КАЛАХАРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЛАХА́РИ</b> ( | <b type='title'>КАЛАХА́РИ</b> (жергиликтүү тилде карри-карри – азап­-тозок) – Түштүк Африканын борбордук бөлүгүндөгү та­бигый аймак; негизинен Ботсвананын, ошондой эле Ангола, Замбия, Намибия, Зимбабве ж-а ТАРдын аймактарында. Геоморфологиялык жактан алап тибиндеги зор ойдуң, аянты 2,5 млн <i>км</i><sup>2</sup>. Чы­гышынан Дракондун этек тоолору м-н чекте­шип, батышында тепкичтүү Намибия платосу­на акырындап өтөт. Түндүк чек арасы шарттуу түрдө Конго ж-а Замбези дарыяларынын суу бөлгүчү бол­гон плато, түштүгү Оранж дарыясынын өрөөнү аркы­луу өтөт. Кээде «Калахари» деп ойдуңдун эң кургак­чыл болгон борбордук ж-а түштүк бөлүктөрү (аянты 0,9 млн <i>км</i><sup>2</sup>) гана айтылат. Бийик түздүктөрү (бийиктиги 900–1000 <i>м</i>) плейстоцендин кургакчыл мезгилинде пайда болгон кызгылт ж-а агыш кумдуу дюналар (кум дөбөлөр; бийиктиги түштүгү м-н түш.-батышында 100 <i>м</i>ге жетет) м-н кап­талган. Бардык жеринде таманы жайык чакан оёңчолор, борбордук ж-а түштүк бөлүктөрүндө шортоң жерлер кеңири таралган. Басымдуу бөлүгүнүн климаты тропиктик континенттик, Замбезиден түндүктө субэкватордук. Январдын орточо темп­расы 24–27°С (түштүк-батышында 30°С), июлдуку 12–18°С (түштүк четинде 9°С). Жылдык жаан-ча­чыны түштүгүндө 150 <i>мм</i>ден түндүгүндө 800 <i>мм</i>ге чейин. Аймагынын басымдуу бөлүгү (Замбези ж-а Оранж дарыялары агып өткөн түндүк ж-а түштүк чет­жакаларынан башкасы) ички агымдар алапта­рына кирет; мындагы туруктуу аккан жалгыз дарыясы – Окаванго. Замбези дарыясынан түндүктө феррозём топурагында саванна сымал миомбо суйдаң токою, родезия тикасынан турган сей­рек токой таралган. Борбордук бөлүгүндө кумдуу кызыл топурактарда чөлдөшкөн саванна, түштүк- батышында кумдуу жарым чөл басымдуу. Калахаринин аймагынын басымдуу бөлүгү жайыт, айрым жер­леринде кен (анын ичинде алмаз ж. б.) казылып алы­нат. Калахаринин аянтынын <sup>1</sup>/5 бөлүгүнүн табияты коргоого алынган; белгилүү улуттук парктары: Галагади (Ботсвана, ТАР), Сентрал-Калахари ж-а Макгадикгади (Ботсвана), Этоша (Намибия). | ||
чейин. Аймагынын басымдуу бөлүгү (Замбези ж-а Оранж | |||
бөлүгүнүн табияты | |||
коргоого алынган; белгилүү улуттук парктары: Галагади (Ботсвана, ТАР), Сентрал-Калахари ж-а Макгадикгади (Ботсвана), Этоша (Намибия). | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
03:51, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЛАХА́РИ (жергиликтүү тилде карри-карри – азап-тозок) – Түштүк Африканын борбордук бөлүгүндөгү табигый аймак; негизинен Ботсвананын, ошондой эле Ангола, Замбия, Намибия, Зимбабве ж-а ТАРдын аймактарында. Геоморфологиялык жактан алап тибиндеги зор ойдуң, аянты 2,5 млн км2. Чыгышынан Дракондун этек тоолору м-н чектешип, батышында тепкичтүү Намибия платосуна акырындап өтөт. Түндүк чек арасы шарттуу түрдө Конго ж-а Замбези дарыяларынын суу бөлгүчү болгон плато, түштүгү Оранж дарыясынын өрөөнү аркылуу өтөт. Кээде «Калахари» деп ойдуңдун эң кургакчыл болгон борбордук ж-а түштүк бөлүктөрү (аянты 0,9 млн км2) гана айтылат. Бийик түздүктөрү (бийиктиги 900–1000 м) плейстоцендин кургакчыл мезгилинде пайда болгон кызгылт ж-а агыш кумдуу дюналар (кум дөбөлөр; бийиктиги түштүгү м-н түш.-батышында 100 мге жетет) м-н капталган. Бардык жеринде таманы жайык чакан оёңчолор, борбордук ж-а түштүк бөлүктөрүндө шортоң жерлер кеңири таралган. Басымдуу бөлүгүнүн климаты тропиктик континенттик, Замбезиден түндүктө субэкватордук. Январдын орточо темпрасы 24–27°С (түштүк-батышында 30°С), июлдуку 12–18°С (түштүк четинде 9°С). Жылдык жаан-чачыны түштүгүндө 150 ммден түндүгүндө 800 ммге чейин. Аймагынын басымдуу бөлүгү (Замбези ж-а Оранж дарыялары агып өткөн түндүк ж-а түштүк четжакаларынан башкасы) ички агымдар алаптарына кирет; мындагы туруктуу аккан жалгыз дарыясы – Окаванго. Замбези дарыясынан түндүктө феррозём топурагында саванна сымал миомбо суйдаң токою, родезия тикасынан турган сейрек токой таралган. Борбордук бөлүгүндө кумдуу кызыл топурактарда чөлдөшкөн саванна, түштүк- батышында кумдуу жарым чөл басымдуу. Калахаринин аймагынын басымдуу бөлүгү жайыт, айрым жерлеринде кен (анын ичинде алмаз ж. б.) казылып алынат. Калахаринин аянтынын 1/5 бөлүгүнүн табияты коргоого алынган; белгилүү улуттук парктары: Галагади (Ботсвана, ТАР), Сентрал-Калахари ж-а Макгадикгади (Ботсвана), Этоша (Намибия).