ЗААРА ЖОЛУНУН ТАШ ООРУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЗААРА ЖОЛУНУН ТАШ ООРУСУ</b> – заара бөлүп чыгаруучу органдарда зааранын курамындагы заттардан ж-а туздардан, органикалык кошундулардан таш пайда болуучу өнөкөт дарт. Ал жаш бала&shy;дан тартып, айрыкча 20–50 жаш куракта көп кездешет. Себептери – <i>бөйрөктүн</i> сезгениши, зааранын химиялык курамынын өзгөрүшү, канда фос&shy;фор, кальций туздарынын көбөйүшү, толук эри&shy;бей кристалл түрүнө айланышы, зат алмашуу&shy;нун бузулушу, зааранын бөлүнүп чыкпай бөй&shy;рөктө кармалышы, А, Д, Е витаминдеринин же&shy;тишсиздиги, ички <i>секреция бездеринин</i> оорула&shy;ры, климаттык шарттын организмге тийгизген терс таасири ж. б. Зааранын курамындагы туз&shy;дар негизинен бөйрөк аркылуу толук эриген түрдө бөлүнүп чыгат. Таш көбүнчө бөйрөк каналында пайда болуп, <i>бөйрөк</i> көңдөйүнө (күлтүгүнө) тү&shy;шүп кармалат, акырындык м-н чоңоёт же бөйрөк түтүгү аркылуу табарсыкка кетет. Кээде таш табарсыкта пайда болот. Бөйрөктө таш болгон&shy;до, бел катуу ооруйт, кээде ал жер муздап сай&shy;гылашат. Бөйрөктүн катуу оорушу денени ысы&shy;тып, чыйрыктырат, окшутуп, кустурушу да ык&shy;тымал. Зааранын түсү өзгөрүп, тез-тез заара кылат, оору бөйрөк туштан төмөн ич көңдөйү жакка, жука чурайга, жоон сандын ички бети&shy;не, сырткы жыныс мүчөсүнө чейин өтөт. Ай&shy;рыкча жаш балада, кээде улгайган адамда ич ооруларынын белгисине окшоп кетет. Оору узак&shy;ка созулса, ар кандай кабылдоого алып кели&shy;ши мүмкүн: бөйрөк сезгенет, бөйрөктүн ич көң&shy;дөйү чоңоюп, кеңейе баштайт, бөйрөк ткандарына күч келип, ткандар ичкерет, бөйрөктүн көлөмү чоңоюп, суу капчасына айланат. Бөйрөк ишинин бузулушу бөйрөк гипертониясына алып келет. Өз учурунда дарыланбаса, сезгенген бөй&shy;рөк оорусу ириңдүү дартка айланып, бактерия&shy;лык шокко, кала берсе уросепсиске өтөт. Та&shy;барсыктагы таш анын былжыр челин сезген&shy;тип, заара ушаткысын келтирет, заара ушат&shy;канда ооруйт. Күч келгенде же басканда табар&shy;сыктын былжыр чели жараланып канайт да, зааранын түсү өзгөрүлөт (гематурия), заара чы&shy;гаруучу түтүккө таш туруп калганда, заара чык&shy;пай калат. Мындай учурда оорулуу кырынан жатып заара кылууга тийиш. Эки бөйрөктө же заара чыгуучу эки түтүктө тең таш болгондо, сийдик такыр чыкпайт (анурия). Зат алмашуу&shy;нун уу заттары организмге чогулуп, <i>уремияга</i> алып келет. Дарылоодо таштын чоңдугу, фор&shy;масы, орун алышы, бөйрөктүн иштеши эске алынат. Консервативдик ж-а хирургиялык жол м-н дарылайт. Анда диетанын мааниси зор. Аны врач таштын түрүнө жараша сунуш кылат.
<b type='title'>ЗААРА ЖОЛУНУН ТАШ ООРУСУ</b> – заара бөлүп чыгаруучу органдарда зааранын курамындагы заттардан ж-а туздардан, органикалык кошундулардан таш пайда болуучу өнөкөт оору. Ал жаш бала&shy;дан тартып, айрыкча 20–50 жаш куракта көп кездешет. Себептери – <i>бөйрөктүн</i> сезгениши, зааранын химиялык курамынын өзгөрүшү, канда фос&shy;фор, кальций туздарынын көбөйүшү, толук эри&shy;бей кристалл түрүнө айланышы, зат алмашуу&shy;нун бузулушу, зааранын бөлүнүп чыкпай бөй&shy;рөктө кармалышы, А, Д, Е витаминдеринин же&shy;тишсиздиги, ички <i>секреция бездеринин</i> оорула&shy;ры, климаттык шарттын организмге тийгизген терс таасири ж. б. Зааранын курамындагы туз&shy;дар негизинен бөйрөк аркылуу толук эриген түрдө бөлүнүп чыгат. Таш көбүнчө бөйрөк каналында пайда болуп, <i>бөйрөк</i> көңдөйүнө (күлтүгүнө) тү&shy;шүп, ошол жерде  кармалат, акырындык м-н чоңоёт же бөйрөк түтүгү аркылуу табарсыкка кетет. Кээде таш табарсыкта пайда болот. Бөйрөктө таш болгон&shy;до, бел катуу ооруйт, кээде ал жер муздап сай&shy;гылашат. Бөйрөктүн катуу оорушу денени ысы&shy;тып, чыйрыктырат, окшутуп, кустурушу да ык&shy;тымал. Зааранын түсү өзгөрүп, тез-тез заара кылат, оору бөйрөк туштан төмөн ич көңдөйү жакка, жука чурайга, жоон сандын ички бети&shy;не, сырткы жыныс мүчөсүнө чейин өтөт. Ай&shy;рыкча жаш балада, кээде улгайган адамда ич ооруларынын белгисине окшоп кетет. Оору узак&shy;ка созулса, ар кандай кабылдоого алып кели&shy;ши мүмкүн: бөйрөк сезгенет, бөйрөктүн ич көң&shy;дөйү чоңоюп, кеңейе баштайт, бөйрөк ткандарына күч келип, ткандар ичкерет, бөйрөктүн көлөмү чоңоюп, суу капчасына айланат. Бөйрөк ишинин бузулушу бөйрөк гипертониясына алып келет. Өз учурунда дарыланбаса, сезгенген бөй&shy;рөк оорусу ириңдүү дартка айланып, бактерия&shy;лык шокко, кала берсе уросепсиске өтөт. Та&shy;барсыктагы таш анын былжыр челин сезген&shy;тип, заара ушаткысын келтирет, заара ушат&shy;канда ооруйт. Күч келгенде же басканда табар&shy;сыктын былжыр чели жараланып канайт да, зааранын түсү өзгөрүлөт (гематурия), заара чы&shy;гаруучу түтүккө таш туруп калганда, заара чык&shy;пай калат. Мындай учурда оорулуу кырынан жатып заара кылууга тийиш. Эки бөйрөктө же заара чыгуучу эки түтүктө тең таш болгондо, сийдик такыр чыкпайт (анурия). Зат алмашуу&shy;нун уу заттары организмге чогулуп, <i>уремияга</i> алып келет. Дарылоодо таштын чоңдугу, фор&shy;масы, орун алышы, бөйрөктүн иштеши эске алынат. Консервативдик ж-а хирургиялык жол м-н дарылайт. Анда диетанын мааниси зор. Аны врач таштын түрүнө жараша сунуш кылат.
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]

06:20, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ЗААРА ЖОЛУНУН ТАШ ООРУСУ – заара бөлүп чыгаруучу органдарда зааранын курамындагы заттардан ж-а туздардан, органикалык кошундулардан таш пайда болуучу өнөкөт оору. Ал жаш бала­дан тартып, айрыкча 20–50 жаш куракта көп кездешет. Себептери – бөйрөктүн сезгениши, зааранын химиялык курамынын өзгөрүшү, канда фос­фор, кальций туздарынын көбөйүшү, толук эри­бей кристалл түрүнө айланышы, зат алмашуу­нун бузулушу, зааранын бөлүнүп чыкпай бөй­рөктө кармалышы, А, Д, Е витаминдеринин же­тишсиздиги, ички секреция бездеринин оорула­ры, климаттык шарттын организмге тийгизген терс таасири ж. б. Зааранын курамындагы туз­дар негизинен бөйрөк аркылуу толук эриген түрдө бөлүнүп чыгат. Таш көбүнчө бөйрөк каналында пайда болуп, бөйрөк көңдөйүнө (күлтүгүнө) тү­шүп, ошол жерде кармалат, акырындык м-н чоңоёт же бөйрөк түтүгү аркылуу табарсыкка кетет. Кээде таш табарсыкта пайда болот. Бөйрөктө таш болгон­до, бел катуу ооруйт, кээде ал жер муздап сай­гылашат. Бөйрөктүн катуу оорушу денени ысы­тып, чыйрыктырат, окшутуп, кустурушу да ык­тымал. Зааранын түсү өзгөрүп, тез-тез заара кылат, оору бөйрөк туштан төмөн ич көңдөйү жакка, жука чурайга, жоон сандын ички бети­не, сырткы жыныс мүчөсүнө чейин өтөт. Ай­рыкча жаш балада, кээде улгайган адамда ич ооруларынын белгисине окшоп кетет. Оору узак­ка созулса, ар кандай кабылдоого алып кели­ши мүмкүн: бөйрөк сезгенет, бөйрөктүн ич көң­дөйү чоңоюп, кеңейе баштайт, бөйрөк ткандарына күч келип, ткандар ичкерет, бөйрөктүн көлөмү чоңоюп, суу капчасына айланат. Бөйрөк ишинин бузулушу бөйрөк гипертониясына алып келет. Өз учурунда дарыланбаса, сезгенген бөй­рөк оорусу ириңдүү дартка айланып, бактерия­лык шокко, кала берсе уросепсиске өтөт. Та­барсыктагы таш анын былжыр челин сезген­тип, заара ушаткысын келтирет, заара ушат­канда ооруйт. Күч келгенде же басканда табар­сыктын былжыр чели жараланып канайт да, зааранын түсү өзгөрүлөт (гематурия), заара чы­гаруучу түтүккө таш туруп калганда, заара чык­пай калат. Мындай учурда оорулуу кырынан жатып заара кылууга тийиш. Эки бөйрөктө же заара чыгуучу эки түтүктө тең таш болгондо, сийдик такыр чыкпайт (анурия). Зат алмашуу­нун уу заттары организмге чогулуп, уремияга алып келет. Дарылоодо таштын чоңдугу, фор­масы, орун алышы, бөйрөктүн иштеши эске алынат. Консервативдик ж-а хирургиялык жол м-н дарылайт. Анда диетанын мааниси зор. Аны врач таштын түрүнө жараша сунуш кылат.