ЗААРА БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:ЗААРА БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМАСЫ3.png | thumb | none]] | [[File:ЗААРА БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМАСЫ3.png | thumb | none]] | ||
Организмге келген тамак заттары сиңүү процессинде ткань ж-а органдарда түрдүү химиялык бирикмелерге ажырап, ар кандай уу заттар пайда болот. Ошондуктан организм бул уу заттарды (аммиак, сүт кислотасы ж. б.) тынымсыз бөлүп чыгарып | Организмге келген тамак заттары сиңүү процессинде ткань ж-а органдарда түрдүү химиялык бирикмелерге ажырап, ар кандай уу заттар пайда болот. Ошондуктан организм бул уу заттарды (аммиак, сүт кислотасы ж. б.) тынымсыз бөлүп чыгарып турушу керек. Аны м-н кошо сууну, минерал туздарын чыгарып, канда ж-а ткан­дарда суу м-н тузду бир деңгээлде кармап турат (к. <i>Бөлүп чыгаруу системасы</i>). Алардын көбү заара бөлүп чыгаруучу органдар аркылуу сий­дик м-н кошо сыртка чыгат. Ал органдарга эки <i>бөйрөк,</i> бөйрөктөн табарсыкка сийдик агызуу­чу түтүк, <i>табарсык</i> ж-а заараны сыртка чыга­руучу түтүк кирет. Бөйрөк алгачкы ж-а акыр­кы сийдикти пайда кылат. Эркек м-н аялдын сийдикти сыртка агызуучу түтүгү анатомиялык түзүлүшү боюнча бири-биринен кыйла айырмаланат. Эркек­те табарсыктан башталып, сырткы жыныс мү­чөсүнүн башына чейин жетет (узундугу 16–18 <i>см</i>дей). Эркектин сийдик агызуучу түтүгү аркылуу жалаң гана заара эмес, жыныстык катнаш учурунда эркектин урук клеткасы – <i>сперматозоиди</i> агып чыгат. Аялдын сийдикти сыртка чыгаруучу түтү­гү кыска, узундугу 3–3,5 <i>см</i>дей болот. Заара ушатуу­ну татаал рефлекстер аркылуу мээ м-н жүлүн­дүн нерв борборлору жөнгө салат. Ал табарсык капталынын булчуңдары жыйрылганда, заара­ны сыртка агызуучу түтүктүн жылма булчуңу бошоңдогондо болот. Дени соо кишинин табар­сыгында 250–300 <i>мл</i> сийдик чогулганда, заара ушаткысы келет. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
06:16, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ЗААРА БӨЛҮП ЧЫГАРУУ СИСТЕМАСЫ– заара пайда кылып ж-а аны бөлүп чыгаруучу органдар.

Организмге келген тамак заттары сиңүү процессинде ткань ж-а органдарда түрдүү химиялык бирикмелерге ажырап, ар кандай уу заттар пайда болот. Ошондуктан организм бул уу заттарды (аммиак, сүт кислотасы ж. б.) тынымсыз бөлүп чыгарып турушу керек. Аны м-н кошо сууну, минерал туздарын чыгарып, канда ж-а ткандарда суу м-н тузду бир деңгээлде кармап турат (к. Бөлүп чыгаруу системасы). Алардын көбү заара бөлүп чыгаруучу органдар аркылуу сийдик м-н кошо сыртка чыгат. Ал органдарга эки бөйрөк, бөйрөктөн табарсыкка сийдик агызуучу түтүк, табарсык ж-а заараны сыртка чыгаруучу түтүк кирет. Бөйрөк алгачкы ж-а акыркы сийдикти пайда кылат. Эркек м-н аялдын сийдикти сыртка агызуучу түтүгү анатомиялык түзүлүшү боюнча бири-биринен кыйла айырмаланат. Эркекте табарсыктан башталып, сырткы жыныс мүчөсүнүн башына чейин жетет (узундугу 16–18 смдей). Эркектин сийдик агызуучу түтүгү аркылуу жалаң гана заара эмес, жыныстык катнаш учурунда эркектин урук клеткасы – сперматозоиди агып чыгат. Аялдын сийдикти сыртка чыгаруучу түтүгү кыска, узундугу 3–3,5 смдей болот. Заара ушатууну татаал рефлекстер аркылуу мээ м-н жүлүндүн нерв борборлору жөнгө салат. Ал табарсык капталынын булчуңдары жыйрылганда, заараны сыртка агызуучу түтүктүн жылма булчуңу бошоңдогондо болот. Дени соо кишинин табарсыгында 250–300 мл сийдик чогулганда, заара ушаткысы келет.