КАКШААЛ ТОО ТИЗМЕГИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАКШААЛ ТОО ТИЗМЕГИ</b> Теңир-Тоонун түштүгүндө, | <b type='title'>КАКШААЛ ТОО ТИЗМЕГИ</b> Теңир-Тоонун түштүгүндө, Кыргызстан м-н Кытайдын чек арасы боюнча 582 <i>км</i>ге созулуп жатат. Эң жазы жери 54 <i>км</i>. Орточо бийиктиги 4500 <i>м</i>. Эң бийик чокулары: Же­ңиш (7439 <i>м</i>) ж-а Аскер топографтары (6873 <i>м</i>). Орографиясы жагынан 3 бөлүктөн турат: чы­гышы Боз-Кыр деп аталып, Сары-Жаз капчы­гайына чейин созулат, айрыктары: Кайыңды, | ||
Орографиясы жагынан 3 бөлүктөн турат: чы­гышы Боз-Кыр деп аталып, Сары-Жаз капчы­гайына чейин созулат, айрыктары: Кайыңды, | |||
[[File:КАКШААЛ ТОО ТИЗМЕГИ125.png | thumb | none]] | [[File:КАКШААЛ ТОО ТИЗМЕГИ125.png | thumb | none]] | ||
Көйкап, Май-Баш. Ортоңку бөлүгү Кара-Ичке- Тоо, Ак-Зоо, Жангарт, Үч-Чоку, Кайчы тооло­рунан турат. Батышы Кара-Кыр, Торугарт ж. б. тоо тармактары кошулуп, Ак-Сай өрөөнүн көз­дөй жапыздайт. | Көйкап, Май-Баш. Ортоңку бөлүгү Кара-Ичке- Тоо, Ак-Зоо, Жангарт, Үч-Чоку, Кайчы тооло­рунан турат. Батышы Кара-Кыр, Торугарт ж. б. тоо тармактары кошулуп, Ак-Сай өрөөнүн көз­дөй жапыздайт. Какшаал тоо тизмегинин түштүк бети тик (50– 60°), түндүк бети жантайыңкы (30–40°). Жондору кырдуу, аркайган чокулары көп. Капталдары капчыгайлар м-н тилмеленип, көбүнчө зоока­луу. Негизги ашуулары: Бедел, Көк-Ирим, Би­киртик, Кайчы, Кара-Бел, Ак-Өгүз, Суук-Төр (4200 <i>м</i>). Сырт рельефи – айдөөш беттер; жан­тайыңкы тегиздиктер да кезигет ( борбордук бөлүгүндө). Какшаал тоо тизмеги – Түштүк Теңир-Тоонун чегин­де жайгашып, структурасы боюнча герцин бүктө­лүүсүндө пайда болгон ж-а түндүк-чыгышка карай багытталып жаткан мегантиклиналдык түзү­лүш. Неоген – төртүнчүлүк мезгилинде көтөрү­лүп, бийик чокулар пайда болгон. Негизинен палеозойдун (силур-карбон мезгилдери) акиташ теги, алевролит, кумдук, конгломерат ж-а чо­полуу сланецтерден түзүлгөн. Аларды гранит, гранит-сиенит ж-а сиенит интрузиялары жиреп чыккан, ошондой эле пегматит, аплит, роговик ж-а скарндар кеңири тараган. Какшаалда негизинен калай, сейрек кездешүүчү металлдар ж. б. кен­дер белгилүү. Курулуш материалдары көп; ми­нералдуу арашан суулар да чыгат. Байыркы мөңгүлөрдүн изи сакталган. Мөңгүлөрдүн тара­лышы жагынан Кан-Теңирден кийин 2-орунда. Ирилери борборунда ж-а чыгышында жайгаш­кан. Жалпы аянты 983 <i>км</i><sup>2 </sup>(<i>Комаров мөңгүсү</i>, 29,8 <i>км</i><sup>2</sup>). Түндүк беттеринде мөңгүнүн учу 3800 <i>м</i> бийикке чейин түшөт. Кар чеги 4400–4500 <i>м</i> бийикте. Ландшафттары ар кыл: сырт талаасы (2800–3100 <i>м</i> бийикте; бетеге, кара кыяк, ак сокто ж. б.); альп шалбаасы (3100–3500 <i>м</i>; бе­теге, түркстан сулусу, тоо сойгок ж. б.); субни­валдык суук талаа (3400–3800 <i>м</i>; жер жаздык, хризантема, альфердия ж. б.); гляциалдык-ни­валдык алкагы (3800 <i>м</i>ден жогору), өрөөндөргө кургак талаа ж-а шалбаалуу талаа ландшафт­тары мүнөздүү. Сары-Жаз капчыгайынан батыш­ты карай жайкы ж-а кышкы жайыт катары пайдаланат. Экологиялык тазалыгы сакталган. | ||
багытталып | |||
чыккан, | |||
бийикте. Ландшафттары ар кыл: сырт талаасы (2800–3100 <i>м</i> бийикте; бетеге, кара кыяк, ак сокто ж. б.); альп шалбаасы (3100–3500 <i>м</i>; бе­теге, түркстан сулусу, тоо сойгок ж. б.); субни­валдык суук талаа (3400–3800 <i>м</i>; жер жаздык, хризантема, альфердия ж. б.); гляциалдык-ни­валдык алкагы (3800 <i>м</i>ден жогору), өрөөндөргө кургак талаа ж-а шалбаалуу талаа ландшафт­тары мүнөздүү. Сары-Жаз капчыгайынан батыш­ты карай жайкы ж-а кышкы жайыт катары пайдаланат. | |||
Ад.: <i>Шульц С. С.</i> Анализ новейшей тектоники и рельеф Тянь-Шаня («Записки Всесоюзного Географи­ческого общества», Новая серия, Т. 3). М., 1948; Природа Киргизии. Ф., 1962; <i>Исаев Д. И. и др.</i> Рельеф Киргизии. Ф., 1964; <i>Чупахин В. М.</i> Физическая география Тянь-Шаня. А.-А., 1964; <i>Орозгожоев Б. О.</i> При­рода высокогорных пастбищ Внутренного Тянь-Шаня.<br>Ф., 1968; Геология СССР, Т. 25, кн. 1–2, М., 1972. | |||
<br> | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
05:34, 9 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАКШААЛ ТОО ТИЗМЕГИ Теңир-Тоонун түштүгүндө, Кыргызстан м-н Кытайдын чек арасы боюнча 582 кмге созулуп жатат. Эң жазы жери 54 км. Орточо бийиктиги 4500 м. Эң бийик чокулары: Жеңиш (7439 м) ж-а Аскер топографтары (6873 м). Орографиясы жагынан 3 бөлүктөн турат: чыгышы Боз-Кыр деп аталып, Сары-Жаз капчыгайына чейин созулат, айрыктары: Кайыңды,

Көйкап, Май-Баш. Ортоңку бөлүгү Кара-Ичке- Тоо, Ак-Зоо, Жангарт, Үч-Чоку, Кайчы тоолорунан турат. Батышы Кара-Кыр, Торугарт ж. б. тоо тармактары кошулуп, Ак-Сай өрөөнүн көздөй жапыздайт. Какшаал тоо тизмегинин түштүк бети тик (50– 60°), түндүк бети жантайыңкы (30–40°). Жондору кырдуу, аркайган чокулары көп. Капталдары капчыгайлар м-н тилмеленип, көбүнчө зоокалуу. Негизги ашуулары: Бедел, Көк-Ирим, Бикиртик, Кайчы, Кара-Бел, Ак-Өгүз, Суук-Төр (4200 м). Сырт рельефи – айдөөш беттер; жантайыңкы тегиздиктер да кезигет ( борбордук бөлүгүндө). Какшаал тоо тизмеги – Түштүк Теңир-Тоонун чегинде жайгашып, структурасы боюнча герцин бүктөлүүсүндө пайда болгон ж-а түндүк-чыгышка карай багытталып жаткан мегантиклиналдык түзүлүш. Неоген – төртүнчүлүк мезгилинде көтөрүлүп, бийик чокулар пайда болгон. Негизинен палеозойдун (силур-карбон мезгилдери) акиташ теги, алевролит, кумдук, конгломерат ж-а чополуу сланецтерден түзүлгөн. Аларды гранит, гранит-сиенит ж-а сиенит интрузиялары жиреп чыккан, ошондой эле пегматит, аплит, роговик ж-а скарндар кеңири тараган. Какшаалда негизинен калай, сейрек кездешүүчү металлдар ж. б. кендер белгилүү. Курулуш материалдары көп; минералдуу арашан суулар да чыгат. Байыркы мөңгүлөрдүн изи сакталган. Мөңгүлөрдүн таралышы жагынан Кан-Теңирден кийин 2-орунда. Ирилери борборунда ж-а чыгышында жайгашкан. Жалпы аянты 983 км2 (Комаров мөңгүсү, 29,8 км2). Түндүк беттеринде мөңгүнүн учу 3800 м бийикке чейин түшөт. Кар чеги 4400–4500 м бийикте. Ландшафттары ар кыл: сырт талаасы (2800–3100 м бийикте; бетеге, кара кыяк, ак сокто ж. б.); альп шалбаасы (3100–3500 м; бетеге, түркстан сулусу, тоо сойгок ж. б.); субнивалдык суук талаа (3400–3800 м; жер жаздык, хризантема, альфердия ж. б.); гляциалдык-нивалдык алкагы (3800 мден жогору), өрөөндөргө кургак талаа ж-а шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Сары-Жаз капчыгайынан батышты карай жайкы ж-а кышкы жайыт катары пайдаланат. Экологиялык тазалыгы сакталган.
Ад.: Шульц С. С. Анализ новейшей тектоники и рельеф Тянь-Шаня («Записки Всесоюзного Географического общества», Новая серия, Т. 3). М., 1948; Природа Киргизии. Ф., 1962; Исаев Д. И. и др. Рельеф Киргизии. Ф., 1964; Чупахин В. М. Физическая география Тянь-Шаня. А.-А., 1964; Орозгожоев Б. О. Природа высокогорных пастбищ Внутренного Тянь-Шаня.
Ф., 1968; Геология СССР, Т. 25, кн. 1–2, М., 1972.