ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТА ТҮЗҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ТҮЗҮҮ ''' – жер бетиндеги аймактардын ''гидрогеологиялык картасын'' түзүү ж-а жалпы гидрогеологиялык шарттарын аныктоo үчүн талаада жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдүн жыйындысы. Г. к. т-дө топографиялык же геол. карталарга булактар, кудуктар, бургулоо көзөнөктөрү, саздар, дарыя-суулар, көлмөлөр ж. б-дын карталары, кесиндилери түшүрүлүп, суунун дебити, курамы ж. б. аныкталып, баяндамасы толук жазылат. Керек учурда бургулоо ж-а геофиз. иштер да жүргүзүлөт. Г. к. т-нүн негизги максаты – суу топтоочу катмарлардын санын, таралышын, жайгашуу шарттарын ж-а жер астындагы, жер үстүндөгү суулардын хим. курамын аныктоо. Карталар кичи масштабдагы (1:1 000 000 – 1:500 000), орто масштабдагы (1:200 000 – 1:100 000) ж-а ири масштабдагы (1:50 000 – 1:25 000 ж-а андан да чоӊ) болуп бөлүнөт. Азыркы учурда Г. к. т. комплекстүү түрдө (геол.-геоморфологиялык, инж.-геол. ж. б.) жүргүзүлөт.
'''ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ТҮЗҮҮ ''' – жер бетиндеги аймактардын ''гидрогеологиялык картасын'' түзүү жана жалпы гидрогеологиялык шарттарын аныктоo үчүн талаада жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдүн жыйындысы. Гидрогеологиялык карта түзүүдө топографиялык же геологиялык карталарга булактар, кудуктар, бургулоо көзөнөктөрү, саздар, дарыя-суулар, көлмөлөр жана башкалардын карталары, кесиндилери түшүрүлүп, суунун дебити, курамы ж. б. аныкталып, баяндамасы толук жазылат. Керек учурда бургулоо жана геофизикалык иштер да жүргүзүлөт. Гидрогеологиялык карта түзүүнүн негизги максаты – суу топтоочу катмарлардын санын, таралышын, жайгашуу шарттарын жана жер астындагы, жер үстүндөгү суулардын химиялык курамын аныктоо. Карталар кичи масштабдагы (1:1 000 000 – 1:500 000), орто масштабдагы (1:200 000 – 1:100 000) жана ири масштабдагы (1:50 000 – 1:25 000 жана андан да чоӊ) болуп бөлүнөт. Азыркы учурда гидрогеологиялык карта түзүү комплекстүү түрдө (геологиялык-геоморфологиялык, инженердик-геологиялык ж. б.) жүргүзүлөт.
<br/>''К. А. Кожобаев.''
 
<br />''К. А. Кожобаев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:14, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ТҮЗҮҮ – жер бетиндеги аймактардын гидрогеологиялык картасын түзүү жана жалпы гидрогеологиялык шарттарын аныктоo үчүн талаада жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдүн жыйындысы. Гидрогеологиялык карта түзүүдө топографиялык же геологиялык карталарга булактар, кудуктар, бургулоо көзөнөктөрү, саздар, дарыя-суулар, көлмөлөр жана башкалардын карталары, кесиндилери түшүрүлүп, суунун дебити, курамы ж. б. аныкталып, баяндамасы толук жазылат. Керек учурда бургулоо жана геофизикалык иштер да жүргүзүлөт. Гидрогеологиялык карта түзүүнүн негизги максаты – суу топтоочу катмарлардын санын, таралышын, жайгашуу шарттарын жана жер астындагы, жер үстүндөгү суулардын химиялык курамын аныктоо. Карталар кичи масштабдагы (1:1 000 000 – 1:500 000), орто масштабдагы (1:200 000 – 1:100 000) жана ири масштабдагы (1:50 000 – 1:25 000 жана андан да чоӊ) болуп бөлүнөт. Азыркы учурда гидрогеологиялык карта түзүү комплекстүү түрдө (геологиялык-геоморфологиялык, инженердик-геологиялык ж. б.) жүргүзүлөт.


К. А. Кожобаев.