ЗАМБИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |

| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |||
| 2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:ЗАМБИЯ6.png | thumb | none]] | [[File:ЗАМБИЯ6.png | thumb | none]] | ||
Түндүгүнөн Танзания ж-а Конго Демократиялык Республикасы, батышынан Ангола, түштүгүнөн Намибия, Бот­свана ж-а Зимбабве, чыгышынан Малави, түштүк-чыгышынан Мозамбик м-н чектешет. Аянты 752,6 миң км2. Калкы | Түндүгүнөн Танзания ж-а Конго Демократиялык Республикасы, батышынан Ангола, түштүгүнөн Намибия, Бот­свана ж-а Зимбабве, чыгышынан Малави, түштүк-чыгышынан Мозамбик м-н чектешет. Аянты 752,6 миң км2. Калкы 21,3 млн (2024). Борбо­ру – Лусака шаары (калкы 2 млндой). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – квача. Административдик-аймактык жактан 9 провинцияга бөлүнөт. | ||
'''''Администрациялык-аймактык бөлүнүшү''''' | '''''Администрациялык-аймактык бөлүнүшү''''' | ||
| 11 сап: | 11 сап: | ||
'''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Замбия – унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – президенттик рес­публика. Конституциясы 1996-жылы кабыл алын­ган. Президент (2001-жылдан Л. Мванаваса) өк­мөттү (Министрлер кабинетин) башкарат ж-а өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы команда­чысы да болуп эсептелет. Президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлиги бир палаталуу парламент (Улуттук ассамблея) тарабынан ишке ашырылат. Улуттук ассам­блеяга 150 депутат эл тарабынан шайланат, спи­кер ж-а 8 депутат президент тарабынан дайын­далат. Конституцияга ылайык 27 мүчөсү бар Өкүлдөр палатасы да (провинция башчылары) президентке караштуу каада-салт ж-а маданий маселелер б-ча кеңеш берүүчү орган катары эсеп­телет.
Негизги саясий партиялары: Көп партиялуу демократия үчүн кыймыл (1991-жылы негизделген, партиянын президенти – Л. Мванаваса, Улут­тук ассамблеяда 81 орунга ээ), Улуттук өнүгүү бириккен партиясы, Улуттук көз карандысыз­дыктын бириккен партиясы, Демократия ж-а өнүгүү форуму, Мурас партиясы, Патриоттук фронт. | '''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Замбия – унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – президенттик рес­публика. Конституциясы 1996-жылы кабыл алын­ган. Президент (2001-жылдан Л. Мванаваса) өк­мөттү (Министрлер кабинетин) башкарат ж-а өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы команда­чысы да болуп эсептелет. Президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлиги бир палаталуу парламент (Улуттук ассамблея) тарабынан ишке ашырылат. Улуттук ассам­блеяга 150 депутат эл тарабынан шайланат, спи­кер ж-а 8 депутат президент тарабынан дайын­далат. Конституцияга ылайык 27 мүчөсү бар Өкүлдөр палатасы да (провинция башчылары) президентке караштуу каада-салт ж-а маданий маселелер б-ча кеңеш берүүчү орган катары эсеп­телет.
Негизги саясий партиялары: Көп партиялуу демократия үчүн кыймыл (1991-жылы негизделген, партиянын президенти – Л. Мванаваса, Улут­тук ассамблеяда 81 орунга ээ), Улуттук өнүгүү бириккен партиясы, Улуттук көз карандысыз­дыктын бириккен партиясы, Демократия ж-а өнүгүү форуму, Мурас партиясы, Патриоттук фронт. | ||
'''Табияты.''' | '''Табияты.''' Замбиянын аймагын жылга-жыбыттуу бөксө тоолор, платолор ээлейт. Бөксө тоолору түштүктөн түндүктү карай бийиктеп, саванна м-н капталган. Басымдуу бийиктиги 1000–1350 м. Кафуэ, Замбези дарыяларынын өрөөндөрүндө чуңкурчак­тар, оёңдор ж-а саздак жерлер бар. Платодон аралча тоолор (копьестер) ж-а токол тоолор (Му­чинга тоосунун бийиктиги 1893 мге чейин) кө­төрүлөт. Өлкөнүн түндүк-чыгыш чет-жакасында­гы Ньика платосунун тармактарында Замбиянын эң бийик жери – Мванда чокусу (2150 м) жайгаш­кан. Замбия субэкватордук климаттык алкакта жай­гашкан. Майдан августка чейин – салыштыр­малуу серүүн ж-а кургакчыл, августтан ноябрга чейин – ысык ж-а кургак, ноябрдан майга че­йин – жылуу ж-а нымдуу климат өкүм сүрөт. Эң жылуу айынын (октябрь) орточо температурасы 27°С, эң салкын мезгилиники (июль) 15°С. Жыл­дык жаан-чачыны 600–1400 мм. Жаан-чачын­дын 80–90% январдан апрелге чейин жаайт. Дарыялары дээрлик Замбезинин алабына ки­рет; ирилери: Кафуэ, Луангва. Түндүк чек арасын­да Танганьика ж-а Мверу көлдөрү, Зимбабве м-н болгон чек арасында Виктория шаркы­ратмасы (120 м бийиктиктен агып түшөт; Зам- | ||
чейин – ысык ж-а кургак, ноябрдан майга че­йин – жылуу ж-а нымдуу климат өкүм сүрөт. Эң жылуу айынын (октябрь) | |||
[[File:ЗАМБИЯ7.png | thumb | Виктория шаркыратмасы.]] | [[File:ЗАМБИЯ7.png | thumb | Виктория шаркыратмасы.]] | ||
| 18 сап: | 17 сап: | ||
[[File:ЗАМБИЯ8.png | thumb | Тү шт ү к Л уа нг ва улуттук паркында­гы миомбо токою.]] | [[File:ЗАМБИЯ8.png | thumb | Тү шт ү к Л уа нг ва улуттук паркында­гы миомбо токою.]] | ||
бези | бези дарыясында) жайгашкан. Кен байлыктарынан эң маанилүүсү жез ж-а кобальт, ошондой эле цинк, кор­гошун, ванадий, кадмий, марганец, таш көмүр казылып алынат. Нымдуу аймактары кызыл латерит, кургакчыл жерлери күрөң-кызгылт, кызгылт-боз топурактуу. Замбиянын аймагынын 1/2 бөлүгүн кургакчыл тропик токою – миомбо, кур­гакчыл аймактарын баобаб, акациялуу саван­на, көл жээктерин папирус бадалдары ээлейт. Миомбо ж-а саванналарды чөп жечү ири ай­банаттардан – африка пили, африка жанышы, керик (2 түрү), антилопа, зебра, жырткычтар­дан – арстан, кабылан, чөө, гиена мекендейт. | ||
'''Калкынын''' негизин банту тил тобундагы (бем­ба, тонга, лози, лунда, нгони, луба ж. б.) африка­лыктар (98,7%) түзөт, ошондой эле европалыктар да жашайт. Христиан (негизинен англистер), көбү салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Орточо жыш­тыгы: 1 км2 жерге 15,3 киши. Калктын жашы­нын орточо узактыгы 40 жаш (эркектердики 39,8, аялдардыкы 40,3). Өспүрүмдөр (15 жашка чей­инкилер) 46,3%ти, эмгек курагындагылар (16– | |||
65 жаштагылар) 51,3%ти, 65тен ашкандар 2,4%ти түзөт (2006). Шаар калкы 50%. Ири | 65 жаштагылар) 51,3%ти, 65тен ашкандар 2,4%ти түзөт (2006). Шаар калкы 50%. Ири | ||
[[File:ЗАМБИЯ9.png | thumb | Замбиянын борбору – Лусака шаары.]] | [[File:ЗАМБИЯ9.png | thumb | Замбиянын борбору – Лусака шаары.]] | ||
шаарлары: Лусака (калкынын саны 1,4 млн), Китве (416 миң), Ндола (402 миң), Кабве (193 миң), Чингола (148 миң). | шаарлары: Лусака (калкынын саны 1,4 млн), Китве (416 миң), Ндола (402 миң), Кабве (193 миң), Чингола (148 миң). Экономикалык активдүү калк­тын 85%и айыл чарбасында, 9%и тейлөө чөйрөсүндө, 6%и өнөр жайда эмгектенет. | ||
'''Тарыхы.''' Азыркы Замбиянын аймагында эл байырта­дан эле мекендешип, европалыктар келгенге че­йин эле бир катар уруулук бирикмелер болгон. Калкынын этностук курамы Замбези дарыясынын (өлкөнүн азыркы аты ушундан чыккан) жогор­ку агымында жашап ж-а көчүп келишкен аф­рикалыктардын таасири м-н калыптанган. 13- кылымдындын аяк ченинде аймакты португалиялыктар ээлеп алган, 19-кылымдан англиялыктар аларды акы­рындык м-н сүрүп чыгара баштаган. 19-кылымдын аяк ченинен 1924-жылга чейин англиялык «Бритиш Саут Африка компани» монополиясынын бийлиги астында болгон. 1924–64-жылдарда Британиянын про­тектораты, 1953–63-жылдарда Родезия ж-а Ньясаленд колониялык федерациясынын курамына кир­ген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жергиликтүү калк колониялык башкарууга активдүү каршы­лык көрсөтө баштаган. Алгач боштондук кый­мылды Африка улуттук конгресс партиясы, 50- жылдардын аяк ченинен К. Куанда башында тур­ган Улуттук көз каранды эместик үчүн бирик­кен партиясы жетектеген. 1964-жылы 24-октябрда өлкө боштондукка чыгып, Замбия Республикасы жа­рыяланган. 1972-жылы башкаруунун бир партия­луу системасы киргизилген. 1973-жылы Конститу­циясы кабыл алынган. 1990-жылдан Замбияда бир партиялуу системадан көп партиялуу системага өтүү процесси баштал­ган. Ошол эле жылы 17-декабрдан конституция­га бир катар өзгөртүүлөр киргизилип, натый­жада оппозициялык маанайдагы бир нече пар­тия пайда болгон. Алардын ичинен 1991-жылы көп партиялуу демократия үчүн кыймыл партиясы шайлоодо жеңип чыгып, аны жетектеген Ф. Ж. Т. Чилуба Замбия президенти болуп калат. 1996-жылы өлкөнүн жаңы конституциясы кабыл алынган. 1996-жылы президенттик шайлоодо Ф. Ж. Т. Чилуба кайрадан жеңишке жетишкен. 1997-жылы 28-октябрдагы төңкөрүш ийгиликсиз аяктары м-н президент Чилуба өлкөдө өзгөчө абалды жарыялап, оппозиция лидери, экс-пре­зидент Каунда камакка алынат. Бирок, ал 1998-жылы дүйнөлүк коомчулуктун (негизинен аф­рикалык мамлекеттердин) кийлигишүүсү м-н бошотулуп, Жогорку сот тарабынан акталган. Ф. Ж. Т. Чилубанын мындай иш-аракеттери эл аралык коомчулук, ЭВФ ж-а Бүткүл дүйнө­лүк банк тарабынан айыпталып, көптөгөн жар­дам көрсөтүү программаларын каржылоону ток­тотушкан. 2001-жылы өлкөнүн президенти болуп Л. П. Мва­наваса (1948-жылы туулган) шайланган. Ал өлкөдөгү та­таал кырдаалды бир кыйла турукташтырып, өкмөттүн курамына оппозициядагы партиялар­дын мүчөлөрүн да киргизген. 2006-жылы өткөн шайлоодо кайрадан президент болгон. | |||
. Азыркы | |||
(өлкөнүн азыркы аты ушундан чыккан) жогор­ку агымында жашап ж-а көчүп келишкен аф­рикалыктардын таасири м-н калыптанган. 13- | |||
өлкө боштондукка чыгып, | |||
1990-жылдан | |||
көп партиялуу системага өтүү процесси баштал­ган. Ошол эле жылы 17-декабрдан конституция­га бир катар өзгөртүүлөр киргизилип, натый­жада оппозициялык маанайдагы бир нече пар­тия пайда болгон. Алардын ичинен 1991- | |||
2001- | |||
өкмөттүн курамына оппозициядагы партиялар­дын мүчөлөрүн да киргизген. 2006- | |||
'''Экономикасы''' начар өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 11,5 млрд долларды (АКШ, 2006) түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 1000 доллар­дан туура келет. Андагы айыл чарбасынын үлүшү 19,9%, өнөр жайыныкы 28,9%, тейлөө чөйрөсүнүкү 51,2%. Негизги экспорттук продукциясы – жез; аны казып алуу боюнча дүйнөдө 4-орунда (2006-жылы 600 миң т). Жылына 450 миң тдан ашык жез экс­порттолот. Замбия кобальт казып алуу боюнча дүйнөдө 2-орунду ээлейт; ал жез-кобальт кенташынан ажыратып алынат (жылына 7,8 миң т). Ошондой эле пирит, никель, таш көмүр, аметист, турмалин, аквамарин, изумруд, алмаз ж. б. казылып алы­нат. Электр энергиясына болгон муктажды­гын өз ресурстары м-н толук камсыз кылат. 2004-жылы 9,96 млрд кВт.саат электр энергиясын (негизинен ГЭСтен) өндүргөн. Металлургия (жез­ди эритүү ж-а тазалоо), жеңил, тамак-аш, то­кой, нефть ажыратуу, химия өнөр жылы ишканалары, цемент з-ду иштейт. Автомобиль кураштыруу заводдору бар; трактор, велосипед чыгарат. Айыл чарба анча өнүккөн эмес, азык-түлүктү негизинен сырт­тан сатып алат. Аймагынын 7,1%и иштетилет. Жүгөрү, бал камыш, урук үчүн гозо, тамеки, жер жаңгак, буудай, шалы, буурчак, маниок, ак жүгөрү (сорго), күн карама өстүрүлөт. Бакчы­лык өнүккөн. Бодо мал асыралат. | |||

Темир жолунун жалпы узундугу 2173 км. Негизги темир жолдо­ру: Ндола – Кабве – Лусака – Ливингстон, ан­дан ары Зимбабвеге; Ндола – Капири-Мпоши – Мпика – Наконде, андан ары Танзанияга. Ав­томобиль жолунуку 91,4 миң км, анын ичинде асфальт­талганы 20,1 миң км. Лусака, Ливингстон, Ндо­ла, Мориве шаарларында эл аралык аэропорттор бар. Суу жолунун узундугу 2250 км (Танганьика кө­лүн, Замбези, Луапулу дарыясын кошкондо); негизги[[File:ЗАМБИЯ10.png | thumb | Жез кенташын ка­зып алуу. Коппер­белт провинциясы.]] | |||
көлөмү 11,5 млрд долларды (АКШ, 2006) түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 1000 доллар­дан туура келет. Андагы | |||
Негизги экспорттук продукциясы – жез; аны казып алуу | |||
миң т). Жылына 450 миң тдан ашык жез экс­порттолот. | |||

[[File:ЗАМБИЯ10.png | thumb | Жез кенташын ка­зып алуу. Коппер­белт провинциясы.]] | |||
[[File:ЗАМБИЯ11.png | thumb | Замбия акчасы.]] | [[File:ЗАМБИЯ11.png | thumb | Замбия акчасы.]] | ||
порту: Мпулунгу (Танганьиканын | порту: Мпулунгу (Танганьиканын түштүк жээгин­де). Нефть куурунун узундугу 771 км (Дар-эс-Салам, Танзания – Ндола, жалпы узундугу 1700 км; 2006). Сыртка жез, кобальт, электр энергия чыгарып, сырттан станок, машина ж-а анын тетиктерин, транспорт каражаттарын, жер семирткич, азык-­түлүк, кийим, өнөр жай товарларын, химикат, азык­-түлүк, мал (тирүүлөй) алат. Негизги соода ше­риктери: Кытай, ТАР, Япония, Улуу Британия, Германия, Түштүк-Чыгыш Азия ж-а Ортоңку Чыгыш өлкөлөрү, Швейцария, Конго Демократиялык
Республикасы, Танзания, Зимбабве, Индия.
Өсүмдүк, жаныбарлар дүйнөсү, Виктория шар­кыратмасы, климатынын салыштырмалуу ың­гайлуулугу туристтерди кызыктырат, бирок финансынын тартыштыгынан бул тармак өнүк­көн эмес. | ||
Чыгыш өлкөлөрү, Швейцария, Конго | [[File:ЗАМБИЯ9_1.png | thumb | none]]'''Маданияты.''' Замбияда калктын 70%и сабаттуу. 1990-жылдан акы төлөп билим алуу киргизил­ген (башталгыч билим берүүдөн тышкары). Мамлекеттик жана жеке мектептер, окуу жайлары аб­дан көп, бирок алар окуу куралдары жана кара­жаттары менен толук жабдылган эмес. Борбор ка­лаа Лусакада Түштүк Африкадагы эң ири окуу жай­ларынын бири – Замбия университети (Китва-Нкан шаарындагы филиалы менен) жайгашкан. Лусакада, Ндолада китепканалар, Ливингстондо Улуттук музей бар. 1964-жылдан «Таймс оф Замбия», «Замбия мейл», «Пост» гезиттери англис тилинде, ошондой эле жергиликтүү бемба, тонга жана лози тилдеринде да бир нече гезиттер чыгат. Мамлекеттик телекөрсөтүү (1961- жылдан) жана радиоуктуруу (1939-жылдан) иш­тейт. Өкмөттүк Замбия Кабар агенттиги (ЗАНА) иш жүргүзөт.
Көркөм өнөрү биздин заманга чейинки 4-миң жылдыкта аскага чегилген сүрөттөрдөн жана петроглифтерден баш­талат. Көбүнчө чөптөн эшилген шоңшогой ча­тырчалуу, камыш түркүктүү тегерек кепелерде турушкан. Жыгачты оюу-чийүү, карапа идиш­терди кооздоо, пальма жалбырактарынан, трост­никтерден буюм өрүү, токуу кеңири тараган. XX кылымдын башынан Замбиянын шаарларында (Луса­ка, Ливингстон, Ндола жана башкалар) кабаттуу үйлөр курула баштаган.
Замбиянын музыкасы – байыртадан эле элдин тур­муш-тиричилигинин ажырагыс бөлүгү. Уруу ак­сакалдарынын менчик музыканттары, оркест­ри, хору жана бийчилери болгон. Калимба (пиа­нино), анын түрлөрү, кылдуу аспаптар жана башкалар таралган. 1939-жылы калале бийчилеринин 1-ан­самбли уюшулган. 1950-жылдары бул бий ансам­бли бүткүл Африкага таанылган.
Азаттыкка чыккандан кийин африка театр жамааты түзүлүп, Гидеон Лумпа, Кеннет Нкха­та сыяктуу улуттук драматург-режиссёрлор өсүп чыккан. 1964-жылы көркөм өнөр трести түзүлгөн.
Ар жылы борбор калаада драма өнөрүнүн фес­тивалы өткөрүлүп турат. | ||

Өсүмдүк, жаныбарлар дүйнөсү, Виктория шар­кыратмасы, климатынын салыштырмалуу ың­гайлуулугу туристтерди кызыктырат, бирок финансынын тартыштыгынан бул тармак өнүк­көн эмес. | |||
[[File:ЗАМБИЯ9_1.png | thumb | none]] | |||
Замбияда калктын 70%и сабаттуу. 1990-жылдан акы төлөп билим алуу киргизил­ген (башталгыч билим берүүдөн тышкары). Мамлекеттик жана жеке мектептер, окуу жайлары аб­дан көп, бирок алар окуу куралдары жана кара­жаттары менен толук жабдылган эмес. Борбор ка­лаа Лусакада | |||
Ад.: Чуваева М. А., Ксенофонтова Н. А. Замбия: | Ад.: Чуваева М. А., Ксенофонтова Н. А. Замбия: Справочник. М., 1996; Страны мира. Справочник / Под. общ. ред. С. В. Лаврова. М., 2006; Замбия // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2009. | ||
Справочник. М., 1996; Страны мира. Справочник / Под. общ. ред. С. В. Лаврова. М., 2006; Замбия // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2009. | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
07:45, 6 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЗА́МБИЯ , З а м б и я Р е с п у б л и к а с ы – Африканын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү мамлекет.

Түндүгүнөн Танзания ж-а Конго Демократиялык Республикасы, батышынан Ангола, түштүгүнөн Намибия, Ботсвана ж-а Зимбабве, чыгышынан Малави, түштүк-чыгышынан Мозамбик м-н чектешет. Аянты 752,6 миң км2. Калкы 21,3 млн (2024). Борбору – Лусака шаары (калкы 2 млндой). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – квача. Административдик-аймактык жактан 9 провинцияга бөлүнөт.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү
(Таблица кетет)
Администрациялык-аймактык бөлүнүшүБУУнун (1964), Ынтымакташтыктын (1964), Африка биримдиги союзунун (1964), Африка союзунун (2002), Бейтараптык кыймылынын (1964), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1965), ЭВФтин (1965), Түштүк Африка өнүгүү жамаатташтыгынын (САДК; 1980); Чыгыш ж-а Түштүк Африка жалпы рыногунун (КОМЕСА; 1994), Бүткүл дүйнөлүк соода (1995), Эл аралык олимпия, Эл аралык саламаттык сактоо ж. б. уюмдардын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Замбия – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Конституциясы 1996-жылы кабыл алынган. Президент (2001-жылдан Л. Мванаваса) өкмөттү (Министрлер кабинетин) башкарат ж-а өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы да болуп эсептелет. Президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлиги бир палаталуу парламент (Улуттук ассамблея) тарабынан ишке ашырылат. Улуттук ассамблеяга 150 депутат эл тарабынан шайланат, спикер ж-а 8 депутат президент тарабынан дайындалат. Конституцияга ылайык 27 мүчөсү бар Өкүлдөр палатасы да (провинция башчылары) президентке караштуу каада-салт ж-а маданий маселелер б-ча кеңеш берүүчү орган катары эсептелет.
Негизги саясий партиялары: Көп партиялуу демократия үчүн кыймыл (1991-жылы негизделген, партиянын президенти – Л. Мванаваса, Улуттук ассамблеяда 81 орунга ээ), Улуттук өнүгүү бириккен партиясы, Улуттук көз карандысыздыктын бириккен партиясы, Демократия ж-а өнүгүү форуму, Мурас партиясы, Патриоттук фронт.
Табияты. Замбиянын аймагын жылга-жыбыттуу бөксө тоолор, платолор ээлейт. Бөксө тоолору түштүктөн түндүктү карай бийиктеп, саванна м-н капталган. Басымдуу бийиктиги 1000–1350 м. Кафуэ, Замбези дарыяларынын өрөөндөрүндө чуңкурчактар, оёңдор ж-а саздак жерлер бар. Платодон аралча тоолор (копьестер) ж-а токол тоолор (Мучинга тоосунун бийиктиги 1893 мге чейин) көтөрүлөт. Өлкөнүн түндүк-чыгыш чет-жакасындагы Ньика платосунун тармактарында Замбиянын эң бийик жери – Мванда чокусу (2150 м) жайгашкан. Замбия субэкватордук климаттык алкакта жайгашкан. Майдан августка чейин – салыштырмалуу серүүн ж-а кургакчыл, августтан ноябрга чейин – ысык ж-а кургак, ноябрдан майга чейин – жылуу ж-а нымдуу климат өкүм сүрөт. Эң жылуу айынын (октябрь) орточо температурасы 27°С, эң салкын мезгилиники (июль) 15°С. Жылдык жаан-чачыны 600–1400 мм. Жаан-чачындын 80–90% январдан апрелге чейин жаайт. Дарыялары дээрлик Замбезинин алабына кирет; ирилери: Кафуэ, Луангва. Түндүк чек арасында Танганьика ж-а Мверу көлдөрү, Зимбабве м-н болгон чек арасында Виктория шаркыратмасы (120 м бийиктиктен агып түшөт; Зам-

бези дарыясында) жайгашкан. Кен байлыктарынан эң маанилүүсү жез ж-а кобальт, ошондой эле цинк, коргошун, ванадий, кадмий, марганец, таш көмүр казылып алынат. Нымдуу аймактары кызыл латерит, кургакчыл жерлери күрөң-кызгылт, кызгылт-боз топурактуу. Замбиянын аймагынын 1/2 бөлүгүн кургакчыл тропик токою – миомбо, кургакчыл аймактарын баобаб, акациялуу саванна, көл жээктерин папирус бадалдары ээлейт. Миомбо ж-а саванналарды чөп жечү ири айбанаттардан – африка пили, африка жанышы, керик (2 түрү), антилопа, зебра, жырткычтардан – арстан, кабылан, чөө, гиена мекендейт.
Калкынын негизин банту тил тобундагы (бемба, тонга, лози, лунда, нгони, луба ж. б.) африкалыктар (98,7%) түзөт, ошондой эле европалыктар да жашайт. Христиан (негизинен англистер), көбү салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 15,3 киши. Калктын жашынын орточо узактыгы 40 жаш (эркектердики 39,8, аялдардыкы 40,3). Өспүрүмдөр (15 жашка чейинкилер) 46,3%ти, эмгек курагындагылар (16– 65 жаштагылар) 51,3%ти, 65тен ашкандар 2,4%ти түзөт (2006). Шаар калкы 50%. Ири

шаарлары: Лусака (калкынын саны 1,4 млн), Китве (416 миң), Ндола (402 миң), Кабве (193 миң), Чингола (148 миң). Экономикалык активдүү калктын 85%и айыл чарбасында, 9%и тейлөө чөйрөсүндө, 6%и өнөр жайда эмгектенет.
Тарыхы. Азыркы Замбиянын аймагында эл байыртадан эле мекендешип, европалыктар келгенге чейин эле бир катар уруулук бирикмелер болгон. Калкынын этностук курамы Замбези дарыясынын (өлкөнүн азыркы аты ушундан чыккан) жогорку агымында жашап ж-а көчүп келишкен африкалыктардын таасири м-н калыптанган. 13- кылымдындын аяк ченинде аймакты португалиялыктар ээлеп алган, 19-кылымдан англиялыктар аларды акырындык м-н сүрүп чыгара баштаган. 19-кылымдын аяк ченинен 1924-жылга чейин англиялык «Бритиш Саут Африка компани» монополиясынын бийлиги астында болгон. 1924–64-жылдарда Британиянын протектораты, 1953–63-жылдарда Родезия ж-а Ньясаленд колониялык федерациясынын курамына кирген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жергиликтүү калк колониялык башкарууга активдүү каршылык көрсөтө баштаган. Алгач боштондук кыймылды Африка улуттук конгресс партиясы, 50- жылдардын аяк ченинен К. Куанда башында турган Улуттук көз каранды эместик үчүн бириккен партиясы жетектеген. 1964-жылы 24-октябрда өлкө боштондукка чыгып, Замбия Республикасы жарыяланган. 1972-жылы башкаруунун бир партиялуу системасы киргизилген. 1973-жылы Конституциясы кабыл алынган. 1990-жылдан Замбияда бир партиялуу системадан көп партиялуу системага өтүү процесси башталган. Ошол эле жылы 17-декабрдан конституцияга бир катар өзгөртүүлөр киргизилип, натыйжада оппозициялык маанайдагы бир нече партия пайда болгон. Алардын ичинен 1991-жылы көп партиялуу демократия үчүн кыймыл партиясы шайлоодо жеңип чыгып, аны жетектеген Ф. Ж. Т. Чилуба Замбия президенти болуп калат. 1996-жылы өлкөнүн жаңы конституциясы кабыл алынган. 1996-жылы президенттик шайлоодо Ф. Ж. Т. Чилуба кайрадан жеңишке жетишкен. 1997-жылы 28-октябрдагы төңкөрүш ийгиликсиз аяктары м-н президент Чилуба өлкөдө өзгөчө абалды жарыялап, оппозиция лидери, экс-президент Каунда камакка алынат. Бирок, ал 1998-жылы дүйнөлүк коомчулуктун (негизинен африкалык мамлекеттердин) кийлигишүүсү м-н бошотулуп, Жогорку сот тарабынан акталган. Ф. Ж. Т. Чилубанын мындай иш-аракеттери эл аралык коомчулук, ЭВФ ж-а Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан айыпталып, көптөгөн жардам көрсөтүү программаларын каржылоону токтотушкан. 2001-жылы өлкөнүн президенти болуп Л. П. Мванаваса (1948-жылы туулган) шайланган. Ал өлкөдөгү татаал кырдаалды бир кыйла турукташтырып, өкмөттүн курамына оппозициядагы партиялардын мүчөлөрүн да киргизген. 2006-жылы өткөн шайлоодо кайрадан президент болгон.
Экономикасы начар өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 11,5 млрд долларды (АКШ, 2006) түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 1000 доллардан туура келет. Андагы айыл чарбасынын үлүшү 19,9%, өнөр жайыныкы 28,9%, тейлөө чөйрөсүнүкү 51,2%. Негизги экспорттук продукциясы – жез; аны казып алуу боюнча дүйнөдө 4-орунда (2006-жылы 600 миң т). Жылына 450 миң тдан ашык жез экспорттолот. Замбия кобальт казып алуу боюнча дүйнөдө 2-орунду ээлейт; ал жез-кобальт кенташынан ажыратып алынат (жылына 7,8 миң т). Ошондой эле пирит, никель, таш көмүр, аметист, турмалин, аквамарин, изумруд, алмаз ж. б. казылып алынат. Электр энергиясына болгон муктаждыгын өз ресурстары м-н толук камсыз кылат. 2004-жылы 9,96 млрд кВт.саат электр энергиясын (негизинен ГЭСтен) өндүргөн. Металлургия (жезди эритүү ж-а тазалоо), жеңил, тамак-аш, токой, нефть ажыратуу, химия өнөр жылы ишканалары, цемент з-ду иштейт. Автомобиль кураштыруу заводдору бар; трактор, велосипед чыгарат. Айыл чарба анча өнүккөн эмес, азык-түлүктү негизинен сырттан сатып алат. Аймагынын 7,1%и иштетилет. Жүгөрү, бал камыш, урук үчүн гозо, тамеки, жер жаңгак, буудай, шалы, буурчак, маниок, ак жүгөрү (сорго), күн карама өстүрүлөт. Бакчылык өнүккөн. Бодо мал асыралат.
Темир жолунун жалпы узундугу 2173 км. Негизги темир жолдору: Ндола – Кабве – Лусака – Ливингстон, андан ары Зимбабвеге; Ндола – Капири-Мпоши – Мпика – Наконде, андан ары Танзанияга. Автомобиль жолунуку 91,4 миң км, анын ичинде асфальтталганы 20,1 миң км. Лусака, Ливингстон, Ндола, Мориве шаарларында эл аралык аэропорттор бар. Суу жолунун узундугу 2250 км (Танганьика көлүн, Замбези, Луапулу дарыясын кошкондо); негизги

порту: Мпулунгу (Танганьиканын түштүк жээгинде). Нефть куурунун узундугу 771 км (Дар-эс-Салам, Танзания – Ндола, жалпы узундугу 1700 км; 2006). Сыртка жез, кобальт, электр энергия чыгарып, сырттан станок, машина ж-а анын тетиктерин, транспорт каражаттарын, жер семирткич, азык-түлүк, кийим, өнөр жай товарларын, химикат, азык-түлүк, мал (тирүүлөй) алат. Негизги соода шериктери: Кытай, ТАР, Япония, Улуу Британия, Германия, Түштүк-Чыгыш Азия ж-а Ортоңку Чыгыш өлкөлөрү, Швейцария, Конго Демократиялык
Республикасы, Танзания, Зимбабве, Индия.
Өсүмдүк, жаныбарлар дүйнөсү, Виктория шаркыратмасы, климатынын салыштырмалуу ыңгайлуулугу туристтерди кызыктырат, бирок финансынын тартыштыгынан бул тармак өнүккөн эмес.

Маданияты. Замбияда калктын 70%и сабаттуу. 1990-жылдан акы төлөп билим алуу киргизилген (башталгыч билим берүүдөн тышкары). Мамлекеттик жана жеке мектептер, окуу жайлары абдан көп, бирок алар окуу куралдары жана каражаттары менен толук жабдылган эмес. Борбор калаа Лусакада Түштүк Африкадагы эң ири окуу жайларынын бири – Замбия университети (Китва-Нкан шаарындагы филиалы менен) жайгашкан. Лусакада, Ндолада китепканалар, Ливингстондо Улуттук музей бар. 1964-жылдан «Таймс оф Замбия», «Замбия мейл», «Пост» гезиттери англис тилинде, ошондой эле жергиликтүү бемба, тонга жана лози тилдеринде да бир нече гезиттер чыгат. Мамлекеттик телекөрсөтүү (1961- жылдан) жана радиоуктуруу (1939-жылдан) иштейт. Өкмөттүк Замбия Кабар агенттиги (ЗАНА) иш жүргүзөт.
Көркөм өнөрү биздин заманга чейинки 4-миң жылдыкта аскага чегилген сүрөттөрдөн жана петроглифтерден башталат. Көбүнчө чөптөн эшилген шоңшогой чатырчалуу, камыш түркүктүү тегерек кепелерде турушкан. Жыгачты оюу-чийүү, карапа идиштерди кооздоо, пальма жалбырактарынан, тростниктерден буюм өрүү, токуу кеңири тараган. XX кылымдын башынан Замбиянын шаарларында (Лусака, Ливингстон, Ндола жана башкалар) кабаттуу үйлөр курула баштаган.
Замбиянын музыкасы – байыртадан эле элдин турмуш-тиричилигинин ажырагыс бөлүгү. Уруу аксакалдарынын менчик музыканттары, оркестри, хору жана бийчилери болгон. Калимба (пианино), анын түрлөрү, кылдуу аспаптар жана башкалар таралган. 1939-жылы калале бийчилеринин 1-ансамбли уюшулган. 1950-жылдары бул бий ансамбли бүткүл Африкага таанылган.
Азаттыкка чыккандан кийин африка театр жамааты түзүлүп, Гидеон Лумпа, Кеннет Нкхата сыяктуу улуттук драматург-режиссёрлор өсүп чыккан. 1964-жылы көркөм өнөр трести түзүлгөн.
Ар жылы борбор калаада драма өнөрүнүн фестивалы өткөрүлүп турат.
Ад.: Чуваева М. А., Ксенофонтова Н. А. Замбия: Справочник. М., 1996; Страны мира. Справочник / Под. общ. ред. С. В. Лаврова. М., 2006; Замбия // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2009.