина Т. Ф., Индийский национальный конгресс (1947–64). М., 1970.