ИШЕНОВ: нускалардын айырмасы
м (Lera moved page ИШЕНОВ to ИШЕНОВ Сагынбек) |
м (Temirkan moved page ИШЕНОВ Сагынбек to ИШЕНОВ over redirect) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИШЕНОВ</b> Сагынбек (5. 4. 1934-жылы туулган, Чүй облусу, Чүй району, Бурана кыштагы – 27. 6. 2024, Чүй району, Дөң-Арык кыштагы) – кино сүрөтчү, кино­режиссёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992). 1961-жылы Бүткүл союздук кинематография институтун бүтүргөн. СССР кинематографисттер союзу­нун (1966), СССР сүрөтчүлөр союзунун (1967) мүчөсү. | <b type='title'>ИШЕНОВ</b> '''Сагынбек''' (5. 4. 1934-жылы туулган, Чүй облусу, Чүй району, Бурана кыштагы – 27. 6. 2024, Чүй району, Дөң-Арык кыштагы) – кино сүрөтчү, кино­режиссёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992). 1961-жылы Бүткүл союздук кинематография институтун бүтүргөн. СССР кинематографисттер союзу­нун (1966), СССР сүрөтчүлөр союзунун (1967) мүчөсү. | ||
[[File:ИШЕНОВ19.png | thumb | none]] | [[File:ИШЕНОВ19.png | thumb | none]] | ||
«Кыргызфильм» киносту­диясында тартылган «Ба­кайдын жайыты» (1966), «Уркуя» (1971), «Ташка бат­кан элестер» (1974), «Сыпай­чы» (1976) көркөм тасмаларынын сүрөтчү-коюучусу. 1962-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көр­гөзмөлөргө катышкан. 1967-жылы Орто Азия респ­убликаларынын жана Казакстандын фильмдеринин кароосунда «Бакайдын жайыты» тасмасы үчүн Ишенов «Чоң тоо хрусталы» аттуу 1-байге, Франк­фурт-на-Майнедеги эл аралык фестивалда Ар­дак диплом, Италиянын Триест шаарында «Алтын альп бутагы» (1969) менен сыйланган. 1970-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында Ишенов жетектеген сүрөтчүлөр тобу кыргыздын туңгуч «Сандар­дын чатагы» анимациялык фильмин чыгар­ган. | «Кыргызфильм» киносту­диясында тартылган «Ба­кайдын жайыты» (1966), «Уркуя» (1971), «Ташка бат­кан элестер» (1974), «Сыпай­чы» (1976) көркөм тасмаларынын сүрөтчү-коюучусу. 1962-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көр­гөзмөлөргө катышкан. 1967-жылы Орто Азия респ­убликаларынын жана Казакстандын фильмдеринин кароосунда «Бакайдын жайыты» тасмасы үчүн Ишенов «Чоң тоо хрусталы» аттуу 1-байге, Франк­фурт-на-Майнедеги эл аралык фестивалда Ар­дак диплом, Италиянын Триест шаарында «Алтын альп бутагы» (1969) менен сыйланган. 1970-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында Ишенов жетектеген сүрөтчүлөр тобу кыргыздын туңгуч «Сандар­дын чатагы» анимациялык фильмин чыгар­ган. | ||
08:13, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИШЕНОВ Сагынбек (5. 4. 1934-жылы туулган, Чүй облусу, Чүй району, Бурана кыштагы – 27. 6. 2024, Чүй району, Дөң-Арык кыштагы) – кино сүрөтчү, кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992). 1961-жылы Бүткүл союздук кинематография институтун бүтүргөн. СССР кинематографисттер союзунун (1966), СССР сүрөтчүлөр союзунун (1967) мүчөсү.

«Кыргызфильм» киностудиясында тартылган «Бакайдын жайыты» (1966), «Уркуя» (1971), «Ташка баткан элестер» (1974), «Сыпайчы» (1976) көркөм тасмаларынын сүрөтчү-коюучусу. 1962-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөргө катышкан. 1967-жылы Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын фильмдеринин кароосунда «Бакайдын жайыты» тасмасы үчүн Ишенов «Чоң тоо хрусталы» аттуу 1-байге, Франкфурт-на-Майнедеги эл аралык фестивалда Ардак диплом, Италиянын Триест шаарында «Алтын альп бутагы» (1969) менен сыйланган. 1970-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында Ишенов жетектеген сүрөтчүлөр тобу кыргыздын туңгуч «Сандардын чатагы» анимациялык фильмин чыгарган.

Ишеновдун станоктук живопистеги: «Чоң салгылашуудан кийин» (1968), «Эркин-Тоо» (1969), «Алыскы айылга шам» (1971), «Узак жол» (1975), «Жаңы турмуш үчүн» (1977) жана башка эмгектеринде революциялык-жарандык тематика курч берилген. «Кызыл өгүз, көк соко» аттуу сүрөтү Третьяков галереясында, ошондой эле живопистик чыгармалары Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин фондунда сакталууда.