ИНДИ ОКЕАНЫ 2-БӨЛҮК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
(Кайра 30703 жокко Kadyrm (сюзюу))
Белгилер: Replaced Undo
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИНДИ ОКЕАНЫ 2-БӨЛҮК
</b>
[[File:ИНДИ ОКЕАНЫ 2-БӨЛҮК.png | thumb | none]]


дуу шурулар (кораллдар) ж-а гидрокораллдар мүнөздүү. Жээгинин көп бөлүгүн мангр бадал&shy;дары ээлейт. Мелүүн алкактын материктик та&shy;йыздыктарында кызыл ж-а күрөң балырлар (ла&shy;минарий, фукус, макроцистис) бар, омурткасыз&shy;дарга бай. Океандын ачык мейкиндиктеринде,
өзгөчө суунун 100 <i>м</i> тереңдикке чейинки катма&shy;рында бир клеткалуу планктон, ал эми Араб деңизине көгүш жашыл балырлар мүнөздүү. И. о-нын жандыктарынын көбүн ракча-копепод (100дөн ашык түрү), канат буттуу моллюска, ме&shy;дуза, сифонофор ж. б. түзөт. Бир клеткалуулар&shy;дан – танаптуулар, балыктардын көп түрү – учуучу балык чоң ж-а майда тунец, желбирек канаттуу балык, акула ж. б. бар. Кальмарлар көп. Ири деңиз сүт эмүүчүлөрүнөн – дюгон, тиштүү ж-а тишсиз киттер, калак буттар кезде&shy;шет. Канаттуулардан альбатрос, фрегат, пинг&shy;виндер мүнөздүү. Жээк боюнда гана балык кар&shy;малат (дүйнөдө кармалган балыктын 5%и). Не&shy;гизги ө. ж. тукуму – тунец. Антарктика суула&shy;рында балыктын антарктикалык түрүнүн ө. ж. тукуму бар. Нефть (Перс булуңунда), бермет, седеп (Шри-Ланка, Бахрейн а-нда ж-а Австра&shy;лиянын түн.-батыш жээгинде) алынат.<br>
И. о-на дүйнөлүк жүк ташуунун 10%и туура келет. Ал аркылуу Европа, Азия, Австралия, Африка, о. эле Американын портторун байла&shy;ныштыруучу маанилүү деңиз жолдору өтөт. Ири порттору (жүк ташуу б-ча): Аден (Йемен), Мум&shy;баи, Калькутта (Индия), Карачи (Пакистан),
Читтагонг (Бангладеш), Коломбо (Шри-Ланка), Янгон (Мьянма), Рангун (Бирма), Рас-Таннура (Сауд Арабиясы), Харк, Бендер-Аббас (Иран), Фао (Ирак), Эль-Кувейт (Кувейт), Дар-эс-Салам (Танзания), Могадишо (Сомали) Фримантл, Аделаида, (Австралия), Дурбан (ТАР).<br>
И. о-нда башка океандардай эле экол. көй&shy;гөйлөр бар; алардын эң башкысы – деңиз эко&shy;системасына адам таасиринин күчөшү. Океан суусун булгаган негизги булактар: нефть (дүй&shy;нөдөгү нефтинин запасынын <sup>2</sup>/ си Жакынкы ж-а Ортоңку Чыгышта топтолгон. Перс булу&shy;ңунан өндүрүлгөн нефть И. о. аркылуу Батыш Европа, Түн. Америка өлкөлөрүнө ж-а Япония&shy;га ташылат. Ири танкерлердин кырсыкка учу&shy;рашынан ж. б. түрдүү себептерден агып чыккан нефть океан суусун булгап, И. о-нын түн., түн.-
чыгыш ж-а батыш акваторияларынын бетинде
көбүнчө жука кабыкчаны пайда кылат); оор ме&shy;таллдар (сымап, коргошун, кадмий ж. б. океан суусуна атм. ж-а агын суулар аркылуу кошул&shy;гандыктан, бардык жеринде кездешет); уулуу химикаттар (а. ч-да кеңири пайдаланылган ми&shy;нералдык жер семирткичтердин, уулуу хими&shy;каттардын ж-а аларды өндүргөн ө. ж. ишкана&shy;ларынан чыккан таштандылардын океанга ко&shy;шулушу), контейнерге салынып океан түбүндө сакталган түрдүү уулуу заттар ж-а радиоактивдүү
калдыктар ж. б. Мындай булгануу бара-бара жалпы эле Жердин геогр. кабыгына алаамат залал тийгизиши мүмкүн. Кийинки мезгилде И. о-нын алабындагы өлкөлөр океанды коргоо максатында бирдиктүү аракеттерди жасоодо.<br>
И. о-нда уюшулган деңиз резерваттары (парк&shy;тары) деңиз экосистемасын коргоо – табиятты ж-а табигый ресурстарды калыбына келтирүү м-н гана чектелбестен, о. эле жерг. элдин ж-а туристтердин табиятты коргоо б-ча билим алуу&shy;сунда да мааниси зор. Деңиз резерваттары Ку&shy;вейт, Бириккен Араб Эмирликтери, Египет, Эфиопия, Кения, Мьянма, Индия, Шри-Ланка ж. б. өлкөлөрдө уюшулган. Алардын ичинен эң белгилүүлөрү: Эфиопиядагы «Дахлак аралдары» улуттук деңиз паркы (Кызыл деңиздин фаунага бай ири аймактарынын бири; 1968-ж. уюшул&shy;ган); Кениядагы Малинди ж-а Вашаму резер&shy;ваттары (тех. жактан жакшы жабдылган, кор&shy;гоо иштери жогорку деңгээлде уюшулган; жалпы аянты 1755 <i>га</i>), Сейшель а-ндагы резер&shy;ваттар.


Ад.: <i>Муромцев А. М</i>. Основные черты гидрологии Индийского океана. Л., 1959; Индийский океан. Л., 1982; <i>Богданов Д. В.</i> Региональная физическая гео&shy;графия Мирового океана. Л., 1985; Физическая геогра&shy;фия материков и океанов / Под ред. <i>А. М. Рябчикова.</i> М., 1988; <i>Ерёмина В. А., Спрялин А. Н.</i> Океаны. М., 1997; <i>Залогин Б. С., Кузминская К. С.</i> Мировой океан. М., 2001. <i>Пущаровский</i> Ю. М. Тектоника Земли. Избр. тр. М., 2005. Т. 2; Тектоника океанов.
<p align='right'><i type='author'>Ө. Бараталиев.</i></p>
[[Категория:3-том, 544-607 бб]]
[[Категория:3-том, 544-607 бб]]

05:17, 22 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы