ИНДСТАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИНДСТАН</b> – Азиянын түштүгүндөгү жарым арал. Анда негизинен Индия жайгашкан. Аян&shy;ты 2 млн <i>км</i><sup>2</sup>дей. Батышынан Араб деңизи,
<b type='title'>ИНДСТАН</b> – Азиянын түштүгүндөгү жарым арал. Анда негизинен Индия жайгашкан. Аян&shy;ты 2 млн <i>км</i><sup>2</sup>дей. Батышынан Араб деңизи, чыгышынан Инди океанынын Бенгал булуңу м-н чулганат. Түндүк чеги – Инд дарыясынын дельтасы&shy;нан Гангдын дельтасына өткөн шарттуу сызык. Жээги көбүнчө жапыз, булуң-буйткалары аз, жээк бойлой кууш аллювий түздүктөрү созулуп жатат. Индстандын ички аймактарын Декан бөксө тоосу ээлейт; анын көтөрүңкү батыш четинде Араб деңизин карай тик түшкөн Батыш Гат тоолору, чыгышында Чыгыш Гат тоолору орун алган. Эң бийик тоо массивдери – Анаймалай (Анаймуди чокусу, бийиктиги 2698 <i>м</i>ге чейин), Нилгири, Кардамон тоолору Индстандын түштүк бөлү&shy;гүндө жайгашкан. Жарым арал – байыркы, кем&shy;брийге чейинки Инди (Индстан) платформасы&shy;нын бир бөлүгү. Платформа, ошондой эле Инд, Ганг, Брахмапутра дарыяларынын ортоңку ж-а жогорку алап&shy;тарын, Шри-Ланка аралын камтыйт. Таш көмүр, темир, марганец кендери бар. Климаты субэк&shy;ватордук, муссондук, жайы жаан-чачындуу. Январдын орточо температурасы 21–29°С, майдыкы 30– 40°С. Жылдык жаан-чачыны ички аймактарда 500–700 <i>мм</i>, тоолордун айдарым капталдарын&shy;да 3000 <i>мм</i>ге чейин. Дарыялары (негизгилери Нарбада, Тапти, Маханади, Годавари, Кришна) жай-күз мезгилдеринде кирип, ташкындайт. Не&shy;гизинен сугатка пайдаланылат. Гат тоолорунун сырткы капталдарында нымдуу дайыма жашыл ж-а жалбырагы күбүлмө муссон токою, ички ай&shy;мактарда саванна тибиндеги өсүмдүктөр, дарыя&shy;лардын дельталарында мангр токою басымдуу. Декан бөксө тоосунун көп бөлүгү ж-а деңиз жээ&shy;гиндеги ойдуңдары айдалган.
чыгышынан Инди океанынын Бенгал булуңу
м-н чулганат. Түн. чеги – Инд д-нын дельтасы&shy;нан Гангдын дельтасына өткөн шарттуу сызык. Жээги көбүнчө жапыз, булуң-буйткалары аз, жээк бойлой кууш аллювий түздүктөрү созулуп жатат. И-дын ички аймактарын Декан бөксө тоосу ээлейт; анын көтөрүңкү батыш четинде Араб деңизин карай тик түшкөн Батыш Гат тоолору, чыгышында Чыгыш Гат тоолору орун алган. Эң бийик тоо массивдери – Анаймалай (Анаймуди чокусу, бийикт. 2698 <i>м</i>ге чейин), Нилгири, Кардамон тоолору И-дын түш. бөлү&shy;гүндө жайгашкан. Жарым арал – байыркы, кем&shy;брийге чейинки Инди (Индстан) платформасы&shy;нын бир бөлүгү. Платформа, о. эле Инд, Ганг, Брахмапутра д-нын ортоңку ж-а жогорку алап&shy;тарын, Шри-Ланка а-н камтыйт. Таш көмүр, темир, марганец кендери бар. Климаты субэк&shy;ватордук, муссондук, жайы жаан-чачындуу. Январдын орт. темп-расы 21–29°С, майдыкы 30– 40°С. Жылдык жаан-чачыны ички аймактарда 500–700 <i>мм</i>, тоолордун айдарым капталдарын&shy;да 3000 <i>мм</i>ге чейин. Дарыялары (негизгилери Нарбада, Тапти, Маханади, Годавари, Кришна) жай-күз мезгилдеринде кирип, ташкындайт. Не&shy;гизинен сугатка пайдаланылат. Гат тоолорунун сырткы капталдарында нымдуу дайыма жашыл ж-а жалбырагы күбүлмө муссон токою, ички ай&shy;мактарда саванна тибиндеги өсүмдүктөр, дарыя&shy;лардын дельталарында мангр токою басымдуу. Декан бөксө тоосунун көп бөлүгү ж-а деңиз жээ&shy;гиндеги ойдуңдары айдалган.
[[Категория:3-том, 544-607 бб]]
[[Категория:3-том, 544-607 бб]]

08:49, 26 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИНДСТАН – Азиянын түштүгүндөгү жарым арал. Анда негизинен Индия жайгашкан. Аян­ты 2 млн км2дей. Батышынан Араб деңизи, чыгышынан Инди океанынын Бенгал булуңу м-н чулганат. Түндүк чеги – Инд дарыясынын дельтасы­нан Гангдын дельтасына өткөн шарттуу сызык. Жээги көбүнчө жапыз, булуң-буйткалары аз, жээк бойлой кууш аллювий түздүктөрү созулуп жатат. Индстандын ички аймактарын Декан бөксө тоосу ээлейт; анын көтөрүңкү батыш четинде Араб деңизин карай тик түшкөн Батыш Гат тоолору, чыгышында Чыгыш Гат тоолору орун алган. Эң бийик тоо массивдери – Анаймалай (Анаймуди чокусу, бийиктиги 2698 мге чейин), Нилгири, Кардамон тоолору Индстандын түштүк бөлү­гүндө жайгашкан. Жарым арал – байыркы, кем­брийге чейинки Инди (Индстан) платформасы­нын бир бөлүгү. Платформа, ошондой эле Инд, Ганг, Брахмапутра дарыяларынын ортоңку ж-а жогорку алап­тарын, Шри-Ланка аралын камтыйт. Таш көмүр, темир, марганец кендери бар. Климаты субэк­ватордук, муссондук, жайы жаан-чачындуу. Январдын орточо температурасы 21–29°С, майдыкы 30– 40°С. Жылдык жаан-чачыны ички аймактарда 500–700 мм, тоолордун айдарым капталдарын­да 3000 ммге чейин. Дарыялары (негизгилери Нарбада, Тапти, Маханади, Годавари, Кришна) жай-күз мезгилдеринде кирип, ташкындайт. Не­гизинен сугатка пайдаланылат. Гат тоолорунун сырткы капталдарында нымдуу дайыма жашыл ж-а жалбырагы күбүлмө муссон токою, ички ай­мактарда саванна тибиндеги өсүмдүктөр, дарыя­лардын дельталарында мангр токою басымдуу. Декан бөксө тоосунун көп бөлүгү ж-а деңиз жээ­гиндеги ойдуңдары айдалган.