КАЛАХАРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАЛАХА&#769;РИ</b> (жерг. тилде карри-карри – азап&shy;тозок) – Түш. Африканын борб. бөлүгүндөгү та&shy;бигый аймак; негизинен Ботсвананын, о. эле Ангола, Замбия, Намибия, Зимбабве ж-а ТАР-дын аймактарында. Геоморфол. жактан алап тибиндеги зор ойдуң, аянты 2,5 млн <i>км</i><sup>2</sup>. Чы&shy;гышынан Дракондун этек тоолору м-н чекте&shy;шип, батышында тепкичтүү Намибия платосу&shy;на акырындап өтөт. Түн. чек арасы шарттуу түрдө Конго ж-а Замбези д-нын суу бөлгүчү бол&shy;гон плато, түштүгү Оранж д-нын өрөөнү аркы&shy;луу өтөт. Кээде «К.» деп ойдуңдун эң кургак&shy;чыл болгон борб. ж-а түш. бөлүктөрү (аянты 0,9 млн <i>км</i><sup>2</sup>) гана айтылат. Бийик түздүктөрү (бийикт. 900–1000 <i>м</i>) плейстоцендин кургакчыл мезгилинде пайда болгон кызгылт ж-а агыш кумдуу дюналар (кум дөбөлөр; бийикт. түштүгү м-н түш.-батышында 100 <i>м</i>ге жетет) м-н кап&shy;талган. Бардык жеринде таманы жайык чакан оёңчолор, борб. ж-а түш. бөлүктөрүндө шортоң жерлер кеңири таралган. Басымдуу бөлүгүнүн климаты тропиктик континенттик, Замбезиден түндүктө субэкватордук. Январдын орт. темп&shy;расы 24–27°С (түш.-батышында 30°С), июлдуку 12–18°С (түш. четинде 9°С). Жылдык жаан-ча&shy;чыны түштүгүндө 150 <i>мм</i>ден түндүгүндө 800 <i>мм</i>ге
<b type='title'>КАЛАХА&#769;РИ</b> (жергиликтүү тилде карри-карри – азап&shy;-тозок) – Түштүк Африканын борбордук бөлүгүндөгү та&shy;бигый аймак; негизинен Ботсвананын, ошондой эле Ангола, Замбия, Намибия, Зимбабве ж-а ТАРдын аймактарында. Геоморфологиялык жактан алап тибиндеги зор ойдуң, аянты 2,5 млн <i>км</i><sup>2</sup>. Чы&shy;гышынан Дракондун этек тоолору м-н чекте&shy;шип, батышында тепкичтүү Намибия платосу&shy;на акырындап өтөт. Түндүк чек арасы шарттуу түрдө Конго ж-а Замбези дарыяларынын суу бөлгүчү бол&shy;гон плато, түштүгү Оранж дарыясынын өрөөнү аркы&shy;луу өтөт. Кээде «Калахари» деп ойдуңдун эң кургак&shy;чыл болгон борбордук ж-а түштүк бөлүктөрү (аянты 0,9 млн <i>км</i><sup>2</sup>) гана айтылат. Бийик түздүктөрү (бийиктиги 900–1000 <i>м</i>) плейстоцендин кургакчыл мезгилинде пайда болгон кызгылт ж-а агыш кумдуу дюналар (кум дөбөлөр; бийиктиги түштүгү м-н түш.-батышында 100 <i>м</i>ге жетет) м-н кап&shy;талган. Бардык жеринде таманы жайык чакан оёңчолор, борбордук ж-а түштүк бөлүктөрүндө шортоң жерлер кеңири таралган. Басымдуу бөлүгүнүн климаты тропиктик континенттик, Замбезиден түндүктө субэкватордук. Январдын орточо темп&shy;расы 24–27°С (түштүк-батышында 30°С), июлдуку 12–18°С (түштүк четинде 9°С). Жылдык жаан-ча&shy;чыны түштүгүндө 150 <i>мм</i>ден түндүгүндө 800 <i>мм</i>ге чейин. Аймагынын басымдуу бөлүгү (Замбези ж-а Оранж дарыялары агып өткөн түндүк ж-а түштүк чет&shy;жакаларынан башкасы) ички агымдар алапта&shy;рына кирет; мындагы туруктуу аккан жалгыз дарыясы – Окаванго. Замбези дарыясынан түндүктө феррозём топурагында саванна сымал миомбо суйдаң токою, родезия тикасынан турган сей&shy;рек токой таралган. Борбордук бөлүгүндө кумдуу кызыл топурактарда чөлдөшкөн саванна, түштүк- батышында кумдуу жарым чөл басымдуу. Калахаринин аймагынын басымдуу бөлүгү жайыт, айрым жер&shy;леринде кен (анын ичинде алмаз ж. б.) казылып алы&shy;нат. Калахаринин аянтынын <sup>1</sup>/5 бөлүгүнүн табияты коргоого алынган; белгилүү улуттук парктары: Галагади (Ботсвана, ТАР), Сентрал-Калахари ж-а Макгадикгади (Ботсвана), Этоша (Намибия).
чейин. Аймагынын басымдуу бөлүгү (Замбези ж-а Оранж д. агып өткөн түн. ж-а түш. чет&shy;жакаларынан башкасы) ички агымдар алапта&shy;рына кирет; мындагы туруктуу аккан жалгыз дарыясы – Окаванго. Замбези д-нан түндүктө феррозём топурагында саванна сымал миомбо суйдаң токою, родезия тикасынан турган сей&shy;рек токой таралган. Борб. бөлүгүндө кумдуу кызыл топурактарда чөлдөшкөн саванна, түш.- батышында кумдуу жарым чөл басымдуу. К-нин аймагынын басымдуу бөлүгү жайыт, айрым жер&shy;леринде кен (а. и. алмаз ж. б.) казылып алы&shy;нат. К-нин аянтынын <sup>1</sup>/
бөлүгүнүн табияты
коргоого алынган; белгилүү улуттук парктары: Галагади (Ботсвана, ТАР), Сентрал-Калахари ж-а Макгадикгади (Ботсвана), Этоша (Намибия).
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]

03:51, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

КАЛАХА́РИ (жергиликтүү тилде карри-карри – азап­-тозок) – Түштүк Африканын борбордук бөлүгүндөгү та­бигый аймак; негизинен Ботсвананын, ошондой эле Ангола, Замбия, Намибия, Зимбабве ж-а ТАРдын аймактарында. Геоморфологиялык жактан алап тибиндеги зор ойдуң, аянты 2,5 млн км2. Чы­гышынан Дракондун этек тоолору м-н чекте­шип, батышында тепкичтүү Намибия платосу­на акырындап өтөт. Түндүк чек арасы шарттуу түрдө Конго ж-а Замбези дарыяларынын суу бөлгүчү бол­гон плато, түштүгү Оранж дарыясынын өрөөнү аркы­луу өтөт. Кээде «Калахари» деп ойдуңдун эң кургак­чыл болгон борбордук ж-а түштүк бөлүктөрү (аянты 0,9 млн км2) гана айтылат. Бийик түздүктөрү (бийиктиги 900–1000 м) плейстоцендин кургакчыл мезгилинде пайда болгон кызгылт ж-а агыш кумдуу дюналар (кум дөбөлөр; бийиктиги түштүгү м-н түш.-батышында 100 мге жетет) м-н кап­талган. Бардык жеринде таманы жайык чакан оёңчолор, борбордук ж-а түштүк бөлүктөрүндө шортоң жерлер кеңири таралган. Басымдуу бөлүгүнүн климаты тропиктик континенттик, Замбезиден түндүктө субэкватордук. Январдын орточо темп­расы 24–27°С (түштүк-батышында 30°С), июлдуку 12–18°С (түштүк четинде 9°С). Жылдык жаан-ча­чыны түштүгүндө 150 ммден түндүгүндө 800 ммге чейин. Аймагынын басымдуу бөлүгү (Замбези ж-а Оранж дарыялары агып өткөн түндүк ж-а түштүк чет­жакаларынан башкасы) ички агымдар алапта­рына кирет; мындагы туруктуу аккан жалгыз дарыясы – Окаванго. Замбези дарыясынан түндүктө феррозём топурагында саванна сымал миомбо суйдаң токою, родезия тикасынан турган сей­рек токой таралган. Борбордук бөлүгүндө кумдуу кызыл топурактарда чөлдөшкөн саванна, түштүк- батышында кумдуу жарым чөл басымдуу. Калахаринин аймагынын басымдуу бөлүгү жайыт, айрым жер­леринде кен (анын ичинде алмаз ж. б.) казылып алы­нат. Калахаринин аянтынын 1/5 бөлүгүнүн табияты коргоого алынган; белгилүү улуттук парктары: Галагади (Ботсвана, ТАР), Сентрал-Калахари ж-а Макгадикгади (Ботсвана), Этоша (Намибия).