ЖЫЛУУ-СУУ КҮМҮШ КЕНЧЕСИ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫЛУУ-СУУ КҮМҮШ КЕНЧЕСИ</b> | <b type='title'>ЖЫЛУУ-СУУ КҮМҮШ КЕНЧЕСИ</b> Баткен районунда, Түркстан кырка тоосунда жайгашкан. Сох суусунун баш жагында, деңиз деңгээлинен 3000–3500 <i>м</i> бийикте жайгашкан. 1983-жылы издөө иш­тери жүргүзүлгөн. Жогорку карбон конгломерат­тары жана ортоңку карбон сланецтери, алев­ролиттери, кумдуктары кездешет. Ортосунда узундугу 9 <i>км</i>ге жеткен минералдашкан тектоникалык аймак түндүк-батыш тарапка созулуп жатат. Анда кварц, кальцит, пирит, галенит жана халькопириттен турган уя сымал, пласт жана мамыча түрүндөгү кенташ тулкулары бар экени аныкталган. Кен­таштагы күмүштүн орточо өлчөмү 69,9 <i>г</i>/т. Күмүш­төн башка коргошун (5,28%), жез (1,74%) жана цинк (0,9%) кездешет. Кенташтагы металлдар­дын болжолдуу запасы: күмүш – 1213 т, корго­шун – 900 миң т, жез – 3 00 миң т, цинк – 156 миң т. Кен толук изилдөөнү талап кылат. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
09:18, 12 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
ЖЫЛУУ-СУУ КҮМҮШ КЕНЧЕСИ Баткен районунда, Түркстан кырка тоосунда жайгашкан. Сох суусунун баш жагында, деңиз деңгээлинен 3000–3500 м бийикте жайгашкан. 1983-жылы издөө иштери жүргүзүлгөн. Жогорку карбон конгломераттары жана ортоңку карбон сланецтери, алевролиттери, кумдуктары кездешет. Ортосунда узундугу 9 кмге жеткен минералдашкан тектоникалык аймак түндүк-батыш тарапка созулуп жатат. Анда кварц, кальцит, пирит, галенит жана халькопириттен турган уя сымал, пласт жана мамыча түрүндөгү кенташ тулкулары бар экени аныкталган. Кенташтагы күмүштүн орточо өлчөмү 69,9 г/т. Күмүштөн башка коргошун (5,28%), жез (1,74%) жана цинк (0,9%) кездешет. Кенташтагы металлдардын болжолдуу запасы: күмүш – 1213 т, коргошун – 900 миң т, жез – 3 00 миң т, цинк – 156 миң т. Кен толук изилдөөнү талап кылат.